Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:40

Европада катаал карантин башталды


Прагада туристтик жайлар ээнсиреп калды.
Прагада туристтик жайлар ээнсиреп калды.

Францияда коронавируска байланыштуу 17-марттан тартып катаал карантин башталды.

Президент Эммануэл Макрон сырткы чек арасын жаап, өлкө ичинде ара-бери жүрүүгө да чектөө киргизди. Ал соңку жагдайды «согушка» теңеди.

Германиянын канцлери Ангела Меркел да жарандарын өз өлкөсүндө жана чет өлкөлөргө сапарга чыкпай турууга чакырды. Анын алдында «Чоң жетиге» кирген өлкөлөр телеконференция аркылуу жыйын куруп, илдетке каршы чогуу-чаран күрөшүү жолдорун талкуулады.

Францияда катаал карантин 17-марттан тартып 15 күнгө созулмакчы. Президент Эммануэл Макрон соңку кайрылуусунда мындан ары зарылчылык жок болсо жарандарга сыртка чыгууга тыюу салынарын эскертти. Буга байланыштуу жоопкерчилик каралганын айтты:

Эммануэл Макрон.
Эммануэл Макрон.

«Франциянын бардык аймагында зарыл болгондо гана, маселен азык-түлүк сатып алыш керек болсо гана сыртка чыгууга болот. Ошондой эле жарандардын ортосундагы бир метр аралык сакталышы керек. Кол алышып көрүшүп, кучакташып учурашууга болбойт. Дары-дармек сатып алуу зарылчылыгы болсо, үйдөн иштөөгө мүмкүн болбой жумушка барыш керек болсо албетте, сыртка чыгууга болот. Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо максатында да эшикке чыгууга болот. Бирок достор, туугандар менен көрүшүүгө болбойт».

Эммануэл Макрон ошондой эле карантин маалында газдын, электр жарыгынын жана суунун акысы, үйдүн ижара акысы убактылуу токтотуларын билдирди. Францияда реформалардын баары, анын ичинде пенсиялык реформа да кийинкиге калды. Андан сырткары муниципалдык шайлоолордун экинчи айлампасынын мөөнөтү да жылдырылды.

Францияда соңку бир күндүн ичинде бул илдет 1,2 миң адамдан табылды жана ооругандардын саны 6,5 миң адамдан ашты. Коронавирус 150дөй адамдын өмүрүн жалмады.

Франция Европа Биримдигинин жана Шенген аймагынын өзү тараптагы сырткы чек араларын 30 күнгө жапты. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен да Еврошаркеттин бардык чек араларын бир айга убактылуу жабууну сунуш кылган эле. Ал бул тууралуу дүйшөмбүдө «Чоң жетиге» кирген өлкөлөрдүн лидерлеринин жыйынынан кийин билдирди:

Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

«Мен жаңы эле «Чоң жетидеги» өнөктөштөрүбүзгө кабарлагандай, биздин уюмдагы мамлекеттерге жана өкмөттөргө Европа Биримдигине өтө зарыл болбогон каттоолорду чектөөнү сунуш кылдым. Мындай чектөө 30 күнгө чейин созулуп, керек болгон учурда мөөнөтү дагы узарышы мүмкүн. Биз ошондой эле медициналык каражаттарды, тез бузулуп кете турган азык-түлүктү жана тамак-ашты ташып келүү үзгүлтүккө учурабашы үчүн жашыл тилкелерди түзүүнү да сунуш кылабыз».

Буга чейин Италия менен Испания да катаал чараларды көргөн. Италияда ооругандардын саны 25 миң адамдан ашты. Испанияда илдет 8 миң кишиден табылды. Германияда ооругандардын саны 7 миңден ашты жана бери дегенде 17 киши көз жумду.

Германиянын канцлери Ангела Меркел да коронавирска каршы күрөшкө байланыштуу чаралар күчөтүлгөнүн билдирген. Ага ылайык, жарандардын өлкө ичинде ары-бери жүрүшүнө чектөө киргизилди. Сыртка чыгууга да убактылуу тыюу салынды. Өлкө аймагындагы тамак-аш саткан дүкөндөрдөн, дарыканалардан башка соода, тамактануучу жана оюн-зоок жайлары жабылды. Ошондой эле мектептер, университеттер, спорт клубдары жана башка жайлар да убактылуу иштебейт.

Өткөн аптада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европа оорунун очогуна айланганын жарыялаган жана ооругандардын, илдеттен ажал тапкандардын саны көбөйүшү ыктымал экенин эскерткен. Учурда алгач Кытайдан тараган бул оору дүйнөнүн 160тай өлкөсүндө катталды. Жалпысынан ооругандардын саны 180 миң кишиден ашты, өпкөнү сезгенткен мындай илдет жети миңдей адамдын өмүрүн кыйды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG