Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

COVID-19: жөтөл жана аба ырайы


COVID-19 вирусунун көрүнүшү.
COVID-19 вирусунун көрүнүшү.

Коронавирус кантип жайылат жана тобокел тобуна кимдер кирет? Карантинге алынган адам илдетти башкаларга жугузушу мүмкүнбү? Жылуу аба ырайы COVID-19дун жайылышын токтотобу? АКШнын Улуттук саламаттык сактоо агенттиги ушул жана башка суроолорго жоопторду даярдаган.

COVID-19 кантип жугат?

Коронавирус адатта адамга чүчкүргөндө, жөтөлгөндө же сүйлөгөндө шилекей, какырык аркылуу жугат. COVID-19га чалдыккан киши ооруну соо кишилерге оңой эле жугуза алат.

COVID-19га берилген анализ адегенде таза чыгып, кийин вирус аныкталышы мүмкүнбү?

Адам жаңы эле инфекцияны жуктурган болсо, вирус адегенде аныкталбай калышы мүмкүн. Бейтаптын коронавирустукуна окшогон симптомдору болсо, бирок анализ таза чыкса, анда ал адам COVID-19га чалдыккан эмес.

Карантинге алынган адам илдетти башкаларга жугузушу мүмкүнбү?

Карантин 14 күн болууга тийиш. Себеби ушул өңдүү коронавирустардын эң узун инкубациялык мөөнөтү 14 күндү түзөт. Карантинден кийин ал адамдын симптомдору болбосо, башкаларга жугуза албайт.

Кош бойлуу аялдарга башкаларга караганда бул оору тезирээк жугабы?

Кош бойлуу аялдарга COVID-19 тезирээк жугары, ооруп калса башкаларга караганда оор болору же болбосу азырынча анык эмес. Боюнда бар аялдардын организминде дайыма өзгөрүүлөр жүргөндүктөн, инфекцияны жугузуп алуу коркунучу көбүрөөк болот.

Кош бойлуу аял COVID-19дун тобуна кирген вируска, сасык тумоо, өйдөкү дем алуу органдарын козгогон вирустарга кабылса, оорусу өтүшүп кетиши ыктымал.

Коронавирус азык-түлүк (анын ичинде муздатылган же тоңдурулган азыктар) аркылуу жугушу мүмкүнбү?

Ушу тапта COVID-19дун тамак-аш аркылуу жугары тууралуу далилдер жок. Бул коронавирус бир нерсенин (буюмдардын) үстүндө узак жашай албайт. Азык-түлүктүн өзү же азык салынган куту, баштык аркылуу жугуу коркунучу төмөн. Себеби кадимки, муздак же төмөн температурада ташууга бир нече күн, жума кетет.

Башка өлкөдөн импорттолгон товар, өндүрүм кооптуу болушу мүмкүнбү?

COVID-19 чет жактан алынып келген товарлар аркылуу тарайт деген далил жок.

Жылуу аба ырайы COVID-19дун жайылышын токтотобу?

Аба ырайы же абанын температурасы COVID-19дун тарашына кандай таасир этери азырынча анык эмес. Сасык тумоо өңдүү башка вирустар көбүнчө суук айларда жайылат. Бирок башка убакытта адам ооруп калышы да мүмкүн. Аба ырайы жылыган сайын COVID-19дун эпидемиясы токтойбу же жокпу, айтуу кыйын. Бул коронавирустун жугуу жолдору, канчалык олуттуу экени жана башка жагдайлары дагы изилденүүгө тийиш. Бул багытта изилдөөөр уланууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG