Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:16

COVID-19: Чех эли өкмөттүн карантин чараларын колдоодо

Нагыз парламенттик демократияны чыңдап жаткан Чехияда жаңы таажы вирусунан улам пайда болгон алааматтуу илдетти жеңүүдө чех эли өз өкмөтүн ырааттуу колдоп жатат. Буга сүрөттөр да далил.

Дүйнөдө чехтерди Борбордук Европадагы өнүккөн маданий очокторду курган элдердин бири катары дурус билишет. Кыргызстандыктар Ала-Тоодо өнөр жайды жана кооперациялык тажрыйбаны өнүктүрүүгө салым кошкон “Интергельпо” уюму аркылуу да чехтер менен словактарды аздектешет.

Таажы вирусунун жаңы түрүнөн улам пайда болгон алааматтуу COVID-19 аттуу илдетке каршы күрөштө да чех эли жана чех бийликтери өрнөктүү иш-аракет жасашты.

2020-жылы 12-мартта Чехияда чукул кырдаал жарыяланды (ал 30-апрелге чейин созулаары белгиленген).
13-марттан тартып мектептер, ЖОЖдор, спорт жана маданият жайлары калайык жыйылчу окуу жана коомдук иш-чараларын токтотту.
16-марттан тартып өтө зарыл эмес себептер менен көчөдө эркин жүрүүгө таптакыр тыюу салынды.
19-марттан сыртка (дүкөнгө, аптекага, үй жанындагы паркка) чыккандардын бардыгына беткапчан жүрүүгө тыюу салынды.
Өкмөт коомдук обочолонуу ыкмасын сунуштаган соң, карапайым чехтер ар бир коомдук жайда өздөрүн үлгүлүү алып жүрүштү. Окуу жайлар онлайн тартибинде иштеп жатты.
Чехия парламентинин Өкүлдөр үйү 8-апрелдеги отурумунда полициячылар карантин эрежелерин бузгандар үчүн 10 миң крон (болжол менен 30 миң сомдон ашуун) акчалай жаза бере алат деген сунушту колдоп берген.
24-апрелде өкмөт карантин кырдаалын бир нече баскычта жумшартуу аргаларын сунуштады. Ушул күндөн тартып 10 кишиден ашпаган топ спорттук чараларга чогуу катышууга уруксат алды.
Чехия парламентинин Өкүлдөр үйү 28-апрелде чукул кырдаалдын мөөнөтүн узартуу сунушуна макулдук берүү тууралуу маселени талкууламакчы.
Өлкөдө чукул кырдаалды узарта туруу сунушун колдогондор да бар, карантин эрежелерин чет-четинен жумшартууну каалагандар да бар.

1989-жылы 17-ноябрда чехословакиялык коммунисттик режим тынч жол менен кулатылган соң, Чехия менен Словакияда парламенттик демократия түзүлүшү орногон.
Төмөндөгү сүрөттөр өлкө борбору Прага шаарынын ар кайсы бөлүктөрүндө 2020-жылдын март-апрелинде тартылып алынган.

16x9 Image

Тынчтыкбек Чоротегин

Борбордук Азия тарыхы, этнология, маданий тарых жаатындагы адис. 

XS
SM
MD
LG