Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

COVID-19: Өкмөт менен Бонецкийдин кызматташтыгы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска анализдерди изилдөөгө Бонецкий  жеке менчик лабораториясына уруксат берилип, ал өнөктөштүк шартында ишке киришкенин жарыялады.

Жеке менчик Бонецкий лабораториясы 23-апрелде демөөрчүлөр, Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге COVID-19 илдетин аныктоочу жапырт анализдерди жүргүзүү тутумун ишке киргизе баштаганын маалымдады. Алгачкы баскычта 10 миң ПЦР тест алуу пландалып жатат.

Бонецкий лабораториялар тармагынын директору Артем Лыжин коронавируска тест алуу Саламаттык сактоо министрлиги аныктаган эрежеге ылайык жүргүзүлөрүн белгилеген:

“Азыр биз 3055 акысыз ПЦР тест алууга даярбыз. Биринчи орунда социалдык жактан аз камсыз болгондор, балким дарыгерлер же укук коргоо органдарынын кызматкерлери болушу мүмкүн. Биз Саламаттык сактоо министрлигинин чечими менен гана тест алабыз”, - деп айтылат лаборатория тараткан маалыматта.

Менчик лаборатория COVID-19га тест алат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

Саламаттык сактоо министрлиги жеке менчик лабораторияга Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборуна караштуу "Вирустук изилдөөлөр жана сейрек инфекциялар лабораториясынын" өндүрүштүк базасына тийиштүү имаратты берген.

Бул долбоор ишкерлердин жана меценаттардын каржылоосу менен ишке ашырылып жатат. Демилгеге алгачкылардан болуп "Мол Булак" микрокредиттик компаниясы кол сунган. Компания 100 миң долларга реагенттерди, ошондой эле жеке коргонуу каражаттарын сатып алууга жана зарыл технологиялык жабдуулар үчүн 61 миң долларды бөлүп берди.

Анткен менен, жогоруда айтылгандай, Бонецкий жеке менчик лабораториясы коронавирус илдетин аныкташ үчүн анализдерди алып, анын жыйынтыгын чыгарып бериш үчүн ар бир адамга 2000 сомдон жогору акы ала турганы белгилүү болду. Бул төлөм акы кайсы анализ чыгарууда кайсы чыгымдарга коротулары айтыла элек.

Анализдин акысы кантип аныкталган?

Ошондуктан бул жерде имаратты Саламаттык сактоо министрлиги берсе, реагенттерди алуу үчүн каражат демөөрчүлөр тарабынан камсыздалса, анда эмнеге жеке тартипте анализ тапшырууну каалагандар үчүн анын акысы эки миң сомго бааланганы тууралуу суроолор жаралган.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук кеңешинин мүчөсү Айбар Султангазиев мындай суроо койот:

«Мамлекеттик лабораторияларда ПЧР анализди чыгарууга 11 доллар (900 сом) чыгымдала турганы айтылган. Бонецкийде анализди 2000 сомго алып, жыйынтыгын чыгара турганын уктук. Ошондо эки ортодогу айырмачылык 1100 сомго барабар. Анализ алууга жалгыз уруксат берилген лабораториянын пайдасына кирген 1100 сом айырма кимдердин чөнтөгүнө түшөт? Бул жеке менчик лабораториянын артында ким турат? Пандемияда жеке менчик лаборатория бизнес жасап, ири пайда тапканы жатканы кызык».

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Нурболот Үсөнбаев Бонецкий жеке менчик лабораториясына COVID-19 илдетин аныкташ үчүн анализдерди алууга мамлекеттик көзөмөлдүн астында жана өнөктөштүк шартында уруксат берилгенин жарыялаган.

Ага каалоочулардын бардыгы жеке кайрылуусунун негизинде анализ тапшырып, анын жыйынтыгын чыгартууга мүмкүнчүлүк пайда болгонун айтты. Нурболот Үсөнбаев бул жагдай мамлекеттик лабораториялардын жүгүн жеңилдете турганын билдирди:

«Бонецкий жеке менчик лабораториясы изилдөөлөрдүн ири агымына көмөк көрсөтүш үчүн мамлекеттик лабораторияларга жардамга келди. Биз бүгүнкү күнгө карата 35 миңден ашуун ПЧР тестирлөөнү жүргүздүк. Вирусологиялык лабораториялардагы жумуштардын көптүгүнөн чыңалуу жогорку деңгээлде. Жеке менчик лабораториянын жардамга келиши ошол жүктү жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт деген ойдомун».

Өкмөт карантин бүтсө, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо тууралуу талап менен өндүрүштүк ишканалардын иштешине уруксат берүү планы бар экенин билдирген. Ага ылайык, бардык ишканалар жумушчуларын коронавируска анализ тапшыртып, жыйынтыктары таза чыккан шартта алардын иштешине уруксат берилет.

Бишкекте ири тигүү цехин иштеткен жеке ишкер Жаннат Жусупова тиешелүү мамлекеттик органдардан ошондой сунуш түшкөнүн билдирди:

«Биз иштей баштаганда өндүрүмдү каякка сатабыз, жумушчулардын айлыгын кантип таап беребиз деп ойлонуп жатсак, мамлекеттик органдар «өндүрүштү ишке киргизсеңер, жумушчуларыңардын ар бирине 2000 сомдон төлөп, тесттен өткөрүп, маалымкат алып келип, анан иштегенге уруксат аласыңар» деп айтышты. Башка мамлекеттер ишкердикти колдоп, жеңилдетилген насыяларды берип жатышса, биздин бийлик пандемиядан да пайда көрүп, тесттен өткөрүүнү жеке менчик лабораторияга бере коюп, анын акысын эки миң сомдон кылып койгону бизди аңга түрткөнгө эле барабар. Бул жерде пандемияны ооздуктоо эмес, андан пайда табууну көздөгөн мамлекеттик органдардын биригип алып жасаганы деген эле ойдо калдык».

Менчик лабораториялардын «өздүк тажрыйбасы»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кытайдан чыккан COVID-19 илдетин пандемия деп жарыялап, анын жайылышын ооздуктоого бардык өкмөттөрдү чакырган. Жапырт жайылчу илдеттердин алдын алуу жана ага каршы туруу боюнча коомдук саламаттык сактоо мыйзамына ылайык, өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал түзүлгөндө анын кесепеттерин жоюуга байланышкан чыгымдарды мамлекет өзүнө ала турганы көрсөтүлгөн.

Коомдук кеңештин мүчөсү Айбар Султангазиев анализдерди акы төлөп тапшырууну сунуш кылуу менен мамлекет ошол милдетинен четтеп жатканын белгиледи:

Айбар Султангазиев.
Айбар Султангазиев.

«Эпидемия жүрүп жаткан кезде илдетти аныктоо иштерин мамлекет өз эсебинен ишке ашырат. Бул мыйзамда каралган. Азыр жеке менчик лабораторияга акы төлөнө турган анализ алууга укук берип, чыгымдарын баягыдай эле элдин өзүнө жүктөп жатат. Анткени мурдагыдай эле адамдар мамлекеттик ооруканаларга дене табы көтөрүлүп барышса, ал жактан буга чейинки үйрөнгөн адат боюнча жеке менчик лабораторияга тест тапшырууга жөнөтүшөт. Эгерде анализ алууга мамлекеттик лабораториялар жетишпей жатса, анда мамлекет жеке менчик диагностикалык лабораториялар менен келишим түзүп, кайсы бир чыгымдарын төлөп берип анализ алдырса, ошондо туура болот эле».

Анализ алуудагы монополия

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Саламаттык сактоо министрлиги лицензиясы бар бардык менчик лабораторияларга анализ алууга уруксат берилиши керек экенин айтып, аталган маселе буга чейин министрликке эске салды:

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

«Кээ бир ишканалардын ишин башташ үчүн жеке менчик лабораторияларга анализ алып, жыйынтыгын чыгарганга уруксат берүү боюнча парламенттин тиешелүү токтому чыкканына карабастан, министрлик бирөөнө гана уруксат берип, калгандарына уруксат бербей коюптур. Бул мурдагыдай эле коррупциялык чийимдер иштеп жатканынан кабар берет. Бонецкий монополист болуп турганда, ал жерде бир гана компаниянын кызыкчылыгы болуп, ал анализдерди тапшырууга каалаган баасын коюп алып, иштей берет. Эгерде жок эле дегенде он жеке менчик лабораторияга уруксат берилгенде, атаандаштыктын негизинде анализдердин акысы да төмөн түшөт эле. Бул жерде өлкөнү ойлобой, чөнтөгүн ойлоп, бир гана жеке менчик лабораторияга уруксат берип, анын монополиясын орнотуп берип жатышат. Бул иш аягына чейин иликтениши зарыл».

Жогорку Кеңеш 1-апрелде өткөн жалпы жыйынында өкмөткө жеке менчик лабораторияларды коронавирус илдетин аныкташ үчүн анализ алууга уруксат берип, алардын ресурстарын пайдалануу аркылуу илдетти алып жүрүүчүлөрдү көбүрөөк аныктоо тапшырылган. Бирок 15 күн өткөндөн кийин деле ал тапшырма аткарылбаганы тууралуу Жогорку Кеңеште маселе көтөрүлгөн. Вице-премьер-министр Кубатбек Боронов анын себептерине мындайча токтолгон:

«Республикалык штабдын чечими чыгып, Саламаттык сактоо министрлигине атайын тапшырма берилген. Бардыгына эле бирдей уруксат берилет. Лабораториялык анализ алып, изилдөө жүргүзүүгө тиешелүү талаптар бар экен. Коюлган талаптарга жооп бере ала турган гана жеке менчик лабораториялар бул боюнча иштей алат деген эреже киргизилди. Ошого ылайык шарттары бар болсо, коопсуздук чаралары сакталса гана уруксат берилиши керек деген маселе көтөрүлдү. Ал жакта да изилдөө жүргүзгөн лаборанттардын арасынан оору жугузуп алган учурлар болбош үчүн ушуга бардык. Ал эми анализ алуу боюнча маселе жок. Аны ала беришет».

Депутат Абдувахап Нурбаев Саламаттык сактоо министрлиги бул маселеде ар кандай талаптарды шылтоо кылып, бул боюнча башка жеке менчик лабораториялардын иштешине тоскоолдук жасап жатканын белгилеген. Депутат бул уруксат берүүнү артында жеке кызыкчылык турганын айтты:

«Керек болсо мамлекеттик лабораториялардын шарттарына караганда, көпчүлүк жеке менчик лабораториялардын шарттары бир топ жакшыраак болуп жатат, - деди ал. - Дүйнөлүк практиканы карап көрбөйсүздөрбү. Орусия менен Казакстан да жеке менчик лабораторияларга COVID-19 илдетин аныкташ үчүн анализ алып, изилдөөгө уруксат берди. Түштүк Корея ушул жол менен илдетти жугузуп алган көп учурларды аныктап чыгып, обочолонтуп, дарылоо ишинин натыйжасында анын санын азайтууга жетишти. Силер бир эле жеке менчик лабораторияга уруксат берип коюп, ушинтип отура берсеңер анан иш ордунан жылмак беле?»

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдыкеримов COVID-19 илдети буга чейин дүйнө жүзүндө тараган холера, кара тумоо сыяктуу өтө тез таралуучу жана абдан коркунучтуу эпидемиялардын категориясына кире турганын айтты. Ошондуктан ал бардык эле жеке менчик лабораторияларга илдетти аныкташ үчүн изилдөө жүргүзүүгө уруксат берилбей турганын жүйө келтирди:

«Өзгөчө коркунучтуу вирустарды изилдей турган лабораториялар үчүн атайын катуу талаптар бар. COVID-19 - өтө жогорку концентрациядагы вирус. Ошондуктан биз бардыгына эле уруксат бере берсек, эгерде ал жактан бирөө-жарымы илдетти жугузуп алса, ким жооптуу болуп калат? Биз уруксат бергенге тыюу салган жерибиз жок. Беребиз. Бирок тиешелүү шарттары бар жана биологиялык коопсуздукту талаптагыдай эрежелер менен сактоого мүмкүнчүлүгү болсо гана. Бонецкий лабораториясынан келишти. Биз аларга тиешелүү талаптар кандай болушу керек экенин көрсөттүк. Алар «тез арада бул талаптардын бардыгын аткара албайбыз» деп, атайын жай бөлүп берүүнү суранышты. Биз аларга анализ алып, изилдөө жүргүзө турган шарттары бар атайын жай бөлүп бердик. Азыр алар жабдууларын жайгаштырып, жеке тартипте анализ тапшырып, кайрылгандардын анализдерин чыгарыш үчүн ишке киришкени турушат. Башка бир да жеке менчик лаборатория «анализдерди изилдеп чыгарып бере алабыз» деп кайрылган жок».

Жеке бизнести жардамга тартуунун маалы

Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов мамлекеттик лабораторияларга караганда жеке менчик диагностикалык лабораториялар мамлекеттик эмканалар, ооруканалар менен тыгыз иштешип, анализдерди чыгаруудан ири пайда таап келгенин мисалга алды.

Ошондуктан депутат Закир Шарапов аларды менчигинин түрүнө карабастан акысыз анализ алууга тартууга убакыт келди деген демилге көтөрдү:

«Жеке менчик лабораториялар менен бирге иш алып барсаңыздар туура болот эле. Тынч мезгилде биз аларга аябай жакшы шарт түзүп бергенбиз. Мамлекеттик ооруканаларга жаткандардын анализдерин да ошолорго тапшырып, жеке менчик лабораториялар мындан жакшы эле пайда көрүштү. Азыр эми элдин башына минтип иш түшүп турган чакта, аларды илдетти аныктоо ишине тартып, бирге иш алып барсаңыздар болот эле. Бул үчүн аларды кайсы бир салыктан бошотуп, кандайдыр бир жеңилдиктерди караш керек. Азыр алардын кызматына мамлекет муктаж болуп турганда, аларга ачык эле кайрылуу зарыл».

Бирок анда парламентте жеке менчик лабораторияларды акы төлөбөстөн коронавирус илдетин аныктоо боюнча анализдерди алууга мыйзам жол бербей турганы айтылган болчу. Ошол эле кезде дартты аныктоо менчик лабораториялар анализдердин акысын өздөрү каалагандай коюп алып, бирок ошол эле кезде анын тактыгы үчүн мыйзамда жоопкерчилик көрсөтүлбөй калганы да сөз болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG