Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-май, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 22:19

Жапырт текшерүү ооруну ооздуктайбы?


Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште жарандарды коронавируска массалык түрдө текшерүү боюнча демилге көтөрүлдү. Айрым эл өкүлдөрү жугуштуу оорунун жайылышына каршы күрөштө жапырт тест тапшыруу натыйжалуу экенин айтып жатышат.

Кыргызстандын жарандарды жапырт текшерүүгө чамасы жетеби жана анын натыйжасы кандай болот?

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов парламенттин жалпы жыйынында өлкөдөгү өзгөчө абалдын мөөнөтүн 15-апрелден ары узартууга болбойт деген пикирин билдирди.

Эл өкүлү мындай убакта чакан жана орто бизнес токтоп, жарандарды өкмөт бага албай каларын белгиледи. Ал жугуштуу илдет менен күрөшүүдө карантинден башка жолдорду да караштырууну сунуш кылды.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

«Түштүк Корея, Сингапур, азыр Чехия колдоно баштады. Өкмөт, силер да ошондой кылышыңар керек. 15 күн ичинде ар бир жаранды тактап, вирус чыкканын карантинге алып, калганына эркиндик беришиңер керек. Өкмөт бага албайт, элди. Баарынын жумушун алып койдук, эртең алар ачка калат. Эмне кылып жан сактайт, анан? Бир ай чыдашат, бирок андан ары созууга мүмкүнчүлүк жок да. 1 млн. тест 3 млн. доллар болот экен. Алып келип баарын текшергиле, менчик лабораторияларга эмнеге уруксат бербей жатасыңар?» - деди Сулайманов.

Буга чейин депутат Абдывахап Нурбаев да менчик медициналык мекемелерге коронавирусту аныктоого уруксат берүү маселесин көтөргөн.

Ал ортодо демилгечи топ меценаттардын каржылык жардамы менен коронавирусту массалык түрдө текшерүү башталганы турганын жарыялады.

Демилгени ишке ашырып жаткандардын маалыматына караганда, Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашып, жакынкы күндөрү «Бонецкий» диагностикалык лабораториясында COVID-19 коронавирусуна анализ алына баштайт.

Бул демилгени алгачкылардан болуп ишкер Бабур Төлбаев колдоп, 84 миң 460 долларды керектүү жабдуу сатып алууга, 65 миң долларды вирусту аныктай турган тесттерди алууга бөлүп берди. Төлбаев башка ишкерлерди да бул демилгени колдоого чакырды.

«Баарын катышууга чакырабыз. Бул мамлекет үчүн маселени чечүүнүн системалуу жолу. Массалык түрдө диагностикадан өткөрүш керек. Жалаң эле коронавирусту аныкташ үчүн эмес. Балким ооруп айыккандарды да аныктайбыз. Анткени аларда ооруга каршы туруктуулук пайда болду. Алар коомчулукка коркунучтуу эмес. Алардын ишке чыгып, бизнес жүргүзө баштаганы абдан маанилүү. Андыктан колдоону суранам», - деди ишкер.

Долбоордун биринчи этабында 20 миң адамга массалык диагноз коюш үчүн 50 миңдей лабораториялык тест керектелет. Ал үчүн 578 миң АКШ долларын чогултуу зарыл. Ал эми экинчи этапта 40 миң адамды текшериш үчүн 1 млн. 381 миң АКШ долларын чогултуу абзел.

Жогорудагы сандар көрсөткөндөй, бул долбоордун алгачкы этаптары ишке ашса, 50-60 миңдей адам гана тесттен өтө алат. Учурда расмий маалымат боюнча 9128 адам тесттен өттү.

Саламаттык сактоо министрлигинин коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов жапырт тест боюнча маселе күн тартибинде каралып жатканын билдирди. Алдын-ала маалымат боюнча тест тапшырууну каалагандар өз чөнтөгүнөн төлөшү керек.

«Эки-үч күндүн ичинде юридикалык механизмдерин тактап атабыз. Менчик лабораторияларга кайрылып, өз эсебинен тесттен өткөрүү маселесин чечебиз», - деди министрликтин өкүлү.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин пикиринде, жугуштуу илдеттин жайылышын токтотууда жапырт тест тапшыруу - натыйжалуу ыкма.

Бирок ал Кыргызстандын шартында бул ыкманы иштетүү татаал деген ойдо турат. Мурдагы министр жапырт текшериш үчүн ириде каражат маселеси, экинчиден анализ үчүн жарандарды мобилизациялоо системасы чечилиши абзел экенин эске салды:

Талантбек Батыралиев.
Талантбек Батыралиев.

«Биринчиден, массалык тест өткөрүүгө каражатыбыз барбы? «Ура-ура» – деген менен иш бүтпөйт. Жуурканга жараша бутубузду суналы да. Отуруп алып Сингапур, Жапония, Түштүк Корея менен салыштырган болбойт. Алардын коммуникациясы өнүккөн. Азыр реалдуу абалыбызды ачык айтып, ошого жараша иш кылган оң».

Мурдагы министр республикалык штаб абал боюнча маалыматтарды так берип жатканынан күмөн санарын кошумчалады.

1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус 111 адамга жукту, алардын үчөө айыгып чыкты. Үч бейтап туруктуу оор абалда реанимацияда жатат. 25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланган.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн мамлекеттерге бир катар сунуштарды берген. Анда уюм дарыгерлердин тажрыйбасын арттырууну, вирусту аныктоочу тесттерди көбөйтүүнү сунуш кылган. Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус өлкөлөр бардык кыймылды токтоткону менен пандемияны толук чектей албай турганын эскерткен болчу.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жайылышына көз салган worldometers.info сайтынын маалыматына караганда, 1-апрелде Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20.00гө карата жер бетинде COVID-19 оорусунан 44 миңден ашуун адам көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Пикирлерди көрүңүз (2)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG