Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-октябрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Карантинден кийин жашоо кандай болот?


Бишкек, 1-апрель, 2020-жыл.

"Азаттыктын" Бишкек-Прага-Вашингтон видео-маеги. Алып баруучу Венера Сагындык кызы.

“Азаттык”: Саламатсыздарбы, бүгүн таажы вирусунун жайылышынын саясий кесепеттерин талкуулайбыз. Талкуунун катышуучулары: Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат, Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов, эл аралык мамилелер боюнча эксперт, саясат таануучу Медет Төлөгөнов.

Бүгүн сиздер менен жакында Бишкектеги бир онлайн вебинарда студенттер көтөргөн суроолорду талкуулагым келип турат. Алгачкы эле суроо: бул жугуштуу оорудан кийин эмне болот? Азыр баарыбыз үйдөн чыкпай отурабыз, карантин бүткөндө Кыргызстандан чыга албай калабызбы? АКШ визалык чектөө, тыюу салуу чечимин жарыялады, Европа ошондой маанайда, башкалары да визалык чектөөлөрдү пландап жатышат. Дүйнөгө эмне болду, чек аралар кулпуланып, глобалдашуу токтойбу? Кепти Эрика сизден баштасак, кризистен кийин бизди кандай дүйнө күтүп алат?

Эрика Марат
Эрика Марат

Эрика Марат: Бул биздин жакынкы, же алыскы келечекти караганыбызга байланыштуу. Алдыдагы 1-1,5 жыл карантин шарттары сакталат. Биз эмитен эле күздө, кийинки жылдын жазына студенттерди аралыктан окутууну кандай өткөрөбүз деп ойлонуп жатабыз. Вакцина табылгыча университеттердин баштапкы окуу усулдарына келиши кыйын. Анан вакцина табылып, ал өнүккөн, өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн баарына жетиштүү болгон чакта, менимче, баштагы калыпка келебиз, кадимкидей окуп, саякаттап дегендей. Балким жакын туруп сүйлөшмөй, кол берип учурашуу өңдүү адаттарыбыз өзгөрүлүп калышы ыктымал. Акыры адамзат бул балакетти жеңет деп ойлойм.

“Азаттык”: Кыргызстандык студенттердин тынчсыздануусуна негиз барбы? Медет, Американын Борбор Азия университетинде сабак бересиз, алар менен сүйлөшөсүз. Жаштардын кабатырлануусуна эмне деп жооп берет элеңиз?

Медет Төлөгөнов: Жакынкы убакка алмашуу программасы менен чет жактарга барчулардын планы үзгүлтүккө учурады, магистрликке өтүүгө камданып жаткандарга да проблема жаралды. Алдыдагы бир-эки жылга пландалган иштер арасат калууда. Окууну бүтүп жаткандар, атүгүл үчүнчү курста окуп жаткандар кабатырланууда. Алардын иш издөө чөйрөсү да чектелип калчудай. Окууну бүткөндөн кийинки абал аларды ойго салууда.

“Азаттык”: Кадыр, Кыргызстандын АКШдагы элчиси катары виза маселелери боюнча сүйлөшүүлөргө катышкансыз. Азыркы чектөөлөр канчага созулушу ыктымал? АКШда, Европада азыркы кадамдар убактылуу деп айтышат. Ошентсе да, мындай чектөөлөр глобалдык мүнөз алып кетпейби, анын Кыргызстанга тийчү залакасы кандай?

Кадыр Токтогулов
Кадыр Токтогулов

Кадыр Токтогулов: Мен Эриканын пикирин жөн көрүп атам, алдыдагы бир-эки жылда катнаш кыйын болот го. Дүйнөлүк саясий-экономикалык процесстерге олуттуу таасир көрсөтө албаган чакан Кыргызстан үчүн мындай жагдай жакшы эмес, андан адамдар жабыркайт.

Кыргызстан жугуштуу оору жайылганга чейин пайда болгон маселесин - биометрикалык паспортту чечип алышы керек. Америкалыктардын биздин паспорттордун сапатына жүйөсү болбошу керек. Бул маселени чечиши керек. Ошондо биздин жарандарга карата чектөөлөр болбойт.

Чек араны жаап салуунун залакасын баарыбыз сездик, айрым азык-түлүктөрдү, керектүү товарларды сырттан алып келебиз. Бул жагдай бир нерсени ачыкка чыгарды – иштөө керек, ушундай кыйын кезде эмне кылууну баарыбыз билип калдык. Маселебизди өзүбүз гана чечишибиз керектиги билинип калбадыбы.

Борбор Азия кризисти жалгыз жеңе албайт

“Азаттык”: Алдыңкы технология доорунда глобалдашуу токтоп калат, чек аралар бекем жабылып калат деп элестетүү кыйын. Кризис кайсы бир өлкө же чөлкөм капыс келген алааматтан жалгыз өзү сактана албасын көрсөттү. Коңшу же алыскы өлкөдө кыйын болуп жатса сенде баары жакшы болушу дегеле мүмкүн эмес. Бул кризис биздин чөлкөмдө интеграциялык процесстерди тездетиши мүмкүнбү? Борбор Азия өлкөлөрү кызматташтыкты өнүктүрүп, байланыш-катыштарды жакшыртуунун зарылдыгын сезе алышабы?

Эрика Марат: Жакынкы учурда андай болбойт ко. Өлкөлөр чек ара маселелерин, адамдар кантип катташарын ич ара чечип алат болуш керек деп үмүттөнөм. Тилекке каршы, Борбор Азия өлкөлөрү бул алааматка каршы ар кыл мамиле жасап жаткандыктан ортодогу ар түрдүүлүк сакталып кала берет. Соодагерлер, товар ташыгандар мурдагыдай эле өлкөлөр ортосунда каттап, ортолук байланышты уланта беришет. Борбор Азия республикаларын Кытай, Орусия менен байланыштырган соода ошондой адамдардын аракети менен улантылат.

Кадыр Токтогулов: Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кандайдыр бир координацияны, биз ойлогондой болбосо да айрым белгилерин көрдүк го. Кыргызстан өзгөчө кырдаалды Казакстанга удаа киргизди. Аны Казакстан жалгыз өзү киргизсе натыйжасы анчалык болмок эмес. Айрым жерлерде өзгөчө абал, кырдаал жарыя кылынып жатса, башка жерлерде жугуштуу оору дегеле келбестей мамиле кылып жатышат.

Кризис маалында чогуу иштеп калган ушундай активисттерибиз уюшуп, бир чоң күчкө, балким саясий кыймылга айланып калса жалпы коомго утуш болмок.


Кыргыз өкмөтү коргонуу чараларын киргизүү жагынан кечиккен жок. Өзбекстан жардамын берди. Бүгүнкү күндө болуп жаткан нерселер ушулар. Мүмкүнчүлүгү бар өлкөлөр коңшуларына көмөк көрсөтүп жатышат, ошондой азык-түлүк, медициналык дары-дармек жагынан Кыргызстанга жардамын Өзбекстан көрсөттү. Экономика менен саламаттык сактоо жагындагы кризистен кийин биз баарыбыз чогуу-чаран аракеттенишибиз керектиги билинип калды.

Борбор Азия өлкөлөрү мындай апаатты жалгыз-жарымдап, өзүнчө жеңе алышпайт, чогуу аракеттенишибиз зарыл. Келечекте биргелешкен кызматташтык, аракет-кыймылды ыраатка салган байланышка көчөбүз.

“Азаттык”: Жакында кыргыз парламентинде ЕАЭБ дарегине сын айтылды. Ал иштебей, көмөк көрсөтпөй жатканы белгиленди. Экономикага, мигранттарга колдоо болбой жатканы айтылды. Медет, мындан ары чөлкөмдө интеграциялык процесстер жанданабы?

Медет Төлөгөнов.
Медет Төлөгөнов.

Медет Төлөгөнов: Интеграциялык процесстин эки ыктымал агымы бар, чөлкөм ичиндеги, анан ЕАЭБ, Орусия багытындагы. Парламентте айтылган сын буга чейин чогулган проблемалардан чыкты. Казакстан менен “соода урушу”, алыска жүк ташуучу машинелерди өткөрбөй коюу сыяктуу талаштар. Күчөп бараткан кризис шартында мындай жагдайлар суроолорду жаратпай койбойт. Алдагыдай бүдөмүк жагдайларда саясий кризис каякка багытталып кетерин айтыш кыйын. Мунун баары айрым саясатчылардын аң-сезиминде чагылдырылат.

ЕАЭБ ичинде интеграциялык процесстер канчалык зарыл экени мурда жашыруун-жабык келсе ушу тапта аз-аздан ачыкка чыгууда. Кризис дагы канчага созулары, экономикалык карым-катышка анын таасири кандай болору мигранттарга карата мамиледен, ушу тапта башталып аткан айыл чарба иштеринен көрүнөт, Өзбекстандан бул жакка ташылчу айыл чарба товарлары, анын биздин фермерлерге тийгизчү таасири кандай болот, адамдар өздөрүнүн жашоо-турмушка тийгизген таасиринен улам ортолук мамиле-катыш кандай экенин сезип турушат. Мына ушул маанай саясатчылардын пикири аркылуу ачыкка чыгат.

“Азаттык”: Жаштарды дагы бир жагдай – бу алааматтан кийин дүйнө авторитардык, өкүмзор бийликке ооп кетеби деген коркунуч кабатырлантууда. Биздин чөлкөмдө эле эмес, Батыш маалымдоо каражаттарында Кытай, Вьетнам, мурдагы советтик өлкөлөр жугуштуу ооруга каршы кантип күрөшүп жатканын мактоо маанайында чагылдырган материалдар жарык көрдү. Бекем коомдук тартип, текшерүү, катуу көзөмөл дагы башкалар мисал кылынууда. Кризистен кийин өкүмзор бийликке ооп кетүү, демократиялык баалуулуктардан ажырап калуу коркунучу жаралбайбы?

Кадыр Токтогулов: Бул өзү демократиялык процесстерге карата кадыресе сес көрсөтүү, сыноо болуп калды, ошондой кабатырлык бар, бирок биз андайга барбайбыз го деп ойлойм. Башка өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда пандемия маалыматка жетүүгө кандай таасир көрсөтүп жатканы, сөз эркиндигине, журналисттердин иштөөсүнө келтирип жаткан тоскоолдуктары тууралуу пикирлер айтылууда. Андай пикирди мен дагы соцтармак аркылуу билдирдим, өкмөт алгач журналисттерди чакырбай, маалыматтарды ыкчам берчү кезде ачык, болгонду жашырбай айтуу керектигин белгиледим.

Кыргызстандын жагдайдан көп жабыркабай чыкчу кандай пландары бар, кандай проблемага кабылдык – муну ар бир адам жакшылап ойлонуп анализдеши керек. Бул өзү тарыхый кризис, буга чейин эч ким билбеген, капыс келген апаат. Андан ачыктык гана сактайт, коркунучтан өтүүгө жардам берет. Буга чейин түкшүмөл суроолорду жаратып келген маселе ооруну жуктуруп алгандардын саны канча, набыт болгондордун саны болду. Ачык айтылган сандар таажы вирусунун Кыргызстанга жайылышынын реалдуу жагдайын айтып турат. Бул жөнөкөй көрүнгөнү менен канчалык маанилүү экени билинип калды, анан да буга чейинки демократиялык жетишкендиктерибиздин маанисин аткаминерлерибиз менен жетекчилерибиз түшүнүп, өлкөнү артка кайтарып жибербейт деген үмүттөбүз.


“Азаттык”: Кыргызстандын мына ушул “колго алып көрсөтөр” байлыгын сактап калыш үчүн жарандык коом, өкмөт, биз өзүбүз эмне кылышыбыз керек? Бизде демократиялык өнүгүүгө кызыкдар күчтүү жарандык коом бар, демократиялык баалуулуктарды сактап калыш үчүн алар тикесинен тик турушат. Кризистен кийин биз илгиртпей эмне кылышыбыз керек, Медет?

Медет Төлөгөнов: Кадыр айткан ачыктык менен өкмөттүн эмне кылганын эл алдында айтып туруусун кризистен кийин деле талап кылуу керек. Кризистен кийин ушу тапта эмнелер жасалганы ачыкка чыгат, журналисттерге ким, эмнени, кантип жасады деген толгон-токой фактылар түшөт. Бул жагынан алганда кризис коомдук турмуштун бардык тарабын, анын ичинде мамлекеттик башкаруунун да кризиси болду. Кризис бизде ким иштеп, кимдер иштебегенин ачыкка чыгарып койду. Бардык жерде чыныгы профессионалдар болбосо абдан кыйын болорун айкындады. Мурда деле ачык билинген нерселер татаалдашып кетти.

Кризистен кийин жарандык коом, оппозиция, көз карандысыз маалымдоо каражаттары мындан кандай сабактар аларыбызды, эркин коомду, көз карандысыз өлкөнү, натыйжалуу мамлекетти куруунун сабактарын аңдап чыгышы абзел. Эркиндикти жеңип алганыбыз менен, анын аңызында жарандарынын алдында эсеп берип турчу, эмнелерди жасаганын айтып турчу натыйжалуу мамлекеттен сурап алууга жетише элекпиз. Кризис мүмкүнчүлүктү ачат. Бир жума мурун, бир ай мурун эмне болгонун айтып, мамлекет кийинки ушундай сыноолорго даяр болушун, ар бир жарандын кызыкчылыгы баам сыртында калбашына жетишүүсүн айтып турушубуз керек.

Чети да оюла элек көйгөйлөр көп

“Азаттык”: Мурда теория катары гана билип келсек, эми угуп көрүп жатабыз, азыркыдай алаамат – пандемия, кычаган кризис кайсы бир коом, өлкөдөгү болгон проблемаларды көздү уялтчудай жапжарык кылып, алдыңа жайып коёт экен. Журналисттер буга чейин толук айта албаган, чала-чарпыт чагылдырган проблемалар ушунча көп тура. Кризис Кыргызстандын кайсы талылуу маселесин ачыкка чыгарды, андан биз кандай сабактар алышыбыз керек? Эрика, алыстан кандай көрүнөт?

Эрика Марат: Кыргызстан менен Америкада болуп жаткандардан көп нерсени байкоого болот. Эки өлкөдөгү саламаттык сактоонун проблемалары эки башка. Анткен менен айрым бир окшоштукту табууга болот, экөөндө тең элдин баары бирдей медициналык тейлөөгө жетише элек. Дарыгерлер коргоочу кийимдери менен иштеши керек, андай кийимдер жок, же жетишсиз болуп чыкты. Америкада дарыгерлердин 70% гана коргоочу каражаттар менен камсыз болгонун айтып келишет.

Тереңге кетип калган илдеттен арылуунун эки жолу – билим берүү менен маалымат маданияты. Экөө тең биздеги алсыз институттардан.


Кыргызстанда медицина тармагынын терең проблемаларын кризис ачып койду, тартип коргоо кызматтарынын даярдыгы кандай экенин көрсөттү, аралыктан окутуу агартуу системасынын көйгөйүн алып чыкты. Топтолгон проблемалардын кыйласы Кыргызстанда донорлордун, жарандык коомдун, ыктыярчылардын жардамы менен жасалууда. Коом кабелтең, жаңылыкка жакын, биримдиктүү экенин ырастады.

Тилекке каршы, Кыргызстанда жарандык коом, өкмөт тарабынан үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка тийиштүү көңүл бурулбай жатат. Бул өзү глобалдык проблема, сыртка чыгууга тыюу салынган чакта аялдар менен балдар "чоң муштумдардын" азабын көбүрөөк тартышууда. Маселени талкуулаган жыйындар тар чөйрөдө гана өтүп, көпчүлүктү камтый элек, проблема мамлекеттин баам сыртында калууда.

“Азаттык”: Кадыр, сиздин оюңузча кризис дагы кандай проблемаларды ачыкка чыгарды?

Кадыр Токтогулов: Эрика айткан саламаттык сактоо маселелери кризис маалында кашкайып чыгып калды. Кризистен кийин бул тармакка кадрларды даярдоо, каражат бөлүүгө көңүл бурулат болуш керек. Буга чейин аны “калдык принциби” боюнча каржылап келгенбиз.

Саламаттык сактоо системасындагы көйгөйлөр мени жана менин үй-бүлөмдү да кыйгап өткөн жок. Атам эки жылдан бери Түркияда дарыланып келет, чек аралар жабылып, каттамдар токтоп калганы үчүн ооруканага көрүнүүгө бара албай калды. Биздей бейтаптар абдан көп. Азыр эми чек аралардын ачылышын күтүп жатабыз.

Анан дагы, мага кадр маселелери өкмөттүк, башка мамлекеттик органдарда кантип чечилгени, чечим кабыл алынышынын маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы кызыктуу болчу. Буга чейин мамлекеттик система кандай түзүлгөнү бизге бүдөмүк эле. Өкмөт башчыны көрбөй деле калдык, брифингдерди министрлердин орунбасарлары өткөрүп жатышат. Коменданттан эмне иш кылганын такып суроого өттүк. Велосипед менен жүргөндөргө тыюу салуу чечимин жалгыз ал өзү кабыл алган эместир. Блокпостторду коюшуп, кайра алышып, анын баары мамлекеттик органдарда эмне иш жасоо керектиги тууралуу так түшүнүгү жокпу деген ойго түртөт.

Мен азыр парламенттик башкарууда жашап жатканыбызды билдирген ачык белгилерди көрө албай отурам. Бул дагы ойлондурчу маселе. Буга чейин топтолгон проблемалар өтүшүп кеткени ачыкка чыкканы мени капа кылат.

Пандемия ажырымды ачыкка чыгарды

“Азаттык”: Азыр интернеттеги социалдык тармактарда жаштарга үй-бүлөнү пландоо, сергек жашоо жана башка проблемаларды окутчу кезди өткөрүп жибердик деген кабатыр кептер көп айтылууда. Медет, азыркы жаштарга билим берүүнүн дагы кандай сабактары калкып чыкты?

Медет Төлөгөнов: Эгер андан азыркы бийлик билермандары сабак алышы керекпи десеңиз мен буга саал ишенбей турам. Проблема деп атабыз, бийликтин пенделик жүзү жок болуп жатат, болбоду да. Адамдар менен бийликтегилердин аракети кандайдыр бир маани-маңызга ээ болушу керек. Бийликтин адамдарга бурулуп, алардын проблемасына жүрөгү менен берилип кызмат кылышы бизде чоң маселе.

Бизде социалдык эсепке алуунун системасы орной элек. Азыр бийликтегилер жарандык коом демилгечилери менен бирдикте социалдык колдоого муктаж – муктаж эмес адамдарга көмөк көрсөтүүнү баштады. Мурда бул иш бекем негизге салынган эмес эле, кризис анын ажырымын аңырайта ачып койду. Кыйын жагдайда оор абалга күнүмдүк акча таап тургандар туш келди.


Жарандык коом демилгечилери менен эң муктаж адамдарга жардам көрсөтүп жатабыз. Бир оорулуу аял “карантинге чейин эле турмушубуз оор эле, андан бери абал ого бетер кыйындады”, деп айтты. Мурдагы оорчулук аз келгенсип, башта эле кыйналып, өлбөстүн күнүн көрүп жаткандарга дагы жаңылары кошулду. Орусиядан акча салып турчу жакындары жумушсуз отурушат. Ичерге тамак жок деп отургандар көбөйдү. Кризис бүткөндөн кийин алардын маселеси калкып чыгат, алар карантин токтогондон кийин турмушун кантип жөндөшөт? Кыйналып жашоонун себепкери деп бийликти айыптап чыгышпайбы? Мындай маселелерди ыкчам чечип, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу жолун таап чыга алат деп мен ишенбейм.

“Азаттык”: Жаштарды агартуу иштери, кесипке, жашоону пландоого, үй-бүлө курууга даярдоо, ал үчүн сабактар өтүү, лекцияларды уюштуруу мүмкүнбү? Бизде жаштар унутта калгандай, алардын ээн-жайкын, оор абалда калышына эмнелер себеп болду?

Медет Төлөгөнов: Бул жерде бир нерсени жасаш өтө кыйын, проблемалар ондогон жылдардан бери чогулган. Советтер союзунун аягында, кийин эгемендик келгенден бери топтолбодубу. Бул маселени чече турган институттар жайылып кеткен. Тереңге кетип калган илдеттен арылуунун эки жолу – билим берүү менен маалымат маданияты. Экөө тең биздеги алсыз институттардан. Ал эми дин жаатында консервативдүүлүк басымдуулук кылат. Ошон үчүн жаштар менен тил табуу, айрым маселелерди, маселен, гендердик теңчиликке жетүү, аялына, балдарына кандай мамиле жасашы керек сындуу маданиятты калыптандыруу, ким кимди кантип окутуп атат, тилекке каршы, бул проблемалар азырынча жакшы маанай тартуулай албайт.

Кризис бизде ким иштеп, кимдер иштебегенин ачыкка чыгарып койду. Мурда ачык билинген нерселер татаалдашып кетти.


Алдыдагы жылдарда бизде натыйжалуу билим системасы калыптанат деп ойлош кыйын. Отуз жылга жакын убакыттан бери калыбына келе албаган системадан жаңылыкты күтүштүн кажаты жок.

Бүгүн мен жаш укук коргоочулардын жыйынына катышып келдим, анда жаштар сексуалдык билим берүү боюнча долбоорлорун талкуулашты. Бул маселени иликтеп чыккан бир жаш кыз ишин Бишкекте, Чүйдө жүргүзүптүр, толгон-токой маселелерди таап чыгыптыр. Мектеп окуучуларынын арасында сексуалдык билим, көбөйүү ырааты боюнча калыптанган стереотиптер бар экен. Мугалимдер арасында деле ошондой эле проблема. Педагогдордун көпчүлүгү окулушу анча деле зарыл эмес теориялык нерселерди окутушат. Мындай мамилени өзгөртүш өтө кыйын.

Кооптондурган көзөмөл

“Азаттык”: Жаштарды кооптондурган дагы бир маселе - жогорку технологиянын жайылышы адамдардын баскан-турганын көзөмөлгө алууну күчөтпөйбү суроосу болууда. Интернетте, орус тилдүү медиада муну атайын кутумчулук, дүйнөдөгү бай адамдар ушул вирусту адамдарды текшерип туруу, артынан аңдып туруш үчүн ойлоп табышкан дегенди жазышууда. Ушундай кабатырлыкка негиз барбы, ага каршы жарандык коом эмнелерди жасай алат? Өкүмзор өлкөлөр бийик технологияны колдонуп адамдарды аңдып, алардын жеке жашоосуна дейре кийлигишүүсүн болтурбаш үчүн, Эрика, эмне кылуу керек?

Эрика Марат: Тилекке каршы, кутумчулук теориясы ар кыл версияларда таралып жатат. Ал үчүн эркин маалымдоо каражаттары керек, алар ойдон табылган апыртмаларды төгүндөп, такталган маалыматтарды таратып турушу абзел. Бийик технология менен коомду көзөмөлдөп туруу - ал өзү факт. Ошондой аракет айрым өкүмзордукка ыктаган өлкөлөрдө бар.

Демократия менен өкүмзордук тууралуу айтканда, кризис мына ушул атаандаш кош системаны күчөттү. Маселен, Казакстан, Орусия Кытайдын жарандарды аңдуу, көзөмөлдөп туруу тажрыйбасын өздөрүнө көчүрүп өтүшүүдө. Буга чейин болбогон окуя, Москвада бирөөнүн акыр-чикирин ыргытып кеткени камерага түшүп, аны издеп полиция келип, тигинин кантип акыр-чикирин таштап жаткан сүрөтүн көрсөтүшкөн. Бирок ошол эле учурда башка мамлекеттер да бар, мисалы, Эстония. Кыргызстанда өкмөттүк эмес жарандык коом, ишкерлер бийик технология менен так маалымат жыйноо, көмөк көрсөтүү максатында орнотууда. Эстонияда “Хакатон” долбоорун ишке киргизишти. Аны компьютер вирустарына каршы хакерлер сунуш кылышкан. Айрым платформаларда компаниялар ортосунда жумушчу күчүн алмаштыруу сунуш кылынат. Мындай долбоорлор көп.

Карантин маалында балаңызды какпаңыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:11 0:00


Кадыр Токтогулов: Мен бул кризистен бир жагымдуу тенденцияны көрө алдым. Биринчиден, Кыргызстандын бийлиги вирустун жайылышын токтотуш үчүн чечкиндүү кадам жасап, экономикага зыян болорун билсе да, элдин саламаттыгын биринчи орунга коюп, карантин, өзгөчө абал жарыялаганы туура кадам болду. Мындай чечимди кабыл алуу оңойго турбайт.

Экинчиден, биздин талкууга катышып жаткан Медет Төлөгөнов өзү баш болуп карантинде камалып калган оорулуу адамдарга инсулин жеткирип берип, керектүү жардамды уюштуруп таратып жатышат. Ушул кризис Кыргызстанда жаңы сапаттагы жарандык активисттерди жаратабы деген үмүт пайда болду. Азыр абдан каржалып кыйналып турган элге жардамды өз ыктыяры менен уюшулган жарандык активисттер, Медетке окшогон мекендештерибиз колго алышты.

Кризис маалында элге пайда келтирип жаткан ушундай активисттерибизден Кыргызстандын келечегине таасир этчү чечимдерди кабыл ала турган лидерлер өсүп чыгарына ишенем.

Медет Төлөгөнов: Ооба, азыр жарандык коомдун жаңылануусуна, биригишине, жаңы сапатка көтөрүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Саясий дымагы бары-жогун айта албайм. Бирок элдин башына оор учур келгенде өз алдынча эле уюша калып, эң керектүү жардамды топтоп, зарыл даректерге жеткирип жаткан жаштарыбыз, ыктыярчыларыбыз коомубузда жаңы күч, жаңы дем пайда болобу деген үмүттү жандантты. Кризис биздин коомдогу айрым саясий ажырымдарды бир аз артта калтырды. Эми мындан ары ушул күч дагы кеңейип, бийликтин, парламенттин, башка бийлик бутактарынын элдин кызыкчылыгында иштешин талап кылып, жоопкерчилигин жогорулата алабы, айтуу кыйын, ошондой болсо экен деп ишенгим келет.

“Азаттык”: Талкууга катышканыңыз үчүн чоң ырахмат!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG