Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 05:12

Кайткан мигранттарга иш керек


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус чуусунан улам Кыргызстанга алыс-жакын мамлекеттерден он миңге жакын мигрант кайтып келди. Орусияда жана Казакстанда дагы жүздөгөн кыргызстандыктар мекенине жөнөгөнгө даяр турушат.

Адистер бир жыл ичинде 100-200 миңдей мигрант кайтышы мүмкүн экенин, натыйжада өлкөдө жумушсуздук күч аларын эскертүүдө. Өкмөт болсо бул багытта планы бар экенин билдирип жатат.

Коронавирус үйгө кайтарды

Бишкектин жакасындагы конуштардын биринде жашаган Эстебес Касымбек уулу - Орусиядан кайтып келген мигранттардын бири.

Ал пандемияга байланыштуу чек ара жабыларда Кыргызстанга өтүп кетүүгө үлгүргөн. Каарманыбыз учурда жумушсуз отурганын, бирок вирус чуусунан улам чет жакка кайра чыгар-чыкпасын болжой албай жатканын айтты:

Кыргызстанга кайткан мигранттар.
Кыргызстанга кайткан мигранттар.

«Ал жакта жумушсуз жатып, селсаяк болуп кеткенден көрө келе берген жакшы болуп жатпайбы. Бул жакта жок дегенде өз үйүң бар, батирге акча төлөбөйсүң дегендей. Азыр ал жакта калган тааныштарга кыйын эле болуп жатат. Ал эми Кыргызстанга келип алгандар, кантип иш тапмак элек, үйдө эле отурабыз. Балким кайра эле Орусияга барабыз же бул жакта иш карайбыз. Бешенеге жазганын көрөбүз, алдын-ала эч ким айта албайт эмеспи».

Орусиядагы мигранттар алгач быйыл жыл башындагы валюталык олку-солкулуктан соң мекенине кайта баштаган. Кайткандардын экинчи толкуну февраль-март айларында коронавирус күчөгөндөн кийин каптады. Дагы бир тобу чек аралар жабылгандан кийин атайын учак каттамдары менен келишти. Ошол себептен жыл башынан бери канча мигрант Кыргызстанга кайтканын тактоо кыйынга турат. Тиешелүү кызматтар учакта келгендердин гана тизмесин тактады.

Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов чет жактагы кыргызстандыктардын көбү кайтат деген коркунуч жок деп эсептейт.

Болотбек Ибраимжанов.
Болотбек Ибраимжанов.

«Чек аралар жабылгандан бери алты миңден ашык мигрант келди. «Келебиз» деп жаткан дагы төрт миңдей киши бар. Баарын кошкондо он миңди түзөт. Менин оюмча, азыр илдет убагында мекенине келип, тууган-урук менен болуп, анан кайра барып иштейм деп жатышат го. Алар кайра кайтып кетишет. Бирок мигранттар жапырт кайтып келет деген болжол жок, бизде», - дейт ал.

Расмий эсептерде, Кыргызстандын 800 миңден ашык жараны чет жакта иштей турганы маалым. Албетте, бул сан мындан алда канча көп болушу мүмкүн. Бирок эгер расмий эле санды алсак, эксперттер ошонун 20-25% быйыл Кыргызстанга кайтышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Экс-премьер-министр Темир Сариев буга өкмөт алдын-ала даярданышы керек экенин эске салды:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Негизинен Орусияда, Казакстанда иштеген мекендештерибиздин 150-200 миңдейи кайтып келет го. Алардын бир тобу келишти, калгандары карантинден кийин чек аралар ачылса келишет. Албетте, кыйынчылык болот. Мурункудай болуп иш ылгап, тандоо да мүмкүн болбой калат. Маселен, бизде курулушта, талаачылыкта коңшу өлкөлөрдөн келип иштегендер көп болчу. Ушулардын ордун мекендештерибиздин кайсы бир бөлүгү ээлейт го. Ошон үчүн өкмөт шашылыш антикризистик чаралардын ичине жумушсуздукту жоюу, кошумча жумуш орундарын түзүү программаларын да киргизиши керек. Мисалы, Өзбекстан ушул шартта кошумча жумуш орундарын түзүүгө 370 млн. доллар бөлүп жатат. Бул эми дүйнөлүк практика, биз деле ошондой кылсак болот. Канткен күндө да буга акча булактарын табыш керек, бул өкмөттүн бирден-бир милдети».

Темир Сариев кошумча жумуш орундарын түзүш үчүн улуттук долбоорлорду, анын ичинде ГЭСтерди курууну чукул арада баштоо, тоо-кен жаатында жаңы кендерди ишке берүү, айыл чарбасында кайра иштетүүнү ыкчам жолго коюу керек деген ойдо турат. Мурдагы өкмөт башчы бул тармактагы жаңы ишканалар миңдеген кишини иш менен камсыздай турганына ишенет.

Жумушсуздардын жаңы армиясы

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 300 кишини түзөт. Расмий эмес булактарда болсо ишсиздердин катары жарым миллионго жетери айтылып жүрөт. Эгер быйыл миңдеген мигрант үйүнө кайтса, жумушсуздардын катары дагы көбөйөрү айкын.

Бул кайра эле социалдык-экономикалык чыңалууну жаратышы мүмкүн. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров мындай тобокелдиктин алдын-алыш үчүн аларда план бар экенин, өкмөттө бул багытта иштер жүрүп жатканын билдирди:

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

«Биз ишке киргизген 1227.tunduk.kg автоматташтырылган системабызда азык-түлүктөн жардам сурагандардан сырткары, жумушсуз калгандардын эсебин алууну баштаганы турабыз. Пандемиядан улам жумушсуз калгандар, мигранттар да ошол жерге катталса болот. Ошондо биз коронавирустан улам дагы канча киши жумушсуз калганын биле алат элек. Анан ошого карата да иш жүргүзөбүз. Негизи биздин министрлик тарабынан жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча мурдатан эле алып барып келген программабыз бар. Ал боюнча иштерибиздин топтому өкмөттүн, өкмөт жетекчилигинин кароосунда. Анын кайсынысы кабыл алынат, кайсынысы четке кагылат, аны билбейм. Бирок биз жумушсуздарды азайтуу, кошумча иш орундарын түзүү боюнча аракет кылып жатабыз».

Коронавирус пандемиясы Кыргызстанды да каптаганы өлкөдө ишкерлик кескин жабыр тартканы белгилүү. Өзгөчө абал шартында ишкерлер андан бетер жүдөдү. Өкмөт аларга колдоо болорун кабарлаганы менен, реалдуу жардам ала албай жатканын даттанган ишкерлер көп. Ошондон улам айрымдар мигранттар кайтса деле бийлик аларга шарт түзүп бере албайт деп эсептешет.

Орусияда иштеген мигранттар.
Орусияда иштеген мигранттар.

Экономист Сейдалы Мырзакматов Кыргызстанга кайткан мигранттар соңунда иштеген өлкөсүнө кайра барууга аргасыз болорун айтууда.

«Биздин мигранттардын жумушунун түзүмүнө карасак, Орусияга бизден баргандардын көбү тейлөө тармагында иштейт. Дүкөндөрдө, маркеттерде. Экинчиден, курулушта, үчүнчүдөн, такси тармагында көп. Ушул тармактарда бизде, Кыргызстанда азыр бош орун барбы? Жок. Курулушта бизде да иш издегендер көп, ал эми таксисттер сырттан келген кишини киргизиши кыйын. Демек, массалык түрдө аларга жумуш табылбайт. Ошондуктан менимче алар келбегенге аракет кылышат, келсе да күзгө чейин туруп, пандемияга карабай кайра кетишет. Анын үстүнө Орусиянын өзүндө деле жумушчу күчү керек да», - дейт эксперт.

Ансыз деле мунун алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов пандемия дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө эле кризис жаратып жатканын, ошол себептен мигранттарды кайтуудан мурда ойлонууга чакырган.

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

«Орусиядагы кыргызстандыктардын 60% жакыны жумушсуз калды. Ошол эле кезде иш орундары да жок эмес. Курулушта иш бар. Аймактардан, Москва облусунан жумушчу сурап кайрылгандар бар. «Орусиянын экономикасы биздикине караганда күчтүү. Бул апааттан кийин да экономикалык кризис уланат. Дүйнө жүзүндө ушундай процесстер болуп жатат. Кыргызстанга кайтардан мурда ушуну ойлонгула. Кыйынчылыктарды бул жакта жеңгенибиз туура болот» деген кеп-кеңешибизди мекендештерге ачык эле берип жатабыз. Муну түшүнгөн жарандарыбыз да бар. Элибиз ачык, эмоционалдуу болгону менен сабырдуу, пейили ток», - деген Жекшенкулов «Азаттыктагы» маегинде.

Азырынча Орусия менен Казакстандан кайткан мигранттар жөнүндө гана кабарлар кеңири. Түркиядан келген кыргызстандыктар тууралуу да азыноолак маалымат бар. Бирок башка өлкөлөрдөгү мигранттардын канчасы кайрылып келгени так эмес.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (54)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG