Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 26-май, 2020 Бишкек убактысы 11:24

Өкмөт өз планын жарыялады


Президент Сооронбай Жээнбеков жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов.

Коронавирус пандемиясы учурунда өкмөт мамлекеттин эсебинен берилген насыяны төлөө шартын карап чыгарын жарыялады.

Кыргыз өкмөтү коронавируска байланыштуу өзгөчө абалда ишкерлерди колдоо боюнча кезектеги чарасын 20-апрелде жарыялады.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, өкмөт мамлекеттик программалардын алкагында таратылган насыяларды кайтаруунун шартын кайра карап чыгууну коммерциялык банктар менен Мамлекеттик ипотекалык компанияга сунуш кылды.

Премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиевдин айтымында, өкмөттүн сунушунда азыркы кырдаалда кыйналган ишкерлердин насыяны төлөө мөөнөтү жылдыруу каралган.

«Бул чечимге ылайык, карызын жоюуда кыйналган ишкерлерге насыя төлөө мөөнөтүн бир айдан кем эмес мөөнөткө артка жылдыруу, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү албоо, насыя төлөөнү кечиктирген учурда айыппул же үстөк пайыз эсептебөө каралган», - деди Султаналиев.

Мындан сырткары өкмөт Финансы министрлигине бюджеттик каражаттарды кайтаруунун шарттарын карап чыгууну тапшырган. Анда өзгөчө абалга байланыштуу иши токтоп калган ишканаларга жыл аягына чейин пайыздарды эсептебөө сунушталды. Мындан тышкары акыркы кырдаалдан улам иши начарлаган ишканалардын төлөмдөрүн алты айга жылдыруу жөнүндө сунуш камтылды.

Кыргызстанда «Айыл чарбасын каржылоо», «Жеткиликтүү турак жай» деген сыяктуу программалардын алкагында жарандарга пайызы төмөн насыялар берилип келет. Бул өкмөт айтып убада берип жаткан антикризистик чаралардын экинчи этабы катары каралууда.

Буга чейин карантин маалында ишкерликти колдоонун финансылык жана фискалдык чараларын жарыялаган болчу. Бирок ал чаралар көбүнчө кеңеш берчү эле мүнөздө болуп, олуттуу деле көмөк болбогонун ишкерлер айтып чыгышкан.

Бишкектеги ЕККУ академиясынын изилдөөчүсү, экономика илимдеринин доктору Рахат Сабырбеков өкмөт колунан келишинче чара көргөнү менен стандарттуу эмес, ыкчам кадамдарга бара албай жатат деген пикирде.

«Биздин өкмөт «коронавирустун коркунучуна даярбыз» деп айткан эле, - деди ал. - Тилекке каршы, азыр даяр эмес экени ачыкка чыгып жатат. Өкмөттүн кылып жатканын жетиштүү деп айта албайбыз. Бирок жылдап топтолуп келаткан проблемалар азыр чыгып жатат. Ошондуктан бул пандемиянын кесепетин жоюш үчүн көп убакыт керек жана көп нерсени өзгөртүү зарыл».

Карантинден улам жумушу токтогон жарандарды азык-түлүк менен камсыз кылуу чоң маселе болуп турат. Кыргыз бийлиги каражаттан каржалгандарга азык-түлүктөн жардам берерин жарыя кылган. Ал үчүн өлкө боюнча 393 миң арыз түшүп, анын 225 миңдейине жардам берилгени расмий кабарланды.

Пандемия күчөп жаткан шартта президент Сооронбай Жээнбеков калкка гуманитардык жардам тараткан борборго барды. Ал жерден президент өлкөдөгү муктаж үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлөрүнө дагы бир жолу убада берди. Ошондой эле президент карантинден улам ишин токтоткон ишканаларды үч этап менен жандандыруу планы түзүлгөнүн айта кетти:

«Биздин мамлекеттин мүмкүнчүлүгү башка мамлекеттердей болбосо да ушундай оор, кыйын мезгилде бир адамды кароосуз калтырбайбыз. Резервдер бар. Анын баарын колдонобуз. Азыр көбүнчө кызмат көрсөтүү тармагында иштеген элибиз кыйналып жатат. Ошол тармакта ишти жандандырабыз деген ниетибиз бар. Бирок ал мезгил келе элек. 24-25-апрелден кийин карап көрөбүз. Андан кийин чечим кабыл алып, айрым ишканаларды иштете баштайбыз. Алардын тизмеси бар. Үч этапка бөлүп туруп иштей баштайт».

Президент айтып жаткан ишканалар кайсы тармакта экенин азырынча өкмөт жарыялай элек.

Бирок президент бул борборго барган учурда бир жагдай журналисттердин көңүлүн бурду. Өкмөт жарыялап жаткан азык-түлүк жардамынын көлөмү абдан аз экени талкуу жаратты. Мындан сырткары аталган жардамды таратуунун ачыктыгы дале болсо күмөн жаратып жатат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бакыт Калмаматов президент баш болгон бийлик башчылары азыркы абалда элге жардам берүүнүн башкача формасын ойлонушу керек болчу деген пикирде.

Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

«Биринчиден, жасалып жаткан иштердин такталган алгортими жок болуп жатат, - дейт ал. - Биз алгач коронавирусту өлкө аймагына киргизбөө боюнча жетиштүү чара көрө алган жокпуз. Эми болору болгон соң «кырдаалдын чыгыш үчүн иштеп атабыз» деп «дежурга» айланган аракеттерге өтүп алдык. Кыргызстанда көмүскө экономикада абдан көп акча бар экенин айтып жүрүшөт. Президент кол алдындагы прокуратура, УКМК сыяктуу органдар менен ошол көмүскө экономиканын бетин ачуу менен алектенбейби. Президент өкмөт эмес да, гумжардам таратып, пакет аралагандай?»

Кыргызстанда Бишкек баштаган төрт шаар менен төрт райондо коронавирусту жайылтпоо максатында 25-мартта киргизилген өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылган. Ал эми өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө кырдаал режими сакталууда. Ушундан улам жарандардын сыртка чыгышына чектөө коюлуп, ишканалар ишин токтоткон. Быйылкы кырдаалдан улам өкмөт бюджетке 30 миллиард сомдой киреше кирбей каларын жарыялады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (16)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG