Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 08:23

Карантинде жабыркаган жалгыз бой энелер


Иллюстрациялык сүрөт.

Карантин учурунда жардам сурап кайрылгандардын басымдуу бөлүгү жалгыз бой, балалуу аялдар болууда. Бул туурасында азык-түлүк таратып жүргөн ыктыярчылар да айтып жатышат.

Бишкек шаарынын тургуну, жалгыз бой эне Касиеттин эки баласы бар. Тигүү цехинде иштеген аял иши токтоп, бир баласын айылга жибергенге мажбур болгон. Колунда эки жаштагы баласы менен калган келин азык-түлүккө акчасы жок калганын айтууда:

«Улуу кызым апамдын колунда. Кичүүсү менен азыр эжемдин үйүнө келгем. Колумда 100 сомум калды. Эки-үч күн үйдө болгон тамак-ашты жеп, анан кантебиз, түшүнбөйм. Үйдүн ижара акысын «карантин бүткүчө күтүп турабыз» деген. Бирок ал жагы да эмне болору азырынча белгисиз».

Касиет кичүү баласы бир айлык кезинде эле күйөөсү менен ажырашкан экен. Жубайлардын колунда нике күбөлүгү жок болгондуктан, келин алимент чегерүү жөнүндө сотко арыз жазбаптыр. Анан калса балдары үчүн жөлөк пул да бөлүнбөгөнүн эстеди:

«Мен төрөгөндөн кийин эле кетип калган. Ошол бойдон байланышкан жок. Азыр кайда, эмне менен алек, билбейм. Туугандары да кайрылган эмес. Менин ичим күйгөнү - ушу жалгыз бой энелерге өкмөттүн, биздин бийлик боор тартпаганы. Мен мыйзамды билбей, өз укугумду коргой албай калдымбы же кандай, бүдөмүк. Жөлөк пул ала албай калганымда аябай капаландым. Мен бир да жолу бирөөдөн жардам сураган эмес элем. Ажырашып кеткенде да белимди бекем бууп, шак эле ишке чыгып кеткем. Айылдагылар, туугандарым укпасын деп, өзүм иштей баштагам. Азыр эми жардам сураганга аргасыз болуп отурам».

«Азаттыкка» өлкөдөгү карантинге байланыштуу өзгөчө абал учурунда ишсиз калып, балдарына азык-түлүк, жардам сураган жүздөгөн адамдар кайрылууда. Алардын көбү жогорудагы каармандарыбыздай балдарына бергенге тамак-ашы жок же жашаган батирин, алган насыясын төлөй албай жаткан аялдар.

Ушу күндөрү активисттер «Элдик штаб» кыймылын түзүп, ушундай ондогон үй-бүлөлөргө күнүгө тамак-аш баштыктарын жеткирип жатышат. Ыктыярчылардын бири, жаш ишкер Нурсултан Кубанов эл аралап жүрүп, жардамга муктаждардын көбү жалгыз бой энелер экенин байкаганын билдирди:

Нурсултан Кубанов.
Нурсултан Кубанов.

«Биз он күн ичинде миңден ашык үй-бүлөгө жардам бердик. Алардын дээрлик көбү жалгыз бой энелер экен. Бир чети аларды карантин кыйнаса, бир эсе аларды колдогон адам жок экен. Көбүнүн бир эмес, бир нече балдары бар. Бири ажырашып, дагы бирин күйөөсүн таштап кеткен. Алар көбүнчө памперс, дары-дармек сурашат. Бирок алар бизден талап кылып, «муну же аны алып кел» деле дешкен жок. Болгонун түшүнүү менен кабыл алып жатышат».

Кубанов карантинден кийин өкмөт мындай учурларды алдын алыш үчүн үй-бүлө институтуна жана үй-бүлөнү пландаштырууга көңүл бурушу керек деп эсептейт.

«Менимче, үй-бүлө институтунун баалуулугу төмөндүгүнөн ушул учурлар келип чыгууда, - дейт ал. - Ошондуктан мектеп курагындагы балдарга үй-бүлө куруу жана пландаштыруу боюнча сабактар өткөрүлсө жакшы болмок. Бул алардын түшүнүгүн кеңейтмек жана мындай учурларды азайтмак».

Карантинде өзгөчө күнүмдүк акча таап, жан баккан жарандар кыйналууда. «Аялдарды коргоо борбору» коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева азыр мындай катмарга ун, май гана таратып коюу менен маселе чечилбейт, аларга өкмөт системалуу жардам берүү жагын караштырышы керек деген ойдо.

Бакен Досалиева.
Бакен Досалиева.

«Ата-энеси экөө тең иштеген толук үй-бүлөлөргө караганда аларга эки эсе оор, - деп түшүндүрдү ал. - Себеби, колдоосу жок калышты. Алардын көбүнүн туруктуу иши болбогондуктан, ар кандай иштерде жалданып иштешет. Тигүү тармагында, базарларда же талааларда иштешет. Күнүгө иштен чарчап келип, ал жалгыз балдарга тарбия бергенге да үлгүрүш керек. Баласында да эмне үчүн алардын үй-бүлөсү толук эмес, башкача деген суроолор жаралышы мүмкүн. Аны түшүндүрүп бериши керек. Аларга тамак-аш жасап, кийимин даярдап, окутуш керек. Мунун баарын жалгыз кылуу абдан оор. Биздин менталитет, стереотиптик көз караш алардын абалын ого бетер оорлотот. Аларды көп сөз ээрчийт, коом жектеп турат. Учурда аларга таратылган он килограмм ундан эки же үч жолу нан жасай алышат. Ошондуктан менимче өкмөттөн системалуу жардам керек болот. Башкысы - туруктуу иш менен камсыз кылуу. Анткени алардын арасында жашы кичинекей же майып балдары барлары көп».

Жалгыз бой энелердин жардамга муктаждыгы жана жөлөкпул алуу маселеси кайрадан көтөрүлдү. Жөлөкпулдун орточо суммасы ар бир балага 875 сомду түзөт. Кыргызстанда 2 млн. 300 миң бала бар. Мамлекет анын 277 миңине же башкача айтканда 10% жетпеген бөлүгүнө гана жөлөкпул берет. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова буларга токтолду:

«Жалгыз бой энелердин көбү каттоосу жок аймактарда жашашат экен. Аларга мурдагыдай эле жөлөк пул төлөнүп жатат. Шаар четиндеги жаңы конуштарга азык-түлүк баштыктарын даярдап, жиберип атабыз. Аларга материалдык эле эмес, моралдык да жардам керек экен. Жалгыз иштейт, балдарын багат, тарбиялайт, колдоосу жок калганы да оор болду».

Адистер соңку кырдаал бир топ социалдык көйгөйлөрдү козгогонун белгилеп жатышат. Алар жакырчылыкта колдоосу жок балдарын багып жаткан энелердин абалы иши токтоп, колдоосу жок калган мезгилде ачыкка чыкканын айтышууда.

Ошол эле учурда мындай көрүнүштүн себептеринин бири ажырашуу маселеси деп эсептешет. Расмий маалыматка караганда, былтыр өлкө боюнча ажырашкандар мурдагы жылдарга салыштырмалуу көбөйгөн. Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлагандай, 2019-жылы 10 995 ажырашуу фактысы катталган. Ажырашуу тууралуу арыз эң көп берилген аймак – Бишкек шаары.

«Балдардын укуктарын коргоо» борборунун адиси Анара Султанова колдоосу жок калган аялдардын абалын нике күбөлүгүнүн жоктугунан көрөт. Ал ошол эле учурда кыздарга билим берип, өз укуктарын коргоого чакырды:

Анара Султанова.
Анара Султанова.

«Жалгыз бой энелердин армиясы буга чейин эле болуп келген. Бирок соңку кырдаал алардын өксүгүн, көйгөйлөрүн ачык көрсөттү. Бул жерде бир нече маселелер бар. Сабатсыздык, туруктуу иштин жоктугу да ушундай кыйынчылыктарды жаратууда. Ошол эле кезде алардын арасында нике күбөлүгү жок болуп, алимент ала албай жаткандары көп. Ошондуктан өзгөчө кыздардын билимине көңүл буруш керек».

Ал эми Кыргызстандагы үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгөрпөева үй-бүлөнү пландоо жана ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча маселе көтөрдү:

«Үй-бүлөнү пландоо - бул балдарды азайтуу эмес. «Эки же үч эле бала төрөйсүң» деп чектөө эмес. Муну көбү туура эмес түшүнүп жатышат. Бул төрөт ортосундагы аралыкты сактоо, башкача айтканда эненин саламаттыгын ойлоо. Ошол эле учурда ар бир үй-бүлө өзүнүн экномикалык абалын жана жашоо шартын эске алып, ошого жараша балалуу болууга аракет кылышат. Ажырашкандар болбошу үчүн да үй-бүлөнү пландап, бири-бирин текшерип, таанып туруп үй-бүлө куруш керек. Мунун баарын эске алуу зарыл».

Кыргызстанда 192 миңден ашуун киши жумушсуз катары расмий каттоодо турат. Алардын 93 миңге жакынын ишке жарамдуу курактагы аялдар түзөт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG