Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:05

Эл үнү: Кош бойлуу келиндин өтүнүчү, дарыгерлердин ызасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Эл үнү" берүүсүнүн бул жолку чыгарылышында социалдык тармактардан келген кайрылууларга орун беребиз.

Москвада жашаган кош бойлуу келин “Азаттык” радиосуна ушуну менен экинчи жолу кайрылууда.

- Биз аябай кыйналып жатабыз. Мен ишке чыга элекмин, документтерибизди батирдин ээси алып койгон. Каттоонун мөөнөтү бүткөн. Бир жагынан насыяны төлөгүлө деп кыйнап жатышат. Документтерибизди батир акысын бергенден кийин кайтарабыз деп койду. Күйөөм экөөбүз иштебесек акчаны кайдан табабыз? Карызга акча алдык эле, алар улам чалып айлабызды кетиришти. Бир аз азык-түлүк алсак биз менен батирде тургандар жеп коюп жатышат. Мен эмне кыларымды билбей калдым, мага жардам бериңиздер. Кош бойлуумун. Ичим ооруп, каттоодо турган дарыгериме барсам "КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын карабайбыз" деп койду. Эмне кыларымды билбей калдым. Жардамга абдан муктаж болуп жатам.

Бул келинге жардам берүүнү каалагандар үчүн телефон номуру: +7 985 208 22 95.

Кыйналган дарыгерлер

Кыргызстандагы дарыгерлер коргонуучу каражаттар жетишсиз болгонун, айрымдарын жетекчилик акы төлөнбөгөн эс алууга чыгарып жатышканын айтып даттанышты. Алар Интернет аркылуу жазуу түрүндө билдирүү калтырышып, бирок аты-жөнүн, үнүн угузбоону суранышты. Буга жетекчилиги, күч органдары тарабынан куугунтукка алынып жатканы себеп болгонун белгилешти.

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиеванын жообу:

- Жогорку Кеңеште бул маселени сөзсүз көтөрөбүз. Дарыгерлердин абалы, алардын атайын кийимдери, транспорту, маянасы, компенсация боюнча депутаттык комиссия да түзөбүзбү, айтор 15-апрелде өтө турган жыйында талкуулайбыз. "Дарыгерлер ооруну ажы тойго барып жуктуруп алды" деген билдирүүнүн да жыйынтыгы жок, аны кайсы орган бергени да белгисиз. Муну да иликтейбиз. Себеби мен ооруп калган дарыгерлер менен байланышсам, экөөнүн абалы оор. Жасалма дем алдыруучу жабдууга туташкан. Кан аралаш жөтөлө башташыптыр. Алар "бизди жаманатты кылышты, төлөп берген акчасынын деле кереги жок, 30-40 жыл бул тармакка сиңген эмгегибизди эске алышкан жок" деп нааразы болуп жатышат. Медкызматкерлерди акы төлөнбөгөн эс алууга чыгарууга да болбойт, муну да парламентте териштиребиз. Алар да мугалимдердей эле айлыгы сакталып турушу керек.

Дарыдан кыйналган бейтап

Коронавирус жуккан бейтаптын Нарындагы жакыны жазуу түрүндө кайрылды. Ал үнүн угузуп же атын атагысы келген жок.

- Мен Нарында коронавирус менен ооруган кишинин кызымын. Апамдын абалы “Лопинавир” аттуу дарыдан кийин абдан начарлап кеткен. Ал дарыны кыйнап беш күн беришти. Бирок аны иче баштаганда эле эки күндөн кийин тура албай, эч нерсе жебей жатып калды. Кычкылтек жабдуусуна туташтырышты. Ооруканага барганда эч кандай оор белгилери жок эле. Абалы, анализдери жакшы болчу. Биринчи анализи “жеңил” деп чыккан. Бирок дароо эле “Лопинавир” деген дарыны бере башташты. Бешинчи күнү апамдын абалы оорлошкондо «бул дарыны иче албай калдым, бербегилечи» деп ичпей койгон. Ошол күндөн кийин абалы оңолуп, төшөктөн туруп, өз алдынча басып калды.

Далилдөөчү медицина боюнча адис, дарыгер Бермет Барктабасованын жообу мындай болду:

- Дүйнө жүзү коронавируска каршы дарыны издеп жатат. Кургак учукка, безгекке, СПИДге каршы дарылар бар. Бирок бир да дары бул жаңы вирусту дарылай аларын тастыктаган жок. Башкысы - ооруп жаткан бейтап өзү тандоо жасашы керек. Ал далилденбеген дарыны ичүүгө макулдугун бермейинче бир да дарыгер аны мажбурлай албайт. Коронавирустан айыгыш үчүн башка оорунун дарысын ичкенде албетте тескери таасири болот. Ошол терс таасирдин баарына бейтап макул болуп, өз эрки менен кайсы бир дарыны ичиши керек.

Ош шаарынын кайгуул кызматына жумушка орношууну каалаган адам жардам сурады:

- Ош шаарында жаңы түзүлгөн кайгуул кызматына конкурс жарыяланган эле. Ал конкурста документтерди 6-апрелге чейин кабыл алабыз дешкен. Ошого чейин барып, документ тапшырайын десем эч ким жок экен. Жооптуу адамдарды ал жактагылардан сурасак, "келе элек, билбейбиз" деп коюшту. Алар айткан телефондорго чалып көрдүм, бирок эч кандай жооп ала албадык. Балким сиздер аркылуу жооп беришет.

Ош шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Замир Сыдыков ИИМдин сайтында көрсөтүлгөн телефон номурларга кайрылып жооп алса болорун айтты. Бирок бул номурларга чалсак эч ким жооп берген жок.

Ысык-Ата районунун Сын-Таш айылынын тургундары:

- Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Сын-Таш айыл өкмөтүндө “Кант-сүт”, “Үмүт Ко” жана “Бишкек сүт” компанияларынын жергиликтүү элден сүт алган жерлери бар. Интернетте бир литр сүт 54 сомдон деп көрсөтүп жатат. Бизден литрин 17 сомдон алышууда. Эмнеге бизден арзан алып жатат? Аймакта элдин 95 пайызы уй саап, сүтүн сатып жан багат.

Аталган компанияларга телефон чалып, жооп ала албадык. Алардын сайтында "карантинге байланыштуу иш убактылуу чектелип жатат" деген түшүндүрмө турат.

Түркиянын Анталия шаарында жашаган кыргызстандыктар:

- Түркиянын Анталия, Стамбул жана Анкара шаарларында 350дөн ашык киши учак күтүп жатат. Алардын абалы аябай оор, кээ бири көчөдө калган, айрымдары наны жок үйүндө жатат. Силер "ал жакта жата бергиле" деп айтып жатасыңар, бирок жата бергенге каражатыбыз жетпейт. Кыска убакытта бир учак менен өз элиңерди мамлекетке кайтаргыла деп суранат элем. Анткени ушул эл силерди шайлаган, эл жок болсо бийлик да болбойт.

Бул жарандарга Түркиядагы консулдуктун, элчиликтин өкүлдөрү жолугуп, абакаттамдары токтогонун, ошол себептен Кыргызстанга кайтуу азырынча мүмкүн болбогонун айтышты.

Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев 9-апрелде Кыргызстан чет жактагы жарандарын азырынча алып келе албасын билдирген.

«Туруктуу да, чартердик да каттамдарды ишке ашыруу азыр мүмкүн эмес экенин баса белгилейм. Башка мамлекеттер аба мейкиндигин жапкандыктан, аэропорттор жабылып, чек арадан өтүү убактылуу токтогондуктан чет мамлекеттердеги биздин жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү бир топ кыйын жана азыркы убакта мүмкүн эмес», - деген Ниязалиев.

Ниязалиевдин билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 42 өлкөсүндө кыргыз жарандары бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG