Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Эл үнү: Көздөн учкан мекен... Кимге кайрылабыз?


Москванын «Шереметьево» аба майданында токтоп турган учактар, 27-март, 2020.
Москванын «Шереметьево» аба майданында токтоп турган учактар, 27-март, 2020.

Коронавирус кризисинен улам Түркияда ара жолдо калган 200дөн ашуун жаран Кыргызстанга учуп келди. Орусиянын ар кайсы аймактарынан мекенге жете албай жаткан мигранттар «эми бизди качан алып кетишет» деп «Эл үнүнө» кайрылууда.

Аскар, Москвада иштеген мигрант:

- Досум экөөбүз азыр Москвада турабыз, жумуш жок, Кыргызстанга кетүүгө туура келип жатат. Учак жок экен, «автобус жөнөттү» деген маалымат уктук, ошолор менен кантип байланышсак болот?

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

- Москвадан биз мартта эле кетишибиз керек эле, иштен да чыгып алганбыз, ошентип жумуш да жок. Батирге төлөгөнгө акчабыз жок, жумуш жок, эптеп Кыргызстанга жетип алсак жакшы болот эле. Жолду ачып койсо, өзүбүз төлөп эле учуп кетет элек. Канчалаган апалар, эжелер кыйналып жатышат, иши жок, бала-чакасын бага албай калышты. Деги ойлонбойсуңарбы, аба жолдорун ачып койсоңор боло?

Москвада иштеген жаран:

- Москвадан 24-мартка билет алдык эле, 22-майга жылдырып койду. Болгон акчабыздын баарын жеп-ичип салдык, эми эшикке да уруксат кагазы менен чыга турган кылып койду. Элчиликке чалсак, «силерге окшогондор толтура» деп жатышат. Кимге барабыз, кимге кайрылабыз?

Аэропортто калган жүгүнчү:

- Мен Новосибирскинин аэропортунда транзитте калган кыргыз жарандары боюнча кайрылып жатам. Мына, бүгүн 17-апрель болду, эч кандай чечим чыга элек. Новосибирскиде жаткандардын арасында бир жакшы эжебиз бар эле, ошол кайтыш болуп, азыр «Тез жардам» келип алып кетти. Буга чейин боюнан түшүп калган келин бар эле, ал да катуу ооруп, азыр аны да «Тез жардам» алып кетти. Биздин өтүнүчүбүз – эртерээк учак дайындап, бизди алып кетишсе жакшы болот эле. 22-марттан бери ушул транзитте жатабыз, эми дагы каякка жатабыз?

Москвадагы мигрант:

- Биздин президент Сооронбай Шариповичке Москва шаарындагы жарандардын атынан кайрылып жатам. Бизди кандай гана шарт болбосун Москвадан өз мекенибизге чыгарып кетүүңүздү өтүнөбүз. Азыркы тапта 500дөн ашык адам Жаштар уюмунун тизмесине катталууда. Анын баары жумушсуздар.

Стамбулда калган жарандар мекенге кайтышты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:50 0:00

Жардам күткөн энелер

Айзада Бакытбек кызы, Күн-Туу айылына жетпей дачада батирде жашайт:

- Батирдин акчасын да төлөй албай жатам, жумуш жок. Бир балам бар, жети айлык кош бойлуумун. Азык-түлүк алабыз деп дүкөндөргө карыз болуп кеттик, азыр барып сурасам да бербей койду. Суранарым, мага да жардам берип коюңуздар. Күйөөм жок, эки-үч ай мурда урушуп кеткенбиз, ошол бойдон андан да дайын жок. Эч ким мага жардам бербей жатат. Бул жакка келишпейт да окшойт. Мен жашаган жер «Строительная дача» деп аталат.

Ата-жөнүн айтпаган аял:

- Эки балам бар эле, экөө тең кичинекей, азык-түлүк калбай калып, ошондон кыйналып жатабыз. Ошого жардам бересиздерби деп чалып жатканбыз.

Бегимай Намазбек кызы:

- Чүй облусунун Сокулук районунун Заря айылында, Лавровых көчөсүндөгү 129-үйдө жашаймын. Жардам берүүңүздөрдү суранабыз.

Көп балалуу эне:

- Мен жети баланын энесимин, аз камсыз болгон үй-бүлөбүз. Жолдошум күнүмдүк жумушка чыгып иштечү эле, бул кырдаалга байланыштуу иштебей калды. Бир балам майып, кайрымдуулук фонддорунан эч кандай жардам ала элекпиз. Жардамды кандай алсак болот деп кайрылып жаттым эле. Эгерде жардам беребиз десеңер менин номурум 0774-000-518.

Аты-жөнү белгисиз аял:

- Бизде азыр карантин болуп эшикке чыгарбай жатат. Балама памперске, сүткө акча керек болуп жатат. Балам эми бир жашка чыгат.

Ош шаары: таза суунун азабы

Айнура Азимова, Ош шаарындагы 218-кварталдын тургуну:

- Төрт балалуумун, жалгыз бой энемин. Биз 20 жылдан бери таза суусу жок отурабыз. Биз мурда таза сууну сатып алып иччү элек. Эми «Ош суу каналынын» айдоочулары келбей жатышат. Оштун комендантына жардам сурап жаздым, квартал башчыга кайрылдым, эч кандай жооп болгон жок.

Жардам күткөн жаран:

- Мага жардам бербей жатышат, бир кап ун, жок дегенде балдарыма тамак жасап бергенге беш литр май керек. Бардык жакта дүкөн жабык, жол жабык, үйдөн чыга албай калдым. Иштеп турсам эч кимден жардам сурабайт элем, жардам берип коюңуздар. Кварталдык комитеттер ун сатып жатканын билем. Алар кошуналарыма 1800 сомдон ун сатып жатышат. Жол киреси менен 2000 сом болду. Мага ««Фрунзе» маркетинен алып келип жатабыз» деп коюшту. Буларды ким көзөмөлдөйт? Ким жардам берет?

Аты-жөнү белгисиз жаран:

- Мына бул Базар-Коргондун базарында, жаңгак базарда кадимкидей адамдар көп, күрүч, дан базар иштеп жатат. Ун да турат, бир кабы 1700-1800 сомдон. Биз азыр Базар-Коргондо жүргөндөн коркуп жатабыз.

Демөөрчүлөр: Кайрымдуулук менен кыйынчылыкты жеңебиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:11 0:00

Өткөрмө күткөн ишкер:

- Комендант Алмаз Орозалиевдин «ишкерлерге өткөрмө берип жатабыз» дегени калп. Бүт кымбат «Лексус», «Тойота» мингендер өткөрмө менен жүрүшөт. А биз болсо өткөрмө ала албай, канча күндөн бери жалдырап жүрөбүз. Улам эле четке кагат, өтүнүчүбүздү. Баягыдай эле жең ичинен өздөрүнчө иштеп, акча таап жатышат. Элдин кыжырын кайнатышты, «бөрк ал десе баш алгандар». Мындай кызматкерлерден эл тажады. Дарыканага, базарга бара албайбыз, элди кыйнап бүтүштү.

Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев 17-апрелдеги басма сөз жыйынында мындай жооп берди:

- Бүгүнкү күндө биз электрондук системаны киргиздик. Интернет аркылуу кайрылсаңар болот. Силердин арыз сөзсүз каралат. Эгер талапка жооп берсе электрондук өткөрмө беребиз.

Жарандардын үнү

Аты жашыруун калуусун каалаган Германиянын ооруканасында медайым болуп иштеген мекендешибиз:

- Германиянын медицина тармагында иштеген догдур болобу, медайым болобу, санитарка болобу баарына ушул жылдын июнь айында 1500 евродон сыйлык төлөнөт. Ал сомго айланганда 160-170 миң сомдун тегерегинде болот. Бул иштеп жаткан дарыгерлер үчүн кандайдыр бир деңгээлде колдоо болот. Кыргыз өкмөтүнүн ооруп калган эле медициналык кызматкерге 200 миң сом төлөнөт дегени туура эмес. Адам ооруга чалдыккандан кийин өмүрүн баалоо натуура деп ойлойм.

Германияда оору башталганда эле дарыгерлер арасында атайын окуулар өткөрүлүп, вирус эртеби-кечпи элдин 70-80% жугат, эң негизгиси ооруканаларда башаламандык жаратпай, оорунун жай тарашы үчүн карантин киргизилиши керек, анан бара-бара элде коллективдүү иммунитет жаралат деп кабарланган.

Депутат Момбековдун “вирус жуккан ар бир медикке миллион сом берилиши керек” дегени өтө эле аша чапкандык. Бай Германия деле анчалык берешендикке барбайт. Бул жерде деле коргонуучу кийим-кече жетишпей, дарыгерлер оору жугузуп алып жатышат. Тесттер дагы жетишсиз, Кыргызстандагыдай болуп чоңдор оорубаса деле обу жоктонуп текшерилбейт. Биринчи жөнөкөй сасык тумоого анализ алышат, коронавирус чыкса гана дыкат текшеришет, анткени тесттер кымбат. Ошон үчүн ооруду дегендердин анализин комиссиянын көзүнчө текшерип, чындап ооруганын же оорубаганын аныкташ керек.

Бакыт Абдымалик уулу:

- Элге терс таасир этип, мамлекетке сөз тийгизген маалыматты чыгарбай туруңуздар. Анткени азыр биз бири-бирибизди чукуп, мазактай турган учур эмес. Биз азыр бириге турган замандабыз. Кыргызстан кыл учунда, мазактаган, сөгүнгөндөрдү чыгарбаңыздар.

Урматтуу окурман, «Эл үнү» программасынын «WhatsApp» номери: 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG