Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Эл үнү: Жаңы төрөгөн эне батирден куулду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

“Эл үнү” программасына Кыргызстанга келе албай жаткан миңдеген мекендештин маселеси боюнча кайрылгандардын саны арбын. Он күн мурда көз жарган жалгыз бой эне жардам сурайт.

Анаркан Кадыралы кызы, Москвада калган мигрант:

Биз Москвадагы кыргыз мигранттары бийликтегилерге үнүбүздү жеткирип коюуну суранабыз. Азыр Жогорку Кеңештин жыйынын көрдүк. Биздин маселени козгоп, депутаттар айтып жатышат. Баарын кошкондо 4500 адам дешти. Алар билет алгандарды гана эсептеп, айтып жатышат. Бирок бул жакта кетебиз деген кыргыздар өтө көп. Баарыбыздын ишибиз жабылып калды. Авиарейстерди каттатып, кыргыздарды алып кетишсинчи... Кыргыздын канча уул-кыздары кор болуп жатат. Элге бир үмүт бергилечи.

Марат Карабеков, Ош облусунун тургуну:

Ушул биздин мигранттарды кор кылбай эле, Орусиянын ар бир шаарына учак жиберип, бир жумада алып келип алса болот го. Мамлекеттин колунан келбей, күйүүчү майга акча таппай жатса, эл чогултуп эле береличи. Убагында мигранттар бизди багып жатат деп, мигранттардын акчасын айтышчу эле. Биздин башчылар кайда? Эл журт силер деп сурап алат деп, бийликте тургандарга эскертеличи.

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин 15-апрелдеги жыйынында мигранттарды алып келүү маселеси боюнча төмөндөгүдөй маалымат берди:

Мамлекеттин эсебинен берилген акча, демөөрчүлөрдүн берген жардамынын эсебинен кээ бир жарандарыбызды хостелдерге жайгаштырып, үч маал тамагын уюштуруп жатабыз. Башка жерлерде да ушул ишти уюштурууну кечээ сүйлөштүк. Бардык жерде маселени дароо чечкенге мүмкүнчүлүк жок. Мамлекеттер арасындагы байланыштар мурдагыдай эмес, маселе оорлошуп жатат.

Азыр эми элчиликтер, айрыкча Орусияда биздин жарандарга барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгүлө деген тапшырма берилген. Кээ бир жерлерде биздин жарандар “аларды көргөн жокпуз, эч ким келген жок” деп жатышканын угуудабыз. Ошондуктан ушу тапта бүт баарын тактап, чогуу жүрө тургандай кылып, байлап берүү тууралуу маселени чечип жатабыз.

4000 жаранды бир күндө эле алып келүү кыйын, аны баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Алар келгенге чейин материалдык-моралдык жардам берүүнүн үстүндө иштешибиз керек. 11-апрелге Новосибирскиден рейс даярдалып, уча турган болуп калган. Сүйлөшүү болуп жаткан. Кандайдыр бир себептерден улам кийинкиге жылып калды. Азыр сүйлөшүү жүрүп жатат, бүгүн-эртең чечилип калышы мүмкүн.

Жаш төрөгөн эне жардам сурайт

"Мен жалгыз боймун. Ата-энем кичинемде каза болуп калган. Жолдошум жок, кош бойлуу кезимде ажырашып кеткенбиз. Төрт жаштагы кызым бар, экинчи баламды төрөгөнүмө 10 күн болду. Батирден кожойке “төлөй албайсың, башка жакка барып жаша” деп чыгарып салды. Кулуев көчөсүндө бир күндүк батирлер бар экен. Ошол жердеги кожойкеге сүйлөшүп, батир тапкыча жашап турайын деп, эки-үч күнгө киргем. Балама да кийим-кече ала албай калдым. Кызым болсо “курсагым ачты, тамак жейм” дейт. Мүмкүн болсо мага жардам бериңиздерчи".

"Азаттык": 10 күн мурун көз көз жарган энеге наристенин кийими, турак жай жана тамак- аш жагынан жардам берем дегендер бул 0-778-15-09-93 номерине чалып байланышса болот.

Эки апта кантип жашайбыз?

Айжан Көкүмова, Бишкектин тургуну:

"Жалгыз бой энемин. Кызыл-Аскерде батирде турам. Дарегим: Жамгырчинов көчөсү, 88А".

Бахадыр Имамалы уулу, Калыс-Ордо конушундагы 11-көчөдөгү 76-үйдүн тургуну:

"Үйдө тамак-аш калбай, бир-эки жерге кайрылдык. Кабар алабыз деп коюшуп, эч ким байланышкан жок. Жаңы төрөлгөн кызым бар".

Айдай Болотбек кызы, Ак-Ордо конушунун тургуну:

"Төрт балам бар, жолдошум курулушта иштечү. Азыр алган тамак-ашыбыз түгөндү. Орто жерде үч күн ачка отурдук. Элден жардам сурап, бир аз тамак-аш алдык эле. Ал да түгөнүп баратат. Балдарым акча калбасын деп жардам сурап жатабыз".

Назгүл Эрбаева, Кызыл-Аскерде жашайм.

"Таза эле акча калдым го. Үч-төрт картошка бар экен, акыркысын куурудум. Же ун жок, же май жок – баары түгөндү. Төрт баш пияз калды. Эртең эмне кылам деп отурам. Кредиттин акчасын да түгөттүк. 2500 сом батир акысын бердим, ошону менен жок болду. Эч нерсем жок кылды. Дүкөнгө 3000 сомдон ашуун карыз болуп калдым. Кимден жардам сурашты да билбей калдым".

Назгүл Эрбаева, Кызыл-Аскерде Власов көчөсүндөгү 48-үйдө батирде турам. Үч жарым жашар кызым бар. 1-топтогу майыпмын.

Самудин Асанбаев, Нарын району, Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн Шоро айылынын тургуну:

"Радиодо Боронов күнүгө эле “азык-түлүк арзан, кымбаттабайт” дейт. Биздин айыл өкмөтүндө унду 1600-1700 сомдон алып келип, 1800 сомдон сатып жатат. Солярканын литрин шылуундар 45 сомдон сатып жатат. Муну көзөмөлдөгөн айыл өкмөт жок, же аким, же губернатор жок. Эл жакырланып, бири-биринен ун сурап жатат. Биякты деле ойлоп койбосуңарбы. Нарында бир кыймылдаган жетекчи барбы, айланайын? Карантин деп үйдөн чыкпай, жылбай жатабыз. Мен айылдан алты чакырым жерде кыштоодо турам. Пенсияны жеткирип берет деди эле. Пенсиясы жок, үй-бүлөм ачка отурат. Бизди бир ойлоп койбойсуңарбы!".

Анаркүл Эшенбаева:

"Бишкекте Рабочий городокто турабыз. Күнүмдүк жумушта иштечү элем. Анан карантинде акча да, тамак-аш да түгөндү. Ошон учун сиздерге кайрылып аттым эле. Кочкорская көчөсүндөгү 95-үйдө батирде турабыз. 4-батир".

Үйдө баланы кантип окутуу керек?

Айгүл Абдыканова, Ысык-Көл районунун тургуну:

"Онлайн окуу башталгандан бери көпчүлүк ата-энелер балдары менен урушуп, балдарын сабап, кордук көрсөткөндөр аябай эле көп болуп жатат. Чоңдору кичинекейлерге “сенин мээң иштебейт, көк мээ экенсиң, окуй албайың” деп урушуп атышат. Ар бир мугалим ар бир балага өзүнчө мамиле жасап, өз ыкмасы менен окутат да. Үйдө жаткан ата-эне баласын кантип окутууну билбей, кичинекей 1-класстагы баласынан бери аёосуз сабагандар көп болуп жатат. Сураныч, ата-энелер кичине акылына келишсинчи".

Балдар психологу Тынчтык Бакытовдун ата-энелер менен балдарга берген кеңеши:

"Чындыгында ата-энелер да, балдар да аралыктан окутууга даяр эмес экенин көрсөттү. Мектеп дагы балдар менен ата-энеден көптү талап кылбашы керек. Эгерде берилген үй тапшырманын 50% окуучу аткарса, бул чоң жетишкендик.

Экинчиден, ата-энелерге кеңеш. Дүйнө жүзүнда чоң-кичине дебей, коронавирус жайылып жатат деп дүрбөлөңгө түшүп жатабыз. Ошого байланыштуу ар бир кишиде стресс күчөп баратат. Үйдө отуруп калган балдар мындай маалда өздөрүн ар кандай сезиши мүмкүн. Мектеп курагындагылар үчүн бул жаңы кубулуш, жаңы стресс. Онлайн форматта окуу аларга түшүнүксүз болуп жатат. Ата-энелер сабырдуу болушу керек. Билим берүү системасы балдарган талап-суроону азайтышы зарыл.

Мектеп окуучусунун негизги авторитети – мугалим. Балдар үйдө ата-энелери менен талашып-тартышы мүмкүн. Ата-энелер муну түшүнүп, балдарын сабырдуулук менен тарбиялашсын".

Элден түшкөн жардам кайда?

Назгүл Акматалиева, Нарын облусунун тургуну:

"Эмне үчүн элге жардам толук жетпей жатат? Элге жеткени коомчулукка көрсөтүлбөй жатат. Эл ичинен адамдарды ошол эле парламент, өкмөт, аткаминерлер өз жандарына алышсын. Бизге ошолор көз болуп беришсин. Кайсы жардам кайда кетип жатканын, гуманитардык жардам кайда келип жатканын эл өз көзү менен көрүшү керек. Эгер ушундай тапта кете берсе, анда элдин каны кайнайт. Калктын ичинен комиссия түзүлүп, бизге көрсөтсүн".

Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Бороновдун жообу:

Өкмөттө акчалай жардамды кабыл алчу эки эсеп иштеп жатат. Саламаттык сактоо министрлигинде демөөрчүлөрдөн жана ишкерлерден, жарандарыбыздан түшкөн каражат – 125 миллион сом. Анын 38,5 миллиону атайын комиссиянын чечими менен марттагы медицина кызматкерлеринин маянасына кошумча төлөнүп берилди. Башка акча ордунда. Эсепте турат. “Жеп алды, ичип алды, айтпай жатат, көрсөтпөй койду“ деген туура эмес.

Экинчи Социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 13,5 миллион сом түштү. Анын 4,3 миллионун аярлуу катмарга жардам берүү үчүн коротту. Калган акчасы турат. Башка мамлекеттерден келип жаткан жардамдын бардыгын help.covid.kg деген сайт бар. Ошол жерде бардык маалымат турат.

Урматтуу окурман, «Эл үнү» программасынын «WhatsApp» номери: 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG