Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:22

Эл үнү: карайлаган энелер, жүрөктү өйүгөн насыя


Бишкек.
Бишкек.

«Эл үнүнө» жаңы конушта жашап, тамак-ашка жетпей кыйналган энелер кайрылышты. Насыясы барлар сарсанаа болушууда. Орусия менен БАЭдеги айрым мекендештер ишсиз калып, үйүнө да кайта албай кыйналып жатканын билдиришти.

Махабат Жолдошова, Дордой-2 конушунда Набережная-Ленинская деген көчөдө жашайт:

"Ушул жерде 36 түтүн бар экен, бизге такыр жардам жетпей койду. Дордой-2 конушунда эл эки күндүн биринде жардам алып жатат. Биздин көчө болсо сайдын ортосунда. Үстүбүздө Ленин көчөсү, бул жак бетибиз "Дордой". Ошол жерден сай кетет. Сайдын ичинде 30 түтүндүн тамы бар. Биз же Ленин, же Свердлов районуна карабайт экенбиз. Менин алты балам бар. Азыркы тапта тамак-ашыбыз калган жок. Кечээ айыл өкмөтү квартал башчыга “силер бизге карабасаңар кантип жардам беребиз?” деди. Президентке, өкмөткө, 120 депутатка аялдардын атынан “жардам бергиле” деп кайрылдык. Күйөөм иштебей үйдө, ал иштеген маалда эч кимден эч нерсе сурабай эле жашачубуз. Күнүгө тапканы күнүмдүккө жетчү. Азыр аябай кыйналып жатабыз".

Мастурат Бирназарова, Өзгөн районунун Мырза-Арык айылынын тургуну:

"Ун кымбаттап кетти го. Өзгөндө 1650, айылда болсо 1750 сомдон сатылып атат. Алган пулубуз эч нерсеге жетпей калды. Бир пенсионердин пулун алып иштетебиз".

Жылдыз, Чолпон-Ата шаарынын Ак тилек көчөсүндө жашайт:

"Үйдө төрт бала менен иштей албай отурам. Жей турган тамак-ашыбыз саналуу гана күнгө жетет. Жардам берип коюңуздарды өтүнөм. Өз үйүбүз жок, батирде турабыз".

Атын айтпаган аял:

"Ак-Бата конушунда батирде турам. Тамак-аштын баасы кымбат. Шекерди башында 35 сомдон, кийин 38ден алсак, азыр ар кандай баада сатылып жатат. Бир жерде 45, башка жерде 50-55 сомдон. Себебин сурасак, “бизге кымбат келип жатат” деп жооп беришти. Биз батирде жашагандыктан, 5 сом болсо да үнөмдөп калгыбыз келет. Тамак-аштын баасын көзөмөлдөп, карап койсоңор. Бир аз болсо да жардам болмок".

Атын айтпаган аял, Лейлек району:

"Ата-энем баткендик, өзүм Ош жакка турмушка чыккам. Үч балам менен ар кайсы жерде иштеп, күн көрчүбүз. Күйөөм биз менен жашабайт. Ата-энемдин үйүнө келдик, бирок бул жерде деле кыйраткан шарт жок. Булар да оорукчан. Кантип жардам алсам болот?".

Атын айтпаган аял, Бишкек шаары, Учкун конушунун тургуну:

"Төрт балам бар. Жолдошум ижарага машине алып, маршрутка айдачу. Күнүмдүк иш менен алектенчү. Эми аябай кыйналып жатабыз, тамак-аш жок. Жардам сурайм, өзүм иштебейм. Балдар менен үйдөмүн".

Атын айтпаган аял, Бишкек шаары:

"Үч кичинекей балам менен үйдө отурам. Атабыз майып. Бир жумадан бери жаныбыздагы дүкөндөн карызга тамак-аш алып, жеп жатабыз. Эже да “эми карыз бербейм” деди. Биздин көчөдө дагы бир беш балалуу үй-бүлө бар. Анын күйөөсү да иштебейт. Ошолорго да жардам көрсөтүп койсоңуздар".

Рахат, Бишкектин тургуну:

"Өзгөчө көп кабаттуу үйдө жашагандарга жарыкка, сууга, газга төлөгүлө деген дүмүрчөктөр токтобой келип жатат. Биз азыр иштебей үйдө отуруп калдык, акчаны кайдан табабыз? Ошолорду өкмөткө жеткирип койсоңуздар. Ал жагынан өкмөт жакшы иштеп жатат, өз убагында төлөгүлө деген дүмүрчөктөр келип жатат. Карапайым адамдарга жеңилдик кылып, ушул маалда бир-эки ай болсо да жаба турушса".

Насыянын санаасы

Эрмек Түлөбердиев аттуу жаран банктан чоң суммада кредит алган. Кырдаалга байланыштуу банк төлөө мөөнөтүн үч айга узартканы менен ошол үч айлык үстөгүн кайра кошуп, суммасын көбөйтүп койгонун айтып, “Эл үнүнө” кайрылды.

Назгүл Абдыкалыкова:

"Биз насыя алганбыз. Бирок бүгүнкү күндө эч ким иштебегенине байланыштуу төлөөгө мүмкүнчүлүк жок. Президенттин көрсөтмөсү менен чоң жана чакан ишкерлик менен алектенгендерге гана төлөө мөөнөтүн узартууга уруксат берилиптир. Күндөлүк турмуш-тиричиликке байланыштуу насыя алгандарга эч кандай жеңилдиктер каралбаптыр. Эми биз кандай кылсак болот? Эмне үчүн бизге окшогондорго үч айга чейин узартып же дагы кандайдыр бир уруксат берилбейт? Карапайым адамдарга эч кандай жеңилдик каралбай калыптыр. Азыр насыя төкмөк түгүл, тамак-ашка каражат жок".

Насыяга байланыштуу "Эл үнүнө" кайрылгандар арбын. 10-мартта Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева бул маселе боюнча төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

18-мартта Улуттук банк атайын токтом кабыл алган. Анда коммерциялык банктар жана башка финансылык-кредиттик уюмдардын иши тескелет. Токтомдун негизинде негизинде Улуттук банк башка банктарга:

1) Кредиттик келишимдердин шарттарын кайра карап чыгууга, комиссиялык жана башка төлөмдөрдү чегерүүгө жана алууга тыюу салынган;

2) Кредиттик келишимде каралган милдеттемелерди аткарбаганы же өз маалында төлөбөгөнү үчүн карыз алуучуларга айып салууга, анан ичинде кошумча айып төлөм салууга жана алууга тыюу салынган;

3) Берилген насыя боюнча төлөмдөрдү кеминде үч ай мөөнөткө узартуу сунушталган.

Москвада аэропорттон куулган мигранттар

Аты-жөнүн атабаган мигрант:

"Урматтуу кыргыз элим, мына көргүлө. Биздин элчиликтин бизге кылган чоң жардамы – ОМОН келип, бизди көчөгө кууп чыкты. “Билети барлар көчөдө калбайт, баарын чыгарып кетебиз” деп айтышкан".

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетованын бул маселе боюнча жообу:

"Өзүңүздөр билгендей, 29-мартта “Шереметьево” аэропортунан акыркы рейс 400 киши менен кеткен. 60-70тей жараныбыз калып калган. Аларды кыргыз диаспорасы даярдаган хостелге алып кеткенбиз. 5-апрелде учак болбой калгандан бери биздин жарандарыбыз нааразы болуп, кайра аэропортко кетишкен. Жатаканага биздин диаспоранын өкүлдөрү, деги эле кайдыгер карабаган мекендештер тамак-ашын, керектүү нерсесинин баарын алып келип жатышкан. Штаб тарабынан медициналык жардам көрсөтүлүп, ден соолуктары текшерилип, тийиштүү медициналык кароодон да өтө башташкан. Беткап, колкап таркатылып жатты. Ага карабай, жарандарыбыз чыгып кетишкен. "Шереметьевонун” терминалдары жабык болчу, бирок аэропорттун алдына барып отуруп алышты. Аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаттык.

Орусиядан мекенине келе албай жаткан мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:41 0:00

“Элчилик ОМОНду чакырып, бизди чыгарып ийди” деген чындыкка дал келбейт. ОМОН деп айткандары да туура эмес, алар ошол аэропорттун күзөт кызматынын аскерлери. Алар уруксат бербей жатат. Москвада коронавирус жуктургандардын саны күндөн күнгө көбөйүүдө. Ошондуктан булар тартипти катуу кармап, үч кишиден ашык чогулбасын деп талап кылып жатат. Анан элчиликтин кызматкерлери таң эрте 4-5те машиналар менен кайра хостелге ташып келдик. Биздин жарандар макул болбой, кош бойлуу келиндер “силер аэропорт менен сүйлөшүп бергиле, ушул жерде отурсак, кетип калабыз” деп көгөрүп жатышты. Хостелге кайтууга араң көндүрдүк. Ушундай кыйын кырдаалда элчилик эч качан өз жарандарын башка бирөөлөргө салып бергени тууралуу сөз болбошу керек. Азыр хостелде биздин жарандар акысыз жашайт. Бизде дагы бир көйгөй – үйүндө отурган жарандар. Алардын тамак-ашы түгөнүп, мындан ары бир ай кантип отурушат – ошонун баарын штаб ойлонуп жатабыз".

Бириккен Араб Эмираттарында иштеген Нурайым Исмаил кызы:

"Акыркы алты жылдан бери Бириккен Араб Эмираттарында жашайм. Коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам бардык соода түйүндөрү, кафе-ресторандар, мейманканалар жабылды. Кызматкерлерин жумуштан чыгарып жатышат. Бул жакта мыйзам боюнча жашаган жерди, медициналык камсыздоону жана визаны кызматкерди жалдаган компания берет. Жумуштан чыгарып койгондон кийин ал кишинин жашаган жери да жок калат. Медициналык камсыздандыруусу, визасы да токтотулат. Жарандарды “келбей тургула” деп атышат, бирок антели десе, бул жактагы шарт өтө оорлоп кетти.

Бул жактагы кыргыздардын соцтармактагы тайпасына “акыркы 200 сомум калды, Кыргызстанга жетип алайын” деп суранып жазып жатышат. Медициналык камсыздандыруу жок болсо, ооруканага да барып көрүнө албайсың. Эгер коронавирус жуктуруп алса, биздин мекендештер ооруканага барып, дарылана албай калышы мүмкүн. Камсыздандыруусу жок, ооруканага бир жолу барып догдурга көрүнгөн 700-800 доллар турат. Бул деген тейлөө чөйрөсүндө иштеген кыргыз мигранттын бир айлык акысы. Бул өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп жатат. Ушул жактарын эске алганда, орто жолдо эч нерсеси жок калган мекендештерди ойлоп, биз да кыжалат болуп жатабыз. Бияктагы кырдаалды тереңирээк түшүнүүгө жардам берет деген үмүттөбүз".

Тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев 9-апрелде Кыргызстан чет жактагы жарандарын азырынча алып келе албасын билдирген.

«Туруктуу да, чартердик да каттамдарды ишке ашыруу азыр мүмкүн эмес экенин баса белгилейм. Башка мамлекеттер аба мейкиндигин жапкандыктан, аэропорттор жабылып, чек арадан өтүү убактылуу токтогондуктан чет мамлекеттердеги биздин жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү бир топ кыйын жана азыркы убакта мүмкүн эмес», - деген Ниязалиев.

Ниязалиевдин билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө дүйнөнүн 42 өлкөсүндө кыргыз жарандары бар.

8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жалпысынан 20-марттан бери бүгүнкү күнгө чейин чет мамлекеттерден чартердик рейс менен 4769 кыргызстандык алынып келгенин айткан. Ал мекенине кайтууга жардам сурап жаткан сырттагы мигранттарга кайрылып, аларды коронавирустун активдүү фазасы аяктаганча жолго чыкпай турууга чакырган.

«Азаттыкка» жүздөгөн мигранттар кайрылып жатат. Алар өкмөттөн жолун таап, алып кетүүнү суранууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG