Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Эл үнү: Капыстан жааган кар, учак күткөн студенттер


Аэропортто калган мигранттар.
Аэропортто калган мигранттар.

«Эл үнүнө» капыстан жааган кардан улам электр жарыгысыз калганын, тамак-аш жетпей жатканын айтып кыйналгандар кайрылышты. Түркия менен Түндүк Кипрде ара жолдо калган студенттердин кайрылуусуна да орун беребиз.

Ибадат Эрматова, Бишкектеги Арча-Бешик конушунун тургуну:

- Үй суук, балдар үшүп жатат. Бул жерде баарыбыз эле негизинен электр жарыгын колдонуп күн көрөбүз. Биз жакта газ жок. Эми кар жааганда жарык улам-улам өчүп жатат. Өткөндө «электр энергиясы үзгүлтүксүз болот, кам санабагыла» деп айтылды эле. Кана эми?

Нурсултан Акмырза уулу, Ала-Бука районундагы 1-Май айылынын тургуну:

- Телевизордон Кыргызстандын жакшы каналдарын деле көрө албайбыз. Чек аралаш жашагандыктан Өзбекстандын каналдары тартат. Биздин балдар кантип онлайн окушат? Өзбек каналдарынан окушабы же кандай? Мобилдик байланыштын сим-каратсы бул жакта турсун, бизде антенна чыкпайт. Анан кантип онлайн окушат? Антенна кармашы үчүн күн-түн дебей бир чокуга чыгыш керек.

Анан да депутаттардан сураныч: кечээ бизге жардамга ун келди. Арзан деп келди. 1680 сомдон сатып жатасыңар. Ошол унду бекер таратсаңар болот эле го. Жок дегенде 1200 сомдон сатсаңар болот эле.

Айгүл Боронова, Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы Көк-Там айылынын тургуну:

- Бизде Кыргызстандын мамлекеттик телеканалдары тартпай жатат. Аралыктан окутуу болсо башталды. Биз балдарды кантип окутабыз, билбейм. Өзбекстандын гана каналдары тартат. Биз эми өзбек каналдардан сабак өтө алмак белек? Адегенде ушул маселени чечип алып, ошондон кийин гана аралыктан окута баштаса болмок. Мен окуучуларыма кантип сабак өтөм? Антеннабызды бийикке да коюп көрдүк, бирок баары бир кыргыз каналдары чыкпай жатат. Ушуну чечип берсеңиздер, сиздерден сураныч.

Зарина, Кант шаарынын тургуну:

- Жалгыз бой энемин. Балам менен үйдө отурам. Карантинге байланыштуу жумушум да токтоп калды. Батирде турам. Өкмөттөн жардам сурасам дайыны жок. Эки жыл мурун күйөөм менен ажырашып кеткем. Тамак-аш жагынан жардам берип койсоңор.

Мээрим Дүйшеева, Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургуну:

- Батирде жашайбыз. Бир кыз, бир уулубуз бар. Кичинекей балабыз үч айлык, колдон тамак ичет. Ошого кыйналып жатабыз. Жардам берип коё аласыздарбы?

Жунушев Бактыбек, Бишкек шаарынын тургуну:

- 1-топтогу майыпмын. Келинчегим почта кызматкери. Анын айлыгы аз болгондуктан, бала-бакырага жок дегенде ун, картошка, май, чай жагынан жардам берсеңер. Биздин телефон номерибиз: 0708-116-770.

Динара, Таш-Көмүр шаарынын тургуну:

- Бизге жардам келген жок. Эл абдан кыйналып жатат. Алардын катарында биз да кыйналып жатабыз. Эртең акыркы ундан нан жапсам, анан кандай болорун билбейм. Же бир сом акча жок. Мэрияга эки жолу барып келдик. «Жардам келет» дешкен. Төрт балам менен «жардам келет» деп үмүт кылганыбызга беш күн болду.

Түркия менен Түндүк Кипрде ара жолдо калган студенттер

Урал Турдубеков, Түркияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттердин атынан кайрылып жатам.

- Түркияда да абал оор. Окуу жайларда билим берүү токтогон. Азыркы учурда жүздөгөн кыргызстандык студенттин абалы оор. Биз ара жолдо калдык. Өлкөбүзгө өз алдыбызча кайталы десек бардык аба каттамдары токтотулган. Студенттер жашаган батирлеринен чыгарылып, жатаканалар жабылды. Күн көрүүгө каражат түгөнүп баратат. Бизди да бөтөн жерде калтырбай, атайын учак менен алып кетүүңүздөрдү өтүнөбүз. Биздин казак досторубузду өз өкмөтү чартер учак менен алып кетишти. Биздин маселени да оң жагына чечип бересиздер деп үмүт кылабыз.

Студенттер: Ара жолдо ач калдык
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:28 0:00

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич! Урматтуу Дастан Артисбекович!

Биз - Кыргызстандын жарандары Түндүк Кипр жумуриятында билим алып жана иштеп жатабыз. Азыркы кырдаалда бизге жардам берүүңөрдү суранабыз. Бул жерде окуу жайлары менен иш орундары толук токтотулду, азык-түлүк кымбаттап жатат. Кээ бир жатаканалар карантинге жабылып, студенттерди чыгарып жатышат. Күндөн күнгө каражатыбыз түгөнүп, батир акысын төлөй албай калдык. Оор абалдабыз. Авиакаттамдар токтоп, аэропорттор жабылып калды. Биз жарандарыбыздын тизмесин түзүп, элчиликке бир нече жолу кайрылдык. Бизди алып кетүүңүздөрдү суранганбыз. Бирок, тилекке каршы, жооп ала албадык. Ошондуктан бул маселени тез арада чечип берүүнү суранабыз.

Түндүк Кипрде калган студенттер
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00

9-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев "42 өлкөдө жарандарыбыз бар, аларды алып келүү азыр мүмкүн эмес" деп билдирди:

- Туруктуу да, чартердик да каттамдарды ишке ашыруу азыр мүмкүн эмес экенин баса белгилейм. Башка мамлекеттер аба мейкиндигин жапкандыктан, аэропорттор жабылып, чек арадан өтүү убактылуу токтогондуктан чет мамлекеттердеги биздин жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү бир топ кыйын жана азыркы учурда мүмкүн эмес.

Москва: Бир айдан бери аэропортто жашагандар

Атын атабаган эркек киши:

- Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич!

2020-жылдын 9-апрелинде Орусиянын «Шереметьево» аэропортунда 120 киши 19-марттан бери Кыргызстанга уча албай жатканын кабарлайбыз. Биздин арабызда улгайган адамдар, кош бойлуу аялдар да бар. Баарыбызда Москва-Бишкек каттамдарына 19-25-мартка чейин сатып алган билеттерибиз бар. Минтип ара жолдо калдык. Эми вирус Москва шаарында тездик менен жайылып жатат. Ооруну жугузуп албайлы деп жашап жатканыбызды силерге билдиребиз. Баарыбыз иштеген жерибизден бошонуп, жашаган батирлерди тапшырып салганбыз. Бизди тез аранын ичинде алып чыгып кетиңиздер.

Атын айтпаган аял:

- Бир айдан бери 19-марттан бери учуп кете албаган жарандар кайрылуу жасайлы деп чечтик. Анткени элчилик «биз жарандарга болгон жардамыбызды берип жатабыз. Тамак-ашынан, жашаган жеринен бери камсыз кылып жатабыз» деп жалган маалымат берген экен. Элчиликтен бизге эч кандай жардам берилген жок. Биринчиден, элчиликтин өкүлүн көрө да элекпиз. Экинчиден, ооба, хостел, тамак-аш берилиптир. Бул убактылуу эле. Бирок ал жардам элчиликтен эмес, жеке ишкерлер, биздин мекендештер берген жардам болчу. Биз баш тартпай хостелге барган күндө да элчиликтен келип, «Силерди ким бакмак эле? Силерди бакканга эч ким милдеттүү эмес. Силер иштешиңер керек» дешти. Азыр карантинде ким иштейт? Бардык жер жабык, жумуш жок.

«Силерге жумуш таап беребиз, иштегиле» деп айтылгандан кийин хостелге келгенбиз. Бизге жөнөкөй гана мекендештерибиз суусун, нанын алып келип жардам берип жатат. Орусиянын 95% жараны жумушу жок, үйүндө жан багып жатса, биз кантип жумуш тапмак элек? «Жумуш таап беребиз, силер пол жуубай жүрдүңөр беле? Эркектер курулушка чыгышсын» деп намысыбызга тийген үчүн биздин укугубузду эч ким тепселебейт деген үмүт менен президентибизге кайрылып отурабыз.

Москвадагы мигранттар биримдигинин жетекчиси Алишер Ганыбаев кош бойлуу аялдар хостелдерге жайгаштырылып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады. Ал ошондой эле «Шереметьево» аба майданында турган жарандардын саны 47 болгонун, алардын учууга билети жок экенин кабарлады.

«Пенсиямды кантип алам?»

Майрамгүл Акунова:

- Жолдошум Сабырбек Жаркынбаев 1-топтогу майып. Туңгуч кичи районунан пенсия алат. Азыр үйүбүз жоктугуна байланыштуу Кара-Балта шаарында жашап жатабыз. Пенсиясын кантип алса болот?

Социалдык фонддун төрагасы Медер Ирсалиев төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Республика боюнча ар бир байланыш бөлүмүндө – почта бөлүмдөрү «Айыл банк» жана РСК банктын пост терминалдар менен камсыздандырылган. Эгер айыл жеринде жашаган пенсионерлерде райондук бөлүмгө же банкка келгенге мүмкүнчүлүгү болбосо, ошол почтанын байланыш бөлүмдөрүнө барып, пост терминалдан акчасын накталай алса болот. Эгер пенсиясын албай калса, ал толугу менен эсебине, карточкасына которулат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG