Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Эл үнү: Тамак-ашка муктаждар, Москвадан кайрылгандар


Ошто элге ун жүктөп жаткандар. 6-апрель, 2020-жыл.
Ошто элге ун жүктөп жаткандар. 6-апрель, 2020-жыл.

«Эл үнү» программасына кайрылгандардын көбүн өзгөчө кырдаалда ишке чыга албай, жашоосуна күнүмдүк акча тапкан жарандар, жалгыз бой энелер жана көп балалуу үй-бүлөлөр түзөт. Москвада хостелде убактылуу тургандар кыргыз бийлигине кайрылып, атайын учак жиберүүнү суранышты.

Тамак-ашка муктаж үй-бүлөлөр

Роза Кудайбердиева:

- Алты балам бар, Военно-Антоновка жакта батирде турам. Абдан кыйналдык. Колуңардан келсе жардам берип койсоңор жакшы болот эле. Бир жаш үч айга толгон эгиз балдарым да бар. Калгандарынын баары майда балдар.

Салтанат​ Асылбекова: ​

- Мен жалгыз бой энемин, эки уулум бар. Шаарда 9-микрорайондо батирде турамын. Жакында батир акысын төлөшүм керек эле. Ошону төлөй албай жатам. Мага да тамак-аштан гуманитардык жардам керек болуп жатат.

Гүлкайыр Өмүрканова, Ала-Тоо жаңы конушунда жашайт:

- Азыр декреттик эс алуудамын, 3 айлык кызым бар, улуусу алты жашта. Жолдошум да азыркы карантинден улам иштебей үйдө отуруп калды. Жардам бериңиздерчи. Дареги - Ала-Тоо конушу 1, Бештектир көчөсү 2, 7-үйдө турабыз.

Жыпаргүл Өмүрова:

- Беш балам бар. Жолдошум 2-топтогу майып, миң сом пенсия алат, күзөтчү болуп иштейт, мен өзүм пол жууп иштейм. Экөөбүздүн тапканыбыз биригип 7-8 миң сом болот. Мектепте окуган төрт балабыз бар. Жыйган тамак-ашыбыз түгөндү. Бизге окшогондорго жардам берилеби? Москва районунун Беловодск айылында батирде турабыз.

Алтынай Абдыкалыкова, Москва району:

- Эки кызым бар. Батирде жашайбыз. Күйөөм базарда жүк ташып иштечү. Базар жабылганына көп болду. Мен өзүм 2-топтогу майыпмын. Карантин башталгандан бери иштей албай эле отурабыз. Күйөөм күнүгө 300-400 сом тапчу. Тамак-ашыбызга кетчү. Базар токтогондон бери топтогон тамак-ашыбызды жеп, эми ал да түгөндү. Кичине тамак-аштан жардам кылсаңар жакшы болот эле. Айыл өкмөтүнө барып, жардам сурасам, «каттоосу жокторго жардам бере албайбыз» деди. Батирде тургандыктан бизди эч ким каттоого албайт. Батир акыны да үч айдан бери төлөй элекпиз. Биздин номерибиз: 0778 - 283539.

Раушан Акжолтоева, Кочкор районунун тургуну:

- Менин сиңдим Түркияда иштеп, эки баласын жалгыз өзү бакчу. Балдары азыр Балыкчыда таятасынын колунда. Кызы 9-класс, уулу 8-класста. Түркияда да, Кыргызстанда да карантин болуп жатпайбы. Сиңдим акыркы акчасына учак билетин алып, бирок келе албай калды, балдарына акча да сала албай жатат. Мен барып көзөмөлдөп турчу элем, карантиндин айынан мен да чыга албай жатам.

Телефон аркылуу эле кабарлашып жатам. Алар мага «азык-түлүгүбүз бүтүп баратат, кандай кылабыз» деп айтып жатышат. Ошондуктан тамак-аш жагынан сиңдимдин балдары муктаж болуп жатышат. Карантин учурунда эле аларга жардам берип коюшса жакшы болот эле. Дареги: Балыкчы шаары, Зоя Космодемьянская көчөсү 66, 1-квартира.

Аты-жөнү айтылбаган жаран:

- Саламатсыздарбы, азыр Кочкор районунда ундун баасы 1700-1800 сомдон болуп жатат. Эмнеге эч ким көзөмөлдөбөйт? Ар ким өз баасын коюп, сатып жатат. Карапайым элге ун арзаныраак болсо жакшы эле.

Перизат Абдыбекова:

- Ново-Павловка айылынын Алтын-Ордо конушунда турам. Элдей эле кыйынчылыкта турабыз. Көчө комитетине барып, өкмөттүн жардамынан сурасак, бизди кыйкырып урушуп кубалап жиберди. Андай жардамды 5-6 балалуулар гана ала алышат экен. Биздин үй-бүлөдө алты адам барбыз. Батирде турабыз. Өкмөттөн суранарыбыз - бир аз болсо да жаш үй-бүлөлөргө жардам берип койсоңор. Жардамды «бармак басты, көз кысты» болуп, тааныгандар эле алып кетип жатышат.

Баш калаадагы жардамга муктаж жарандардын кайрылууларына Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жооп берди.
Бишкек мэриясынын элге берген жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:30 0:00

- Материалдык резервдин эсебинен Бишкек шаарына 6 миң тонна ун бөлүнгөн. Бул алты миң тонна унду төрт районго бир жарым миңден бөлгөнбүз. Мэриянын токтомунун негизинде бул унду тарата баштадык. Бул унду ким алат? Биринчиден, социалдык коргоо кызматтарында каттоодо тургандар, экинчиден, жашаган жерине жараша элге беребиз.

Экинчиден, Сооронбай Шарипович суранып, араб фонддору жардам кылып, бир баштыкка ун, макарон, май, кант ж.б. салып, калктын аялуу муктаж катмарына тарата баштадык. Бул 15 миң даана баштык, ар бир районго 3 500, 4 миңдин тегерегинде жардам баштыктары такыр колунда жокторго, каттоосуна карабай берилет.

Биз квартал башчылар, айыл өкмөттөрү жана акимдер менен тыгыз иштешип, тизмелерин алып жатабыз. Мындан сырткары калаа мэри Азиз Суракматовдун буйругу менен 12-13-апрелден тартып 15 миңге жакын адамга жардам таратабыз. Алар шаардын ичинде, социалдык коргоо бөлүмдөрүндө каттоодо турган багар-көрөрү жоктор. Башкача айтканда майыптар, жетимдер, жалгыз бой энелерге таратабыз.

Шаар башчысы Азиз Суракматовдун өтүнүчүнөн кийин 20 миң үй-бүлөгө ишкерлер жардам беребиз деп жатышат. Булардын баарын бөлүп-бөлүп даярдап жатабыз. Баарын элге жеткиребиз.

Бишкек шаарына жакын жайгашкан Ак-Жар, Ала-Арча, Ак-Ордо - 1,2, ТЭЦ-2 жаңы конуштарына биз Бишкек шаар башчылыгы Чүй облусуна жардам берүү максатында өкмөт бөлүп берген ун жана азык-түлүк баштыгын баарына жеткиребиз. Мындан тышкары «Фейсбуктан» да жардам сурагандар бар. Борборлоштурулган бир штаб бар, баарын тизмелеп, ошол штабга өткөрүп, ал жактан бөлүнүп жатат. Башка жактардан, жарандардан келген жардам бар.

Баарыбыз аларды текшерип, жардамга муктаждардын тизмесине ылайыктап жатабыз. Жардам туура эмес кетип калса, анда башыбыз менен баарыбыз жооп беребиз.

Москвадагы мигранттар: Бизге учак жибергиле

Аты-жөнүн айтпаган аялдар: - Биз бул жерде кыйналдык. Кыргызстанга барып, карантинде отурууга макулбуз. Урматтуу парламент, биз Кыргызстанга кетебиз. Сиздерден жардам сурайбыз. Жардам берип койсоңуздар. Алдыда шайлоо болот. Ушул биздин арабызда бир депутаттын же бир министрдин баласы болгондо бул жерде минтип калбайт элек...

Атын атабаган аял: - Өткөн жолу кош бойлууларды, улгайгандарды кетирип, биз учакка батпай калдык. Кыргызстандан бизге жазып атышат, «ошол жакта отура бергиле. Биякка келип эмне кыласыңар?» деп. Биз эмнеге Кыргызстаныбызга барбашыбыз керек? Барышыбыз керек. Балдарыбыз бар. Биз кыйналдык.

Москвада калган мигранттардын суранычы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

Атын атабаган жигит: - Силердин балдарыңар, аялыңар, келиниңер ушинтип жолдо калса эмне кылат элеңер? Москвада бөтөн элде, бөтөн жерде, акчабыз жок, бара труган жерибиз жок – биз эмне кылышыбыз керек? Бизде билетибиздин акчасына гана алып кетиңиздер.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Улан Дыйканбаев бийлик «өлкөгө келе албай жаткандардын талабын жакшы билет, бирок бүт дүйнөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу маселени тезинен чечүү мүмкүн болбой жатат» деп билдирген эле.
«Азаттыкка» Эл аралык ишкерлер ассоциациясынын башчысы Акбар Маразыков буларды билдирди.

- Биз 5-апрелде Ички иштер министрлиги, элчилик, Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү менен барып, Старая Куповна шаарындагы хостелде жаткан мекендештерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Аларга иш орундарын сунуш кылдык. Себеби, азыр жумушчу орундар бар экен. Кыз-келиндерге тикмечи, эркектерге курулушта имараттын ичинен чыкпай иштеген жумуштарды таптык. Хостелде жаткандардын 99% иштей турган адамдар экен.

Биз кечээ ошону түшүндүрүп айтсак, туура эмес кабыл алып, чыр чыгып кетти. «Силер бизди иштетпегиле, бизге учак гана керек» деп, булардын талабы учак эле болуп жатат да. Бул жалган, туура эмес, мен да мигрант катары айтып жатам. Биз кеткенден кийин Интернетке чыгып кайра кайрылуу таратышыптыр. Мен көрүп аябай таң калдым. Мекендештерибиздин курсагы ачкан жок, үч маал тамак жеп жатышат, ичи таза, бүгүн диаспорадан дарыгерлер барышат, ден соолугун текшеришет. Керектүү дары-дармектердин баарын камсыз кылып жатабыз. Коргондун ичинде өзүнчө чоң хостел, эч ким кирбейт, ал жакка.

Биз кандай гана кырдаал болбосун өз мекендештерибиз башкалар менен аралашпай, тынч жашасын деген максатта ушул хостелди ижарага алганбыз. Эми бир гана сабырдуулук керек. 15-апрелге чейин хостелдин ижарасын ишкерлер менен кошо төлөп бергенге даярбыз. Диаспоранын өкүлдөрү тамак-аш, кол кап, беткаптарын даярдап беришет.

Гүлбарчын Байымбетова, Москвадагы кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы:

- Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда аба, темир жол, автоунаа байланышы токтоп турат. Акыркы Москва-Бишкек учагы 29-мартта 400 адам менен учту. Кээ бир жарандар колунда билети болсо да уча албай калышты. Такыр жашай турган жери жокторду биздин диаспоранын өкүлдөрү хостелге алып барышты. Ал жакта 70 киши жашап, тамак-аш менен камсыз болууда. Дагы бир Дерево деген жерде Мамлекеттик миграция кызматынын жардамы менен жатаканада жашап жатышат.

Ал эми видео таратып жаткандар Старая Куповна деген хостелдегилер. Авиа каттамдар болбой турганын күнүгө айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Москвадагы, Москванын четиндеги чакан ишканалар менен сүйлөшүп, аларга иш сунуш кылып жатабыз. Бирок биздин жарандар макулдугун бере элек. Алар тескерисинче, «мекенге кайтыш үчүн эле учак маселесин чечип бергиле» деген талаптарды коюп жатышат.

Элчиликтин кызматкерлери аларга барып, коркутуп же кекетип терс мамиле кылган жок. Алар азыр айлыгы жок отурушат, айлыктуу жумуш таап берүүгө даярбыз.

Адистин кеңеши: иммунитетти кантип көтөрүш керек?

Ош мамлекеттик университетинин медициналык коллежинин фармацевтика кафедрасынын окутуучусу Чолпон Эмилованын кеңеши:

- Коронавирустун алдын алууда жана иммунитетти бекемдеш үчүн күнүгө 1 стакан сүт, 1 даана өрүк как, 1 даана курма, 2 даана мейиз, Жалал-Абаддын жаңгагынын төрттөн бир бөлүгүн, 2 даана мисте, ашкабактын 2 уругу, бир тиш сарымсактын жарымы, 1 даана бадам, жарым чай кашык бал, бир кесим имбирь жеп туруу абзел. Андан сырткары кара тминдин майын алып, күнүгө жарым чай кашыктан ичип туруш керек. 12 жашка толо элек балдарга, кан басымы ылдыйларга, өтүндө, бөйрөгүндө ташы барларга, бала эмизгендерге бул майды ичкенге болбойт.

Андан тышкары мөмө-жемиш жеп, каныбызды аз-аздан байытып турушубуз керек. Алардын ар биринде вируска каршы биологиялык активдүү заттар камтылган. Алма, алмурут, анар, курма, жүзүм, киви, шабдаалы, ананас, лимон, мандарин, малина, алча, карагат деп тизмелеп алыш керек. Күнүгө 3 даана мөмө-жемиш жеш керек. Ар кайсы күнү ар бир түрүнөн 3 даанадан жеп турасыз.

Андан тышкары коронавирустун алдын алыш үчүн туура тамактануу өтө маанилүү. Ал үчүн күндөлүк рациондо эт, балык, козу карын болсун. Бөдөнө, кекиликтин сорпосу, малдын ич этин да тамакка кошобуз. Брокколи, түстүү капуста, жашыл салатты да кошобуз.

Иммунитетти алсыздандырган тамак-аш: фаст-фуд, печенье, момпосуй, тузду көп кошуу жана спирт ичимдиктери менен тамеки тартуу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG