Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Эл үнү: Өткөрмө азабы, казылган көчөлөр


Бишкектин кире беришиндеги текшерүү бекети. 1-апрель, 2020-жыл.
Бишкектин кире беришиндеги текшерүү бекети. 1-апрель, 2020-жыл.

«Эл үнүнө» Кыргызстанда өзгөчө абал киргизилгенден кийин жер-жерлерде жарандардын укугу басмырланып, кыйынчылык болуп жатат деп кайрылгандар көбөйүп баратат.

Айрымдары маселени сүрөткө, тасмага тартып салышканы менен жеке коопсуздугунан чочулап, аты-жөнүн ачык айтуудан айбыгышат. Ошондой эле ооруканаларга жете албай кыйналгандар бийликтен так жооп күтүшөт.

Кадамжай районунун Караван айылынын атын атабаган айыл тургуну:

"Азыркы кырдаалда айыл башчылары бирөөнүн «чачын ал десе, башын алып салгыдай» болуп жатышат. Айылдарда көчөлөрдү жапкан туура эмес. Элдин арасында коронавирустан башка да ооругандар болот. Аларды «Тез жардам» менен дарыгерге жеткириш керек. Түндө чукул дары алыш керек болуп, машинемди айдап чыксам, көчөнүн аяк-башына аң казып, тосуп салышыптыр. Мен тосконго каршы эмесмин, бирок анда текшерүү бекетин коюп, машине өткүдөй болушу керек да? Булар көчөлөргө топурак төгүп, казып, элди көчөдөн чыккыс кылып камап салышты. Анан кыйын болуп, «маршруттук баракча толтургула» деп коюшат. Күндүз да эч ким тышка чыга албайт. Кызыл-Кыяга жетиш үчүн сегиз чакырым басып жетишим керек.

Кадамжай районунун Караван айылындагы казылган көчөлөр.
Кадамжай районунун Караван айылындагы казылган көчөлөр.

Жергиликтүү бийлик карантинде эл турмушун жеңилдетүүгө жардам бермек тургай, кайра көчөлөрдү жаап салышты. Дарыканага барыш керек, ар кандай күтүлбөгөн жагдайлар болот, эл баары бир көчөгө чыгышы керек да.

Кадамжай районунун Караван айылындагы казылган көчөлөр.
Кадамжай районунун Караван айылындагы казылган көчөлөр.

Өзгөчө абалдагы өткөрмөнүн азабы

1-апрелде «Бишкектеги Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө өткөрмө алыш үчүн 5-6 сааттап кезекте турабыз» деген 100дөй кишинин тыгылышып турган видеосу колубузга тийди.​

А.Календеров аттуу жаран «Азаттык» радиосуна кайрылып, «Бишкек комендантынын «өткөрмө алганга электрондук сайт иштеп жатат, ишкерлерге өткөрмө 24 сааттын ичинде берилет» деген маалыматы чындыкка коошпойт, демек «президенттин азык-түлүк боюнча иштеген ишкерлерге тоскоолдук болбосун» деген талабы аткарылбай жатат» деп билдирди.

- Комендатура Бишкекке жетишпей жатат. Шейшембиде тапшыргандар бейшембиде түштөн кийин келесиңер. Бүгүн тапшыргандар жума күнү саат 11ден кийин келесиңер.

- Биз биякка жаанда жөө келип жатабыз. Ким жооп берет?

- Мен кечээ тапшыргам, бүгүн саат 4төн кийин кел дешкен. Эмнеге бербей жатасыңар?

- Комендант өзү 24 саатта берилет дебеди беле? Эмне себептен кармап жатасыңар?

Махабат Тынчыбек кызы, Таш-Дөбө айылынын тургуну:

- Менин эжем гемодиализ алат. Үч жыл болуп калды. Мурда эжем дарыланган медициналык борбор аны үйгө чейин жеткирип келчү. Эми өзгөчө абал киргени анте албай калышты. Анан инимдин машинеси менен эжемди дарыгерге алып барып жатканбыз. Мурдагы күнү эжем гемодиализ алып, саат кечки 9:30дарда келатса, машинени Чоң-Арыкта бир саат кармашыптыр. Ошол жерде турган милиция кызматкерлери «оорусаңыз ооруканада калбайсызбы, ошол жакта эле жатпайсызбы» деп өтө орой мамиле кылышат.

Өткөндө «Азаттыкка» сүйлөгөн Саламаттык сактоо министрлигинин катчысы «дарыгердин кагазы барлар өтө алышат» деп айтып жатат. Эжемдин бардык кагазы бар, бирок мына, кечээ «атайын өткөрмө кагазыңар болушу керек» деп коё бербей турушту. Мындай учурда биз кимге ишенебиз да, кимге кайрылабыз? Гемодиализ алгандар - 1-топтогу майыптар. Алардын үнүн ким угат? Мындай адамдар бир күн гемодиализ албай калса абалы оорлошуп, аягы жаман бүтүшү мүмкүн. «Мына ушулардын маселеси мындай чечилет» деп, так жооп бере турган киши барбы, бийликте?

Мамакеева Бактыгүл, Бишкек шаарынын тургуну:

- Мен жалгыз бой энемин, үйдө балам менен отурам. Бишкек шаарында жашайм, апам жакында келген. Апам онкологиялык дарттан операция болгон, эми химиялык дарылоого барып турганга бизге машине керек. Көчөдө такси же маршрутка жок. Апамды эми ооруканага кантип алып барып, кайра алып келип турабыз? Өзүбүздүн машинебиз жок. Бизге жардам бериңиздер.

Саркиева Жаңылбүбү:

- Менин энем өсмө (рак) илдетине чалдыгып, беш күн мурда операция болду. Азыр үйдө. 9-апрелден тартып онкологиялык ооруларды дарылаган ооруканага барып, химиялык дарылоо курсун алышыбыз керек. Ошого барганга каражатыбыз да калбады. Оорукана бизге «амбулатордук дарылоого муктаж» деген кагаз берген. Милиция болсо «андай кагаз жарабайт, машинеге атайын уруксат кагазын алгыла» деп талап кылды. Биз апамдын жараатын таңдырганга да бара албай жатабыз. Ошого жардам сурайбыз. Телефон номерибиз: 0707 - 070351.

Чыңгыз Сарымсаков:

- Биз азыркы учурда жардамга өтө муктажбыз. Эки жылдан бери бөйрөгүм ооруйт. Жумасына үч жолу гемодиализ алам. Аны ар кайсы маалда алып калабыз. Айрыкча кечинде саат 10до ооруканадан чыкканда милиция «Каяктан келатасыңар?» деп кармайт. Биз өз өмүрүбүз үчүн күрөшөбүз. Такси менен баралы десек, көчөдө такси жок. Өзүбүздүн машине менен барганга уруксат кагазы жок. Дарыгердин кагазы, маршруттук баракча бар. Күн сайын мыйзам өзгөрө берет, эртең эле башканы сурай беришет. Мындай нерсе качан токтойт? Биздин үнүбүздү да угузуп койсоңор.

Арзыкан Нуриева:

- Менин үч неберем бар. Эки кызым тең үйдө, алардын жумушу токтоп калды. Кызымдын боюнда да бар. Оорукчан күйөөм бар. Неберелерим кичине, ушинтип отуруп калдык. Мындай болорун кайдан билдик? Билсек аз болсо да тамак-аш даярдап алмакпыз. Эми отурабыз, тамак-аш жок. Ошого жардам берчүлөргө биздин үнүбүздү угузуп койсоңор деп чалып, силерге кайрылдык.

Бишкектин атын атабаган тургуну:

- 2-апрель. Жамгыр. «Азиз» базары толук иштеп жатат. Базардын үч дарбазасы тең ачык. Машинелер кирип-чыгып жатат. Көчөдө эл жүрөт. Беткап кийген эч ким жок. Базардын ичинде да беткапсыздар жүрөт. «Карантин киргиздик» дейсиңер. Эч кандай карантин жоктой, бул жерде. «Азиз» базары болгону төрт күнгө жабылды. Жолдо машине толтура, баягыдай эле тыгын.

Кыргызстандын тамак-аш өнөр жайынын эмгек сиңирген кызматкери Алтынай Сулайманованын «​Азаттык» аркылуу президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуусу:

Урматтуу президент!

Эки маселе боюнча сизге кайрылып турабыз. Биринчиден, эмне үчүн бай депутаттарыбыз, өкмөт мүчөлөрүбүз, бий ишкерлерибиз үн катпай отурушат? Мамлекеттин башына түшкөн оор жүктү тең бөлүшпөйт? Жардам фондуна акча которушпайт? 5000ден ашуун жараныбыз обсервацияда, шарты жок жайларда жатышат. Эмне үчүн байлардын жүздөгөн бош мейманканаларын эл кыйналып турганда беришпейт? Алар элден жийиркенип жатышабы?

Обсервацияда жатканда шаардагы байлардын менчик мейманканаларына тез арада которбосоңуз, эпидемия мындан да көбөйөт.

Эмне үчүн өкмөт байларды чогултуп, ушул маселелерди чечпейсиз? Кырдаал курчуп баратат. Ошо үчүн сизге күчтүү өкмөт керек.

Биздин депутаттар, аткаминерлер өз керт башын сактап, үйлөрүндө жатышат. Булар менен мамлекеттин башына түшкөн чоң маселеден чыга албайбыз.

Өзгөчө кырдаалды жөндөй ала турган профессионалдарды ишке чакырыңыз. Мыкты, күчтүү кадрлар республикада өтө көп. Сиз аларды ушундай кыйын мезгилде колдонушуңуз керек.

Күчтүү кадрлардан коркпош керек. Кризис-менежерлерден өкмөттүн күчтүү курамын түзүшүңүз керек. Мындай тажрыйбаны башка мамлекеттер колдонуп жатышат. Сизге азыр күчтүү өкмөт керек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG