Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:11

Эл үнү: Онлайн окутуунун эрежеси, Ат-Башыдагы обсервациянын абалы


Боз үйдө окуган балдар. Ош.
Боз үйдө окуган балдар. Ош.

Бул жолу "Эл үнүнө" чалгандар балдарды онлайн окутуу үчүн Интернеттин баасы кымбат экенин белгилешип, жөлөк пулга байланыштуу көйгөйлөрүн айтышты. Ат-Башыдагы обсервацияда жаткандардын айткандарын райондук бийлик жокко чыгарды.

Бишкекте окуган Нургазы Уланбеков "Эл үнү" программасына чалып, студенттерди түйшөлтүп жаткан суроону берди:

Азыркы маалда насыяны төлөөгө “эс алуу” берип жатпайбы. Жогорку окуу жайлардагы контракттын акысын да карантин бүткөн маалга, 20-майга туштап жылдырып берсе деп суранабыз. Анткени айыл жергесинде, шаарда деле акча тартыш, кризис. Студенттерге контрактты төлөсөң гана экзаменге киресиң, төлөбөсөң кирбейсиң деп жатышат. Ал эми контракттын акчасын төлөйлү десек, мал базар жабылган. Базар жабык болсо, малыбыз да өтпөйт. Анда биз кайдан акча таап, контракттын акысын беребиз? Эгер экзаменге кирбей калсак, кийинки модулдарда “мини-сессияга” калабыз, баабыз жалаң “үч” болот. Анан жакшы окуп келатып эле, контракттын айынан жаман баа алып калабызбы?

Билим берүү жана илим министрлигинин кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлмира Абылкасымованын жообу:

Кесиптик жогорку жана окуу жайларына кабыл алууда ошол окуу жайлар студенттер менен контракт түзөт. Анда окутуу үчүн акы төлөө эрежелери каралган. Ошондой эле акы төлөө маселеси өз алдынча түзүлгөн комиссия тарабынан чечилет. Андыктан бул маселе тууралуу окуу жайдын өзүнө кайралуу керек. Маселе өтө актуалдуу болгондуктан жогорку жана орто билим берүүчү окуу жайлары аны карап жатат.

Онлайн окутуунун эрежеси

Элмира Ашыралиева, Талас облусунун Талас районунун Атай Огомбаев айылынын тургуну:

Карантин маалында балдарды онлайн окутабыз дептирсиздер. Балдарды онлайн окутуш үчун Интернет менен камсыздоо керек. Ал үчүн телефонго бирдик жүктөп туруу зарыл. Бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Азыр айылда эң зарыл антисептик, беткап, керек болсо тамак-ашка жетпей отургандар бар. Анан балдардын окуусу кандай болот?

Мен Жаңыл Дөөлөталиева, Талас районунун Калба айлынан болом. Алты балам бар, алардын төртөө окуйт. Алардын ар бирине телефонго бирдик жүктөп бере албайм. Ага каражат жетишсиз. Телефонубуз да жок.

Кенжебек Сатыкулов: Ар бир үй бүлөдө үч-төрттөн бала бар. Ар бирине 250 сомдон бирдик салганда эле, бир үй-бүлөдө 10 кишинин ичкен-жегенине тете болот экен. Ойлонуп көрүңүздөрчү. Мектептен окубаган бала үйдөн билим алмак беле? Үйдөн мисалы, байкеси же эжесине үй тапшырмасын жасатып, аны көчүрүп, салып атышат. Мектепте мугалим ошого ишенип баа койсо, эртеңки күнү бала татыктуу жооп бере алабы? Телефонго бирдик салбасак, балдар “эжейибиз "2" коёт, тапшырманы жибериш керек” деп ыйлап жатышат. Ата-энеси иштебей карантинде отурса, бир айда бир телефонго 1000 сом салат экенбиз. 1000 сом – бир үй-бүлөнүн светинин акчасы болуп атпайбы.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматовдун жообу:​

8-апрелден тарта 4-чейректин сабактарын дистанттык түрдө өтүүгө даярданып жатабыз. 10 студияда мугалимдердин видео сабактары тартылып жатат.

okuu.edu.gov.kg порталында 1-11-класстар үчүн окуу материалдары, теледен берилчү сабактар, электрондук китептер, кошумча адабияттар, видео сабактар, мугалимдер үчун колдонмолор, тесттер жана башка материалдар жайгаштырылат. Бул мен айтып өткөндөр "Мегаком" компаниясы түзүп жаткан "Мега24" тиркемесинде да болот.

Окуучулар онлайн окуй баштайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:57 0:00

"Мегаком" Кыргызстандагы бардык окуучуларга, мугалимдерге акысыз СИМ-карта берет. Ал картада бул тиркеме телефондогу бирдик балансы нөл болсо дагы акысыз. Демек, мугалимдер үчүн Zoom, Google Classroom, Telegram, Whatsapp коммуникациялык каражаттарды колдонуу сунуш кылынган. Педагогикалык кзыматкерлердин квалификациясын жогорулатуу үчүн Республикалык институт тарабынан мугалимдерге көрсөтмөлөр даярдалды.

Обсервация тууралуу ача пикир

Ат-Башы райондук ооруканасына обсервацияга жаткырылган жарандардын бири Атай «Эл үнүнө» алар жаткан жерди тасмага тартып жиберген экен:

Мына шарт ушундай. 12 сааттан бери отуруп, жеген тамагыбыз бир кесим нан менен буламык. 14 киши бар. Керебет жок, бирөөбүз жатып, бирөөбүз турабыз. Акча чогултуп, эшикке барып, тамак алып келели десек, чыгарбай жатышат.

Ат-Башы райондук акимчиликтин жетекчисинин орун басары Ажар Дүйшөналиеванын жообу:

Тамак-аш маселесин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштурган. Аларга үч маал тамак берип жатат. Эртең менен такай ботко, нан, чайы менен. Түштө болсо тамагы берилет, кечинде да ошондой эле тамак. Чайын да кошуп беришет. Баягүнү айран да берип атышкан эле, анан сүт азыктары келбегендиктен, ошону бере албай жатабыз деп айтышкан. Үч маал тамак такай берилет.

"Азаттык": 14 киши жатабыз, бир керебетке экиден жатып атабыз, уктай элекпиз деген чынбы?

- Жок, эч кандай чындыкка жатпайт. Анткени аймактык ооруканада 70 орун даярдалган. Жатканы 14 киши болсо, ар бирине канчадан керебет тиет, ойлосоңор?! Бизде ушундай нааразылык болот деп такыр ойлогон жок элек. Анткени кошумча обсервацияда жууркан-төшөк, шейшептер бүт жаңы. Эч кандай сын болбосун деп, койкойтуп жасаганбыз. Аймактык оорукана - облустагы эң мыкты оорукана. Шарты жакшы, тазалыкты сакташат. Тамак-аш санитардык түйүнү бар, бир мектептин базасында жасалат, таптаза жер. Ошол жерде ашпозчу тамак даярдайт. Бир жолку идиштерге куюлуп, өз маалы менен жеткирилет.

Жөлөк пулдун жүйөсү

Нурпеил Абасканова, Калыс Ордо конушунан. Төрт балам бар, эң кичүүсү алты айлык. Жөлөк пул чыгартайын дегем. Чоңу төрт жашта. Башында батирде жашачумун. Андан кыйналып, эми апамдын колуна келгем. Тамак-аш тартыш болуп калгандыктан, жардам сурап кайрылып жатам. Күйөөм менен урушуп кеткем. Биякка келе бергенден кийин кайра чыгарбай коюшту. Таласта кыйналдым, төрт баланы багуу үчүн биякка келгем да. Балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, нике кагазым бар. Ушуларга жөлөк пул чыгарып берип койсо, күндө ичип-жегенге тыйын болот эле. Өзүм 21 жаштамын.

Кыргызстандын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекованын жообу:

Биз жума жөлөк пул алгандарга мөөнөтү бүтүп калса да узартып жатабыз. Ал эми жаңы ала тургандарга карантин маалында жөлөк пул берилбейт. Карантин бүткөндө келип кайрылышсын.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG