Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Санаага салган насыя, жолдо калган студенттер


Маевка, 27-март, 2020-жыл

Дүйнөнү бейпайга салып жаткан коронавируска байланыштуу түзүлгөн кырдаал «Азаттык» радиосуна кайрылгандардын санын да көбөйттү.

"Эл үнү" программабызга кайрылгандардын көбүн "Ишсиз, маянасыз отуруп калган кезде банктан алынган насыяны кантип төлөйбүз?" деген маселе түйшөлтүүдө.

Ошондой эле чет өлкөлөрдөн өз мекенине кайта албай, жардам сураган жарандарыбыздын кайрылууларына орун беребиз.

Суроо узаткандардын бири Марат Кошалиев:

- Кредитти кантип төлөйбүз? Мисалы, биздин үй-бүлөдө мен эле иштеп бала-чакамды багам. Азыр карантин учурунда кантебиз?

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Эркин Асрандиев 26-марттагы брифингде төмөнкүчө жооп берди:

- Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга бардык төлөмдөрдү, анын ичинде негизги сумма жана үстөк төлөө мөөнөтүн үч айдан кем эмес мөөнөткө узартуу боюнча сунуш берилген. Андан тышкары «насыя өз убагында төлөнбөгөнү үчүн айып пул салынбайт» деген так чечим кабыл алынган. Демек, төлөө мөөнөтү өтүп кетсе дагы эч кандай айып пул салынбайт.

Беш балалуу эне Маматова Манира «өзгөчө абал учурунда көчөгө чыга албай, балдарыбызга жөлөк пул алууга документтерди чогулта албай жатам. Аны өткөрүү мөөнөтү узартылабы?

- Беш баланынын апасымын. Эч жерде иштебейм. Жөлөк пул алып, күнүмдүк оокат ашыбызды эптеп келатканбыз. Жөлөк пулдун мөөнөтү марттын онунда бүттү. Кайрадан документ чогултуп тапшырууга кырдаалга байланыштуу үйдөн чыга албай калдым. Балдарым жаш. Кичүүсү бир жаш төрт айлык. Биздин абалыбызды түшүнүп, өкмөт кол сунуп, жардам берет деген үмүттөмүн. Кырдаалга байланыштуу азык-түлүк да камдай албадык. Кандай кылсак болот?

Эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Ализа Султанбекова төмөнкүдөй жооп узатты:

- Биз азыр өкмөткө буйрук даярдап сунуш киргиздик. Ал буйрукта көрсөтүлгөн жөлөк пулдун мөөнөтү ушул күндөрү бүтүп жаткандарга узартылары белгиленген. Азырынча айтыш эрте. Эч кандай кам санабай эле койсун, бул айдыкын толук төлөп бердик, кийинки айдыкын төлөп бергиче ал буйрук кабыл алынып калат деген үмүттөмүн.

Өз атын атагысы келбеген жаран атайын эсепке түшүп жаткан каражат кандай пайдаланылып жатканына кабатыр экенин билдирди.

- Коронавируска каршы күрөшүү үчүн атайын ачылган эсепке которулган акча боюнча айтайын дегем. Азыр бул жерге 11 миллион сомдон көп акча чогулду деп айтып атышат. Бирок биз баарыбыз эле андан көп акча которулганын билебиз. Ушул боюнча силер иликтөө жүргүзүп көрсөңүздөр.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин жообу:

- Бул каражаттар үчүн Финансы министрлигинде атайын эсеп ачылган. Андан тышкары эки мамлекеттик банк: Айыл банк менен РСК банкта дагы эсептер ачылган. Ал эки банкка түшкөн акча күн сайын Финансы министрлигинин эсебине которулуп турат. Бүгүнкү күнгө карата 35 миллион 294 миң сом чогулду. Башка жарандарыбыз, айрым ишкерлерибиз да салымдарын өз алдынча кошуп жатышат.

Ошол эле маалда бул акча кайда коротулаары тууралуу дагы көп суроолор пайда болууда. Мен силерге айтып кетейин, өз ыктыяры менен берип аткан каражаттарды «бир гана эсепке топтогула” деп биз айта албайбыз. Анткени муну жарандарыбыз өз эрки менен жасап жатышат. Мен жогоруда айткан эсептерден тышкары, башка банктарда өз демилгелери менен башка да эсептер ачылышы мүмкүн. Биз буга тыюу сала албайбыз. Ошондуктан интернетте «15 миллион, 5 миллион, үч миллион сом которулду» деп жүрөт. Анын баары сөзсүз эле ошол Финансы министрлигинин эсебине түшүп атат деген ой туура эмес.

Үч эсепке канча акча түшсө биз ошого гана жооп бере алабыз. Финансы министрлигинде ачылган эсеп жана анда топтолгон каражат боюнча коомдук байкоочу кеңеш түзүлүп атат. Ага эки депутат жана коомчулуктан эки-үч адам кошулат. Аны коомчулук өзү сунуштап атат. Ал кеңешмеге ким киргенин жакын арада жарыялайбыз. Ошол кеңешме күн сайын топтолгон каражатты көзөмөлдөп, каякка, эмнеге корогонун, канча сомго эмне сатып алынганына байкоо салып турат. Ошондой эле биз интернетке да жарыялап турабыз.

Эң негизги максат каражат даректүү муктаж болгон адамдарга, медициналык кызматкерлерге түз жетиш керек. Бул каражаттын колдонулушу болушунча ачык-айкын болушу зарыл.

Ара жолдо калган студенттер

Польшада жана Түркияда окуган кыргыз жарандары «өлкөгө келе албай жатабыз, Билим берүү министрлиги көмөк көрсөтө алабы?” деп суранышты. Алардын бири Түркиядан чалган Абдуллах Иминов абалын мындайча түшүндүрдү:

- Кыргызстандын жаранымын. Азыр Түркияда студентмин. Бул жакта коронавируска байланыштуу университеттерде окугандар каникулга таркатылды. Мындан улам биз жашаган жатаканалар жабылды. Ошентип чет өлкөлүк студенттер көчөдө калдык. Биздин жашай турган жерибиз жок. Кыргызстанга учуп кетели деп билет алсак, авиакаттамдар токтоп калды. Бишкек-Стамбул чартер каттамдары жүрүп жатканын уктук. Кантип кетиш керек? Эмне кылсак болот?

Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримованын жообу:

- Билим берүү министрлиги Коопсуздук кеңешинин чечимдерин аткаруу максатында 16-19-март күндөрү Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчиликтерине жана кырктан ашуун мамлекеттин Билим берүү министрликтерине кат жөнөтүп, ал жактарда окуган кыргызстандык студенттердин тизмелерин сураганбыз. Онго жакын өлкөдөн тизмелерди алдык. Анын ичинде Польшадагы студенттер бар. Биз алар менен байланыштабыз. Андан тышкары ал тизмелерди биз Коопсуздук кеңешине, республикалык штабга жана өкмөт аппаратына тапшырабыз. Өкмөт Тышкы иштер министрлигине жана Транспорт министрлигине тапшырма берип, чет жактарда калган студенттерди алып келүүнүн жолдорун караштырат.

"Азаттык": Ал эми жолдо калган студенттердин тагдыры кандай болуп чечилет?

Чынара Мааткеримова: Бүткүл дүйнө чек араларын жаап атат. Ар бир өлкө авиакаттамдарды, жол каттамдарын токтотту. Ошондуктан авиакаттамдар ачылган күндөрү Тышкы иштер министрлиги иштеп чыгат болуш керек. Жол ачуу маселеси, асманды ачуу маселесин, биз чече албайбыз. Мүмкүн болгондо топтоп чыгарып кетиши ыктымал.

Вьетнамда калган мигранттар

Вьетнамдын Нячаң шаарында мейманканаларда иштеген 20дан ашуун кыргызстандык учурда өз мекенине кайта албай турат. Бул тууралуу алардын бири Кутман Молдакунов «Азаттыкка» билдирди.

- Кыргызстанга кайталы деп болгон акчабызга билет алганбыз. 26-мартта Вьетнамдан Новосибирскиге, ал жактан Бишкекке учмакпыз. Аэропортко барганыбызда, «S-7 Airlines» компаниясы «алгач бортко орусиялыктарды гана алабыз, орун калса силерди батырабыз» деп айтышты. Бирок биз батпай калдык. Эми Орусия чет жактан баргандарды кабыл албай тургандыгы кабарланууда. Эмне кыларыбызды билбейбиз. Биз турист эмеспиз, бул жакта иштеп, тапканыбызды Кыргызстанга салып келатабыз.

Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаевдин 27-мартта берген жообу:

- Жардам, албетте, болот. Бирок бул бир күндө же бир саатта чечиле турган маселе эмес. Республикалык штабга бардык мамлекеттик органдар тартылган. Кандай негизде жардам беребиз, баары макулдашылып, такталып чечилет. Четтеги жарандарыбыз Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтери жана консулдуктары менен байланышта болуп турушу керек.

"Азаттык" радиосунун "Эл үнү" программасына +996-550-98-87-55 номери аркылуу кайрылсаңыз болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG