Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Эл үнү: Жолдо калдык, балдар ачка


Москванын "Внуково" аэропортунда мекение кете албай жаткан мигранттар, 24-март, 2020-жыл.
Москванын "Внуково" аэропортунда мекение кете албай жаткан мигранттар, 24-март, 2020-жыл.

Коронавирус коркунучунан улам Кыргызстанга өзгөчө абал киргенден бери аярлуу катмар, тышта жүргөн мигранттар кыйналып жатышат.

Өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенине бир жумага чамалады. Ушуга байланыштуу өлкө ичиндеги жана эл аралык каттамдар токтоду. Айрым мекендештер ара жолдо калып, башка мамлекеттин аэропортунда күн кечирүүгө аргасыз болууда.

Карантин режими киргенден бери “Азаттык” радиосунун “Эл үнү” берүүсүнө Орусиянын аэропортунда түнөп жаткан журтташтар бир нече жолу жардам сурап кайрылышты. Алар кыргыз өкмөтүнөн Кыргызстанга алып кетүүнү суранышууда.

27-мартта "Эл үнү" берүүсүнө Новосибирск шаарынын аэропортунда калган жарандар аудио кайрылуу жиберишти.

“Мекенге кеткибиз келет. Бул жерде 200дөй адам отурабыз. Өкмөт иштебейби, эмнеге бизди кабыл алгыңар келбей жатат. Ушундай учурда кайдыгер карабай бири-бирибизге жардам берели. Кыргыздын патриот жигиттери кол сунуп, алып кеткиле. Көбүнчө Сахалинден, Амурдан, Магадандан, Якутиядан келгендер турабыз. Кыргызстанда Орусиянын жарандары бар экен. Ошолорго алмаштырса да болмок. Балдары менен энелер, майыптар бар арабызда. Жууна элекпиз, жерде жатабыз. Тапкан акчабыз тамак-ашка эле кетмей болду. Жардам бериңиздер, кыргыз өкмөтү иштейсиңерби?”

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчигинин маалыматына таянсак, учурда Москванын «Шереметьево» аэропортунда жүздөн ашуун жаран Кыргызстанга кете албай турат.

25-мартта элчиликтин алдындагы атайын түзүлгөн штабдын мүчөлөрү «Шереметьево» аэропортуна барып, алар менен жолуккан.

Штаб мүчөлөрү Кыргызстанда өзгөчө абал режими киргизилгендиктен рейстер токтотуларын айтып, чогулгандарга аэропорттун аймагында калууга болбой тургандыгын түшүндүргөн. Элчиликтин маалыматына караганда аэропортто турган жарандардын көпчүлүгү Москва шаарына кайткан.

Бирок, «Шереметьево» аба майданынан «төрт күндөн бери уча албай жатам» деген Саибжан Кылычбек кызы аттуу жаран «Азаттык» радиосуна дагы эле жүздөн ашык кыргызстандык аэропортто турганын билдирди. Айрым кыргызстандыктардын тамак-ашка акчасы калбай баратканын белгилеп, кыргыз өкмөтүнөн маселени эртерээк чечип берүүнү суранды.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин жообу:

25-мартта берген маалыматы боюнча, «Шереметьево» аба майданында Орусиядан уча албай жаткан 78 жүргүнчү, ошондой эле транзит менен келаткан Нью-Йорктон үч, Орегондон бир, Лондондон бир, Минскиден бир, Мальдивден эки кыргызстандык болгон.

Элчилик маселени чечиш үчүн «Домодедово», «Шереметьево» аэропортторунда өз компетенциясынын чегинде орусиялык өнөктөштөрү, авикомпаниялардын өкүлдөрү менен бирге тиешелүү иш жүргүзүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле Москвадагы элчилик Орусия 27-марттан тартып үзгүлтүксүз жана чартердик авиакаттамдарын толугу менен жабарын маалымдады. Бирок Кыргызстандын «Манас» аэропортунун сайтында жумасына бир жолу Москва-Бишкек, Москва-Ош, Новосибирск-Бишкек каттамы жүргүзүлөрү жазылып турат.

"Иш токтоду, балдар ачка..."

Өзгөчө абал киргенден бери Кыргызстандын өзүндө жашаган калктын аярлуу катмары кыйналып жатат. “Эл үнү” берүүсүнө жалгыз бой энелер, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайрылды.

Бишкектин тургуну Наргиза Усенова тигүүчү болуп иштейт. Ал карантинге цехтин иши токтоп, үч баласы менен кыйналып жатканын айтты:

"Жалгыз бой энемин, үч балам бар. Жаңы жылдан кийин кредитке деп карыз алгам, анын үстөгү көбөйүп кетти. Тамак-аштан да кыйналып жатам. Азыр кыздарым менен сиңдимдин үйүндө жатам. Улуу кызым ондо, ортончусу тогузда, кичүүсү беште. Тигүү цехинде иштечүмүн. Карантинге байланыштуу цех жабылып, бош калдым. Кудайберген жакта турчумун. Азыр Сокулуктагы Кызыл-Туу айылында жашап атам. Жардамга муктажмын".

Ушундай эле турмушту Бишкектин дагы бир тургуну Минайым Нурбекова баштан кечирүүдө. Ал "карантиндин мөөнөтү созулуп кетсе, балдарым ачка калат" деп чочулап турган кези.

"Үй-бүлөдө үч эле адамбыз. Эки балам бар. Улуусу үчтө, кичүүсү төрт айлык. Күйөөм менен жашабайм, ажырашып кеттик. Азыр тууганымдын батиринде жашап атам. Жардамым ушул болсун деп өзүнүн батирине киргизген. Апам да каза болуп калган. Атам менен катташпайм. Туугандарым каралашып турат. Күйөөмдөн алимент өндүрө албай жатам. Акча тартыш болгону үчүн тамак-ашты жетиштүү камдай албай калдым. Карантин созулуп кетсе, кантем деп чочулап атам. Кечээ телевизордон өкмөт жардам берип атканын угуп, анан силерге жазгам".

Манира Маматованын болсо беш баласы бар. Ал кырдаалга байланыштуу жөлөкпул алууга документ чогулта албай калганын айтып кейиди.

"Беш балам бар. Өзүм эч жерде иштебейм. Жөлөк пул алып турчумун. Анын мөөнөтү 10-мартта бүттү. Кайрадан документ чогултайын десем, кырдаал өзгөрүп, үйдөн чыга албай калдым. Балдарым жаш. Кичүү балам бир жаштан ашты. Өкмөт биздин акыбалды түшүнүп, жардам берет деген үмүттөмүн. Кимге кайрылсам болот? Тамак-аш да камдаганга үлгүрбөй калдык".

Бул арыз боюнча Социалдык өнүгүү министрлигинин жообу:

Жөлөкпулдун мөөнөтүн узартуу боюнча буйрук даярдалып, өкмөткө сунушталган.

Толгонай Акматова болсо биринчи топтогу майып. Буга чейин “Дордой” базарында иштегенин айтууда. Базар жабылганга байланыштуу тамак-аштан өксүп, айласы түгөнүп турат.

"Менин жумушум жок. Биринчи топтогу майыпмын. Бир көзүм көрөт, бирөө жакшы көрбөйт. Ошол көзүм менен эч кимден жардам сурабай эле базарга чыгып, эптеп тыйын таап келчүмүн. Базар жабылганы айлам кетти. Үйдө эч нерсе калган жок. "Дордой" базарына жакын батирде жашайм. Же светке төлөй албай, же батирдин акысын бере албай жатам. Бир туугандарыман сурайын десем алардын деле турмушу өп-чап. Айылга кетейин десем, жол жабык экен. Тамак-ашым да калбады. Ошон үчүн жардам сурап атам".

26-мартта кыргыз өкмөтү жардамга муктаж адамдар жана үй-бүлөлөр бекер ун менен камсыз болорун кабарлаган. Өкмөт бул үчүн Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлмөй болгон.
Унду бөлүштүрүп, жеткирип берүү милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн.
27-мартта өткөн басма сөз жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева социалдык төлөмдөр убагында берилерин билдирди.
«Ушу тапта Кыргызстандын өкмөтү эмгек акы, жөлөкпул боюнча бардык төлөмдөрдү жана бюджеттин башка чыгашаларын өз убагында каржылоодо. Мындан ары да биз бул милдеттенмелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз», - деди министр.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилди. Учурда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын саны Кыргызстанда 58 адамга жетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG