Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Эл үнү: Тамак-аш тартыш, Сибирде калган кыргыздар


Милиция кызматкери Бишкек шаарынын кире беришине орнотулган блокпостто айдоочуларды текшерип жатат.25-март, 2020-жыл.
Милиция кызматкери Бишкек шаарынын кире беришине орнотулган блокпостто айдоочуларды текшерип жатат.25-март, 2020-жыл.

"Эл үнү" программасына бул жолу тамак-аш тартыш болуп жатканына, насыяны төлөөгө байланыштуу суроолор менен кайрылышты. Ошондой эле Италиянын Бергамо шаарындагы мекендештин кеп-кеңешине орун бердик.

Гүлкан Алибаева, Базар-Коргон районунун Абдраимов айылынын тургуну:

- Биз пенсия жашындагы энелербиз. Бай-кедей дебей, жашоочулардын бардыгына тамак-аш берсеңиздер. Баарынын эле акчасы жок. Үзүмчүлүк маалы. Акча болсо көчөгө тамак-ашка чуркашат. Эл ордунан жылбай отурушу үчүн тамак-ашы болушу керек. Ун, май, күрүч болсо бардыгына тегиз таркатуу керек. Жардамды кыргыз элинин ишенген уулдарынан түшкөн эсептен алса болот деп ойлойм.

Юлдуз Жороева, Ош шаарынын тургуну:

- Ош шаарында турам. Мына карантин башталгандан бери жолдошум Орусияда. Үч балам бар. Азыр карантин болуп эч жакка чыга албай жатам. Карапайым элге жардам бериш керек. Азыр үйүбүз жок, күйөөм 40 миңге билет алганга мүмкүнчүлүгү жок. Жолдошум Казанда калды. Кимге барып кайрылууну билбейм. Көчөгө чыгайын десем, такси жок, маршрутка жок. Бир балам төрт айлык, бир балам үч жашар. Эжемдин кызын да багам. Ал тогуз жашта. Алар менен азыр кыйналып жатам. Акча салайын десе жолдошум да иштебейт, анда да карантин. Азыр абдан кыйналуудабыз.

30-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун берген жообу:

- Күнүмдүк турмушунда кыйналып жаткан жарандарга жардам берүү жагы да өкмөттүн атайын токтому менен чечилген. Бүгүн-эртеңден баштап беш миң тонна унду жакыр жашаган катмардын тизмесин аныктап, 1-партия менен бөлүштүрүп берүү тууралуу чечим кабыл алынды. Андан сырткары башка катмарлага жардам берүү боюнча чечимдер кабыл алынып жатат. Вице-премьер-министрдин деңгээлинде түзүлгөн экономикалык топ иш жүргүзүп жатат. Дагы маалымат берилет.

Азык-түлүк менен камсыздоо боюнча маселе жок. Өзүңүздөр билгендей, күнүмдүк керектелчү жана башка азык-түлүктун корун түзүү боюнча иштегенбиз.

Кээ бир региондордо маселе чыгып жатат. Бул ошол азык-түлүк тармагында иштеген ишкерлердин жеке өз кызыкчылыгын мамлекеттин элдин кызыкчылыгынан жогору коюп жатканына байланыштуу. Бүгүнкү күндө баанын көтөрүлүшү кээ бир жерде атайын сатыкка чыгарбай, баасын кымбаттатууну көздөгөндөрдүн эсебинен болуп жатат.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу экономикалык жактан кыйналган биздин ишкерлерге салыктан, башка төлөмдөрдөн, насыяны төлөөдө жеңилдиктерди берүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Тилек Үсөнакунов, Бостери айылынын тургуну:

- Биз Бостеринин тургундарыбыз. Бостери айылында тамак-аш такыр жок. Чолпон-Атадан алып келиш керек болуп калды. Чолпон-Атага блок-постторду коюп, шаарга киргизип чыгарбай жатышат. Араң кирип-чыгуудабыз. Шаарда да азык-түлүк кымбат, бир кап ун 2000-2100 сомдон болуп жатат. Суу май 500 сом. Күрүч да кымбаттап кетти. Жолдо маршрутка, такси жок. Азык-түлүктү кантип алып келээримди билбейм. Карапайым элге жардам бергиле. Дарыканада беткап тартыш, болсо да 25 сомдон. Антисептикалык каражаттар, оксолин майы такыр эле жок.

Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Жамангулов 30-мартта мындайча жооп берди.

Ун маселеси боюнча Чолпон-Атада “Акундун” атайын дүкөнү бар. 15 тонна ун түшкөнүнө 2-3 күн болду. 50 кило ун 1603 сомдон сатылып жатат. Андан сырткары “Народный” дүкөнүндө ун бар. Саат 18ге чейин ачык. Бааны Бишкектин деңгээлинде кармап жатышат. “Лента” деген супермаркет бар. Андан сырткары кээ бир павильондор, айыл ичиндеги дүкөндөр өздөрүнүкүн кошуп, бааны кымбаттатып алгандар болуп жатат. Ал боюнча арыздар болсо жерине барып, айтып, бааны баштапкы калыбына келтиребиз. Биз бардык дарыканаларга бааны көтөрбөө тууралуу кат бергенбиз. Бүгүнкү күндө андай жок. Кайсы дүкөн экенин бизге айтып коюшса, биз көзөмөлдөйбүз. Чолпон-Атадагы “Народный” дүкөнү ремонтко жабылып калган. “Лента” жана башка азык-түлүк дүкөндөрү толугу менен иштеп жатышат.

"Азаттык": - Азык-түлүк кымбаттаган жокпу?

- Өсүмдүк майынын 5 литрин 360 сомдон өз баасында эч нерсе кошпой саттырдык. Ун Бишкектен келген баа менен сатылып жатат. 50 кило ун 1603 сом. Мен өзүм барып тиешелүү кагазын көрүп келдим. “Азаттыкка” кайрылган жаран кайсы дүкөндү айтып жатат, же бир кичинекей павильонду айтып жатабы, билбейм. Мен чоң азык-түлүк дүкөндөрүн айтып жатам. Арыз-даттануу түшкөндө ошол жерге барып айтып, эскертип жатабыз. Өкүмөттүн бекиткен баасы чыккан, биз ошл маалыматты баарына бергенбиз. Чоң дүкөндөрдүн баары тегиз көзөмөлдө.

Санаага салган насыя

Акбар Нурмагамедов, Кара-Кулжа районунун тургуну:

- Мамлекетибиз оор абалда турат. Карапайым калк да ушул тапта убара тартып жатат. Эл иштебей, үйдө көр-тиричилигин өткөрүп жатат. Эл тышка чыгып иштебесе, кредитти кантип төлөйт? Банктардагы кредитти убактылуу токтотуп турууну чечип берсеңер деп сурайм. Мамлекетибиз, элибиз бутка турса, кредитти төлөй баштайбыз. Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасап, биздин үнүбүздү жеткирсеңер.

Алтынбек Шералиев, Бишкектин тургуну:

- Бир эле менде эмес, бардык элде ошондой кредит бар. Коронавирус башталгандан бери же үйдөн чыга албай калдык. Тамакка, нанга-унга барабыз. Башка эч жакка бара албайбыз. Ошондуктан ушул маселени көтөрүп чыксаңар. Себеби “акты ак, караны кара” деп "Азаттык" гана айтат.

Чокоева Жаңыл жана Абдраимов Кубанычбек, Бишкек шаарынын тургундары:

- "Мөл-Булак" банкынан 50 миң сом насыя алганбыз. "Айыл банктан" 50 миң сом. "Мөл-Булактан" эки насыя бар. Мен курулушта, келинчегим тигүү цехинде иштейт. "Мөл-Булакка" чалып байланышып мөөнөтүн узарткыла десек, "төлөйсүңөр" деп коюшту. Кантип төлөйбүз деп отурабыз. Эки балабыз бар. 15 күндөн бери бош отурабыз. Насыяны төлөө мөөнөтүн узартып, убакыт берсе жакшы болмок.

- "Айыл Банкка" үч айда 13-14 миң сом төгөбүз. "Мөл-Булакка" эки кредитке 7500 сом төгөбүз. Анын үстүнө өзүбүз батирде турабыз. Тамак-аш деле белендеп алган эмеспиз. Колубузда тогуз айлык балабыз бар.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Эркин Асрандиев 26-марттагы брифингде төмөнкүчө жооп берген:

- Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Улуттук банк тарабынан коммерциялык банктарга бардык төлөмдөрдү, анын ичинде негизги сумма жана үстөк төлөө мөөнөтүн үч айдан кем эмес мөөнөткө узартуу боюнча сунуш берилген. Андан тышкары «насыя өз убагында төлөнбөгөнү үчүн айып пул салынбайт» деген так чечим кабыл алынган. Демек, төлөө мөөнөтү өтүп кетсе дагы эч кандай айып пул салынбайт.

Сибирде ара жолдо калгандар

Менин атым Жабир. Биз беш киши болуп Вьетнамдан Новосибирск шаарына учуп келип, аэропорттун транзит залында калдык. Бишкекке учак кетпей, биз же ары, же бери эмес, жолдо калдык. Учак качан болорун эч ким айта албайт. Абалыбыз өтө оор. Бизге эч ким маалымат бербей эле. Сүйлөшүү болуп жатканын деле билбейбиз, бирөө «алып кетет" десе, бирөө "уча албай калдык» деп атат. Биз 203 кишибиз жана бизге жардам керек.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев ара жолдо калгандарга учак жиберүүнү өкмөткө сунуш кылды.

Нургазы Уланбеков, Ат-Башы районунун тургуну:

- Мен Ат-Башыдан кайрылып жатам. Карантинде жумуштарынан бошой албай бир топ эле киши шаарда калып калган. Эми үйгө бери чыкканга такси жок. Таксилерди шаардан бери чыгарбай жатыптыр. Ошондой эле жолдон «пропуск үчүн» акча доолашат экен. Таксисттерге жеңилдик берип, шаарда калгандар айылдарына жетип алышпайбы. Шаарда калып калгандар бир айлап туугандарыныкына деле батпайт да. Студенттер, убагында жумушуна байланыштуу шаарга барып калгандар карантин киргенден кийин бери чыга албай калышты. Ушул маселени тиешелүү жерге айтып, чечип берсеңиздер.

Италиянын Бергамо шаарында иштеген мекендештин кайрылуусу:

Мен Италиянын Бергамо деген шаарында иштейм. Коронавирус башында ушул шаарда чыккан. Адегенде мен деле журналисттер элди коркутуп жатат деп ишенген эмесмин. Анан мен иштеген жерден биринчи чыкты.

Бардыгыңар уккула, көңүл бурбай койбогула. Дүйнөдө өнүккөн, күчтүү мамлекет Италиянын алы жетпей жатат. Кечээ эле 24 сааттын ичинде Италияда 800 адам өлдү, анын 452си мен жашаган облустан. Мен тааныган үч киши өлдү. Ошондон кийин менде паника башталды.

Өткөндө орусиялык Малышеванын 10 жашка толо элек балдар оорубайт деп айтканын угуп, мен да тынчып калгам. Азыр эки бала оор абалда реанимацияда жатат. Вирус жуктурган орто курактагылар бүт ооруканага жатышты. Кары-картаңдар өлүп жатышат, алардын иммунитети көтөрө албайт экен. Кечээ 47 жаштагы бейтап өлдү.

Азыр адамдарды дарылаганга врач тартыш болуп баратат. Бул ооруга дарыны качан табасыңар деп катуу талап коюп жатышат. Бирок коронавируска каршы вакцинаны табыша элек.

Менин коркконум - Кыргызстан. Баарыңар беткап кийгиле. Беткап жок дейт. Дакиден тиккиле. Бул вирус билинбей жугуп, инкубациялык мөөнөтү 14 күнгө чейин жетет экен. Суранаарым, кайдыгер карабагыла. Ар ким өзүн сактасын. Карантин деген менен эл көчөдө жүрөт, жугуп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG