Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Эл үнү: «Селсаяк болгум келбейт...»


Карантинге жабылган ишкананын дарбазасы.
Карантинге жабылган ишкананын дарбазасы.

Новосибирск шаарында ара жолдо калган мигранттар өкмөткө кайра-кайра кайрылышууда. Ошондой эле энелер каатчылык каптаганын айтып, жардам сурап жатышат.

«Эл үнүнө» кайрылган Орусиянын Новосибирск шаарында калган жарандардын үнүнө кулак салалы.

Биздин улуу урматтуу президент Сооронбай Шарипович!

Мына бүгүнкү учак да токтотулду. Аны менен кошо биз жашап жаткан хостелдин мөөнөтү, финансылык колдоо да токтоду. Учак күткөн 200 адам талаада эмне кылышты билбей туруп калдык. Биздин дагы эле үмүтүбүз чоң. Дагы кайрыла беребиз. Ушунча адам талаада калды. Кайра кайтып бара турган жерибиз жок.

Аты-жөнүн атабаган жаран:

- Мен көзүмө операция жасатканы келгем. 17-мартта ушул жерге келгем, ошондон бери кете албай жүрөм. Үйгө жетип, көзүмдү көрсөтүп, кан басымымды текшертип, жатышым керек эле. Ага таптакыр шарт болбой жатат. Бул жердеги баарыбыздын билеттерибиз колубузда, акча төлөнгөн. Башкы консулдукта иштеген адамдар келишти. Биз кечээ күнү уккан маалыматты алар бүгүн айтып жатышат. Эч кандай жаңылык айтышкан жок. Биздин салыктан, биз жиберген акчадан айлык алып иштеп жатышат. Аларды өз милдетин так, туура жана өз убагында аткарууга чакырабыз.

Экинчи жаран:

- Каржылоо токтоду. Эми биз каякка барабыз. Көчөгө чыгабызбы? Көчөгө чыксак бизди кармап кетет. Эми каяккка барабыз?

Үчүнчү жаран:

- Биз транзит менен өтүп баратканбыз. Келатып жолдо калдык. Новосибирскиде калганыбыз 20 күн болду. 300 киши бар. Бир жолун таап, алып кетип, маселени чечпейсиңерби. Акчабыз да калган жок. Бизди алып барып мейманканаларга жайгаштырышкан. Ага төлөнгөн мөөнөт да бүттү. Балдардын ичерге тамагы да түгөнүп баратат.

Төртүнчү жаран:

- Новосибирскидеги Башкы консулдукта иштеген адам келип кетти. «Бүгүн чыгасыңар. Мындан кийин тамак да берилбейт. Жатаканага да төлөнбөйт. Кантип жан баксаңар, ошентип жашагыла» дешти. Бир учакка эле бата турган адам бар. Арабызда ооруган эч ким жок.

Ара жолдо тургандар: Эми биз каякка барабыз?
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

Булардан тышкары Малайзияда, Дубайда, Кипрде, Таиландда, Италияда, Түркияда калган жарандар да жардам сурап улам-улам кайрылып жатышат.

Москвада иштеген кош бойлуу аял:

- Беш айлык кош бойлуумун. Күйөөм карантинге чейин Кыргызстанга кеткен. Мен жумуштан чыга албай калып, анын артынан барам деп, 8-апрелге билет алгам. Азыр жалгызмын. Туугандарым жок, абдан кыйналып турам. Мындан ары бул жерде кантип жашарымды билбейм. Көчөдө калып, селсаяк болгум келбейт. Күндө ойлоно берип, абдан кыйналып кеттим. Менин үнүмдү да Кыргызстанга жеткирип койгулачы.

«Убактылуу жашоого жардам бергиле»

Москвада иштеген Малик Мадалиев:

- Мен Кыргызстандын 120 депутатына кайрылат элем. Кыргызстандын чыгаан байларына, экс-президенттерге чейин силердин жардамыңар карапайым элге абадай керек болуп турат деп айтар элем. Келгиле, ойгонгулачы кичине! Орусиянын беш облусунда аэропорттордо, чек арада калган кыргыздар жүздөп саналат. Ошолордун жей турган ашы калган жок. Ошолорго чогулуп жардам береличи. Биздин аткаминерлер, силерден суранам. Кыргыздын чыгаан байлары, келгиле, ушуларга жардам берели. Аларды алып кете албасак да, жегенге тамак-ашын камдап берип коёлу. Алардын эч нерсеси калган жок. Кантип карап отурасыңар? Силер мунун баарын эң сонун эле угуп, көрүп турасыңар.

Азыр бири-бирибизди жакалай турган маал эмес. Урматтуу президент, ушул маселенин бир жолун таап чечели.

9-апрелде тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев "42 өлкөдө жарандарыбыз бар, аларды алып келүү азыр мүмкүн эмес" деп билдирди:

- Туруктуу да, чартердик да каттамдарды ишке ашыруу азыр мүмкүн эмес экенин баса белгилейм. Башка мамлекеттер аба мейкиндигин жапкандыктан, аэропорттор жабылып, чек арадан өтүү убактылуу токтогондуктан чет мамлекеттердеги биздин жарандарды Кыргызстанга кайтарып келүү бир топ кыйын жана азыркы учурда мүмкүн эмес.

Кыргызстандан чыга албай калгандар

Бишкектеги тигүү цехинде иштеген Фатима Мамаева аны менен иштеген өзбекстандык төрт жаран жардамга муктаж экенин айтып кайрылды.

- Бир цехте иштеген үч өзбекстандык жигит жана дагы башка цехте иштеген жигит кете албай калышты. Алардын жумушу 10 күн мурун токтоп, акчасын ала албай, аргасыздан калып калышты. Эми «цехтен чыккыла»​ деп айтып жатышыптыр. Бизге өзбек туугандар ун, медициналык каражаттан жардам беришпедиби. 20 жаштагы жигиттер каякка барышты билбей жардам сурап жатышат. Кайдан жардам алышса болот?

Энелер жардам сурашат

Бишкектин атын атагысы келбеген тургуну:

- Гараждын бир бөлүгүндө бакчага барган балдарыбыз менен батирде жашайбыз. Муздаткычта эч нерсе жок. Жалаң карандай суу менен отурабыз. 1227 номерине чалып, «кичинекей балдарым бар» деп жардам сурадым эле. Эки жумадан бери эч дайын жок. Бизди бир сурап койгон адам жок. Буга чейин айыл өкмөтүнө кайрылып, бир жардам алып көргөн эмеспиз. Эки балам ачка отурат. Эртең менен кызым «тамак ичем» деп ыйлады. Биздеме жасап берейин десем эч нерсе жок. Батирге 4000 сом, бакчага 3500 сом төлөйбүз. Кыргыз элиби же өкмөтпү, жардам берсеңиздер.

Наргиза Букабаева, Бишкек шаарынын тургуну:

- Батирде турам. Эки балам бар. Күйөөм жок. Коронавируска байланыштуу жумушту жаап салышты. Азыр балдарым ачка. Жардам берип коюшуңуздарды суранам.

Жаркын Абдраева, Бишкектин Ак-Ордо конушунун тургуну:

- Жалгыз бой энемин. Үч балам бар. Идиш-аяк жууп, күнүмдүк жашоого акча тапчумун. Азыр ишим жок, үйдө балдар менен отурам. Алган тамак-аштын баары түгөндү. Күйөөм менен ажырашканыма 12 жыл болду. Ал Сокулукта жашайт. Тамак-аш жеткирейин десе, Сокулуктан шаарга өткөрбөй жатыптыр. Тамак-аштан жардам берип койсоңуздар.

Аты-жөнү белгисиз Дордой конушунун тургуну:

- Бизге жардам бергиле. Алты жашар баламдын көзү көрбөйт. Дагы 11 айлык кенедей балам бар. Күйөөм каза болуп калган. Бишкекте батирде акча төлөп турам.

Аты-жөнү белгисиз Дордой конушунун №601 үйүнүн тургуну:

- Жалгыз бой энемин. Батирде турабыз. Азыр абдан кыйналып турабыз. Бизге да жардам берип, кол сунуп койсоңор.

Салтанат Мамбетакунова, Жети-Өгүз районун Ак-Терек айылынын тургуну:

- Тамак-ашка муктажбыз. Бизге берилбей жатат. Жакыр жашагандарды эч ким карабай эле турат. Балдарымдын бирөө студент. Ал колумда. Кичүү балам алты жашар. Жумуш токтогон, 20-марттан бери үйдө жатабыз. Бизге тамак-аштан жардам берилбей жатат.

Зыйнат Гапарова, Жалал-Абад шаарынын тургуну:

- Батирде турам. 4100 сом пенсия алам, майыпмын, жалгыз бой энемин. Жалал-Абадда кызым ашканада идиш-аяк жууп иштечү. Ашкана да жабылып, алган тамак-ашыбыз да түгөндү. Жалал-Абад шаарында тамак-аш өтө эле кымбат. Биринчи сорттогу бир кап ун 1800 сом. Өткөндө кызым бир килограммын 40 сомдон беш килограмм ун чалып келген. Аныбыз түгөндү. Менин бутум ооруйт. Жөнөкөй кетонал деген дарыны 14 сомдон беришиптир. Абдан кымбат болуп жатат. Тамак-аш жагынан жардам берип койсоңуздар. Жалал-Абад шаары, Айтматов көчөсүндөгү 3-үй, 6-батир. 078-659-608.

Айзада Анарбекова, Жети-Өгүз районунун тургуну:

- Түп районунун бардык айыл өкмөттөрүндө жөлөк пул алган, жардамга муктаждарга ун, суу май таратылыптыр. Андан бери бир жума деле өтүп калды. Жети-Өгүз районунда андай жардам берилген жери жок. Көп балалуулар ачка отурушат. Эл өзүндө жок болсо кантип жардам берет?

Обсервацияда абал кандай?

Ош шаардык ооруканасында обсервацияда жаткан, аты-жөнүн айткысы келбеген жаран:

- Өзгөчө кырдаал министрлиги «обсервацияда жаткандарга тамак берип жатабыз» деп жалган айтып жатат. Мен эл чындыкты билсин деп кайрылып жатам. Биз Ош шаарында жатабыз. Биздин бир туугандарыбыз чет элден келген, «ошолор менен байланыш болду» деп жаткырышкан. Менин аялымды, кызымды, анан мени алып келишти. Менин биринчи анализим таза чыгыптыр. Кызымдыкы эки анализи тең таза чыкты. Кызыма 14 күн, менин жатканыма сегиз күн болду.

«Эгер мен ушул жерден ооруп калсам кандай болот?» десем: «Жок, оорубайсың. Кызыңдыкы эки жолу таза чыкса, сеники бир жолу таза чыкса, коркунуч жок, үйүңөргө чыгасыңар. Коркунуч жок», - дешкен. Бул жакка күндөн күнгө бейтаптарды алып келип жатышат. Алар кандай экенин биз билбейбиз да. Анализибиз таза чыгып, анан бул жерде жатыш бизге кыйын болуп жатат. Жугуп калса, ага ким жооп берет?

Интернетте «обсервацияда жаткандарга ганфан, самсы бери жатабыз» деп маалымат таратып жатышат. Алдабай эле, элге туурасын айтса болот да. «Акчабыз жетпей жатат» деп эле айтса болот да. Алдап, элдин кыжырына тийип жатышат. Булардын тамагын жеген кишинин иммунитети түшүп кетет. Бул жерде жаткандардын баарынын арызданганы эле ошол.

"Азаттык": Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чалып, жогорудагы кайрылуу боюнча жооп ала алган жокпуз. Келаткан күндөрү жооп алууга аракеттенебиз.

Урматтуу окурман, «Эл үнү» программасынын «WhatsApp» номери: 0550-988-755. Кайрылууңузду жазуу, аудио же видео түрүндө жөнөтүңүз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG