Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:23

Эл үнү: Секелек кыздын дарысы түгөндү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөчө абал 30-апрелге чейин узартылгандан кийин үй-бүлөнү тамак-аш жана башка зарыл нерселер менен кантип камсыздайбыз деген түйшөлгөндөр арбын. Талас обулусунда сүттүн баасы арзан болуп жатканын айткан тургундун суроосуна облус жетекчиси жооп берди.

Атын атабаган жаран:

"Балдардын онкологиялык ооруканасынан чалып жатам. Эки жарым жашар кызым бир жылдан бери ооруканада дарыланат. Дарты 4-даражадагы өсмө. Базар-Коргондон болом. Ушундай учурда дары-дармек алганга тыйын жетишпей жатат. Кайдан жардам алсам болот?".

Атын атабаган аял:

"Жашообуз кандай болот? Тамак-ашыбыз эмне болот? Жаз маалында балдардын иммунитетин көтөрүп, витаминдүү тамак беришбиз керек. Ундан башка да тамак-аш эмне болот? Коммуналдык кызматтын акысын үч айдан кийин төккүлө дешти, аны кандай кылабыз? Ооруп жаткандар дарыга муктаж. Биз болсо балдарыбыз менен отура беребизби?".

Атын атабаган жаран:

"Мен жалгыз бой энемин. Эки балам бар. Бир айдан ашуун үйдө отүруп калдым. Ашпозчу болуп иштечүмүн. Күйөөм жок, жалгыз бой энемин. Жардам бере аласыздарбы?".

Айпери Жумаева, 26 жаштамын.

"Бир жарым жашар кызым бар. Эжем үчөөбүз батирде турабыз. Кийим тиккен жерде иштечүмүн. Карантинге байланыштуу үйдө отуруп калдык. Тамак-аш калбады. Кызымдын сүтүнө да тыйын жок. Жардам берүүңүздөрдү өтүнөбүз. Дарегибиз: Свердлов району, Федоров көчөсү, 31. Телефон номерим: 502 -190-989".

Рита Казыбек кызы, Аламүдүн районундагы Достук айылынын тургуну:

"Кечээ ун алалы деп барсак, 1-сорттогу ун 1800 сомдон экен. Ош базарындагы “Акундун” дүкөнүндө 1555 сомдон экен. Дагы деле кымбат болуп жатат. Буга кандай чара көрүлүшү керек? Биздин үч балабыз бар. Азыр кош бойлуумун. Жолдошум иштечү, азыр карантиге байланыштуу жумушу жок. Акчабыз жок, карыз болуп, кайда кайрылууну да билбейбиз. Өзүбүз батирде турабыз".

Аты-жөнүн айтпаган жаран:

"Ар бир аймактарда квартал башчысы ун жана башка муктаж нерселерди таратып жатканда паспорт менен берилет экен. Өзүмдүн, эки баламдын жана жолдошумдун паспорту жок. Жеке эле мен эмес, бизге окшогондор көп. Алардын арасында да ала албай жүргөндөр бар. Биз өкмөткө деле кайрылган эмеспиз. Өзүбүз иштеп, тапкан акчабызга оокатыбызды кылып келатканбыз. Жумуш жок, төртөөбүз тең үйдө отурабыз. Унду болсо паспорт менен гана беребиз, жокторго бербейбиз деп жатышат. Ошондо биз кимден алабыз? 15-апрелге чейин эптеп чыдап келдик. Үйдө 2-3 килограмм эле ун турат. Айдын аягына чейин ал оокат менен жете албайбыз".

Атын атабаган аял:

"Жамгырчинов көчөсүндөгү 84-үйдө турабыз. Төрт балам бар. Жолдошум иштей албай жатат. Тамак-аштан бир аз кыйналып калдык. Жардам бере аласыздарбы?".

Венера Маниязова, Бишкектин Арча-Бешик конушу, Айылчиев көчөсү, үй №1649:

"Жолдошум экөөбүз тең иштечүбүз.Эми карантинге байланыштуу үйдөбүз. Тамак-аш түгөндү, өкмөттөн жардам келе элек. Квартал башчыга барып, тизмесине жазылдым. “Тамак-аш келип бүттү, азыр жок” деп айтты. Балдарым окуудан кыйналып жатат. “Баластан” каналы болсо тартпайт. Интернет жок, балдар окуй албай кыйналды. Кимге кайрылып, кимден жардам сурайм?".

Алыста калган мигранттар

Москвадан жалпы мигранттардын көйгөйүн айткан Мээрим Бейшебаеванын үнүнө кулак салалы:

"Мигранттарды эмнеге ойлобой жатышат? Адамдар иши жок жатып калышты. Эмнеге аткамирелер, депутаттар бир ойлоп, “мигранттар бизди камсыздап келишти” эле дешпейт. 4500 адамды алып кетебиз деп атышат. Ал эмне колунда билети барларды эле айтып жатышабы?

Билет ала албай, бир сындырым нанга жете албай тургандарды эмнеге ойлошпойт? Көчөгө чыгалы десек, полиция машинеге болгонун болгондой салып кетүүдө. Кээ бир иш берүүчүлөр "келе бергиле, өзүңөр жооп бересиңер" дейт. Алар жакка баралы десек, кармап кетип жатышат. Кыргыздарга жардам берип жатыптыр деп, бир номерди жазып коюшуптур. Ал номерге канча күндөн бери чалып, эч ким менен байланыша албай койдук".

Талас: Сүттүн баасы арзан

Талас облусундагы Бакай-Ата районунун Корчубек Акназаров атындагы айыл өкмөтүнүн тургуну Ибраева Токтоян кайрылды.

"Биздин Талас облусунда жашагандардын 80% кирешеси заводдорго өткөргөн сүттөн түшөт. Талас сүт иштетүу заводу, Кара-Буура сүт иштетүү заводу сүттүн баасын өйдө-төмөн калчап, элдин ырыскысына кол салып жатат. Мисалы, Чүйдө көп жылдан бери бааны 20-25 сомдон кемитпейт. Таласта болсо сүттүн баасын 15 сомго чейин түшүрөбүз дешет. Азыр 17 сом. Ушундай карантин убагында, эл кирешеден кол жууп, үйдө отурганда бир гана киреше – сүт. Ошону күнүгө өткөзүп, тамак-ашына, турмуш-тиричилигине жумшап атышат.

Элдин талабын облус боюнча депутаттар, айыл өкмөттөрү, губернатордон тарта чечип бергенге күчтөрү жетпей койду".

Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиевдин жообу:

"Азыр бизде төрт сүт завод иштеп жатат. Булар да чыгарган продукциясын сата албай жатышат. Башка айласы жок. 17 сомдон дагы жакшы алып жатышат. Карантин бүткөнчө чыдап турушса жакшы болмок. Азыр жетишпегендердин баарына гуманитардык жардам берип жатабыз. Элдин баары эле түшүнүү менен кабыл алып жатат го. Талас кичинекей облус, Чүйдөй чоң эмес. Кыйынчылыктар болуп жатат. Бирок мунун баары убактылуу. Азыр эле чек ара ачылганда, баары ордуна келет".

"Азаттык": Сүттүн баасын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жок турбайбы?

Марат Мураталиев: Азыр өздөрүндө мүмкүнчүлук жок болуп жатат. Буларды “элдин сүтүн алып тургула”деп кыйнап жатам. Алардын акчасы деле түгөнөт. Таластагы дүкөндөрдө алардын продукциясы деле анчалык көп өтпөйт да.

Өзгөчө абалда ишеним кат эмне болот?

Айгүл Боронова, Ноокен райоунундагы Кочкор-Ата шаарынын тургуну:

"Биз машине алган элек. Анын ишеним каты бүтүп калды. Ишеним кат үч айга жазылган. Эми ал машинени өз атыбызга өткөрүү керек. Ал үчүн Жалал-Абад облусуна барыш керек. Карантинге байланыштуу машинени өзүбүзгө кантип өткөрүштү билбей жатабыз. Антпесек машине башка бирөөнүн атында болуп калат".

Мамлекеттик каттоо кызматынын уюштуруу коммуникациялык бөлүмүнүн адиси Дамира Азимбаева мындай түшүндүрмө берди:

"Республиканын айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу “Унаа” мамлекеттик ишканасы транспорт каражаттарына болгон укукту каттоо боюнча кызмат көрсөтүүнү убактылуу токтоткон. Жарандарга транспорт каражатына ээлик кылууга жана аны башкарууга берилген ишеним каттын мөөнөтү өзгөчө абал учурунда аяктаса, Жарандык кодекстин 209-беренесинин 5-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, өзгөчө абал бүткөндөн кийинки 1-күнү “Унаа” мекемесинин бөлүмдөрүнө кайрылуу керек".

  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    Журналист, устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп иштеген. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

    Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн. 2020-жылы 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болгон.

     

XS
SM
MD
LG