Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:30

Карантинде каржалган үй-бүлөлөр


«Жаштар демилге борбору» коомдук бирикмесинин ыктыярчылары жакыр үй-бүлөлөргө жардам берип жатат. Жаңы-Арык айылы. 15-апрель, 2020-жыл.
«Жаштар демилге борбору» коомдук бирикмесинин ыктыярчылары жакыр үй-бүлөлөргө жардам берип жатат. Жаңы-Арык айылы. 15-апрель, 2020-жыл.

Коронавирус илдетине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам миңдеген адам жумушсуз отурат.

Жумушсуздук айрыкча Бишкектин четиндеги жаңы конуштардагы көп балалуу, жалгыз бой энелерди, майып, кары-картаң жана күнүмдүк акча тапкан үй-бүлөлөрдү түйшүккө салды.

Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында эки бөлмөлүү батирде баш калкалаган 27 жаштагы Шарапат Куралбаеванын айтымында, өзгөчө абалдан улам кара жумуштан күнүнө 500 сомдун тегерегинде акча тапкан күйөөсүнүн иши токтоп калган. Ал майыптыгы бар чиедей үч баласы менен бир жумадан бери азык-түлүккө акчасы жок отурганына кейиди:

Шарапат Куралбаева
Шарапат Куралбаева

«Биз го мейли эптеп чыдайбыз, бирок балдарым ачка отурат, - деди ал. - Кичинекей кызым шал оорусу менен ооруйт. Ага дары алып бербесем, оорусу күчөп баратат. Бирок акчам жок, кантээримди билбейм. Экинчи кызым да оорукчан, кантип заара ушатканын билбей калат. Ага памперс кийгизбесем, кийгенге кийими деле калбай калды. Бирок ага памперсти кайдан табам?»

Шарапат үй-бүлөсү менен батирде жашаганына сегиз жыл болгон. Эки күн мурун ижаранын мөөнөтү келип, төлөгөнгө каражаты жок, айласыз үйдүн ээсине ыйлап барганын кошумчалады. «Кожоюн карантин бүткөнчө батир акысын албай турганын айтканда сөөгүм агара түштү», дейт ал.

«Карантин канчалык узарган сайын биздин турмушубуз ошончолук оорлошуп баратат. Балдарымдын майыптыгына карата өкмөттөн 4000 сом алам. Өзгөчө абал режими киргенден бери блокпосттордон шаарга бара албай, электрондук капчыгымдагы акчаны да ала элекмин. Эртерээк эле мурдагы жашообузга кайтып барсак экен деп Кудайдан суранып отурабыз».

Ал эми Бишкек шаарында жашаган Максатай Жайнакова учурда узун-туурасы эки метр болгон кароолчулардын бөлмөсүндө эки баласы менен күн көрүп жатат. Ал карантинден улам иши токтоп, батир акысын төлөй албай, ушул жерге көчүп келген.

Жети жыл мурун күйөөсү каза болуп калган Максатай Жайнакова көрүнгөн жумушта иштеп жүрүп оорулуу болуп калганын айтып отурду: ​

«Буга чейин жети миң сом төлөп батирде жашачубуз. Ар кандай жумуштарда иштеп, биринчи айдын акысын араң төлөсөм, экинчиси да билинбей бат эле келип калат. Анын үстүнө балдарым «муну жейм, тигини кийем» дейт. Аларды кыя албайт экенсиң. Ошентип батирден чыгып, азыр ушул бөлмөдө кысылып жашап жатабыз. Өзүм жалгыз болсом, балдарымды да мектептен окута алган жокмун. Алардын бири 14 жашта болсо, экинчиси сегизде».

Максатай Жайнакова Бишкекте каттоого турбагандыктан ыктыярчыларга бир жума мурун азык-түлүк жагынан аргасыз жардам сурап кайрылган. Ага 30 ыктыярчыдан турган «Жаштар демилге борбору» деген коомдук бирикме азык-түлүктүн айрым зарыл түрлөрүн чогултуп алып келген.

Деген менен Мамлекеттик материалдык резервдер фонду учурда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 4011 тонна ун таратканын өкмөт билдирген. Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен жөлөк пул алган жарандарга, жергиликтүү муниципалдык бийлик түзгөн тизменин негизинде жардамга муктаж үй-бүлөлөргө берилүүдө.

22-марттан тартып өлкө боюнча өзгөчө кырдаал, 25-марттан аймактарга өзгөчө абал киргизилген. 15-апрелде парламент жалпы отурумунда оору көп катталган Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абалдын мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу, андан тышкары Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна да өзгөчө абал киргизүү, бул аймактарда комендатура түзүү тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгына макулдугун берди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG