Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:44

Абылгазиевдин алын сынаган эки жыл


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган 30-өкмөт туура эки жыл мурун, 2018-жылы 20-апрелде ишин баштаган.

Эки жылдын ичинде вице-премьер-министрлер баш болгон өкмөт курамынын 95% өзгөрдү. Кыргызстандын саясий айдыңында дээрлик белгисиз болуп келген Абылгазиевдин кызматта көпкө кармалышынын сырын президенттин саясаты менен байланыштыргандар бар.

Сын менен келген өкмөт

«Балдардын өкмөтү бат эле кетип, чапанын сүйрөп чалдардын өкмөтү келиптир. «Жаңы өкмөт» деп жакшы сөз айтайын десем, жалаң эле эски өкмөт келиптир», – деп парламент депутаты Рыскелди Момбековдун жаңы өкмөткө жамактап баа бергени элдин эсинен чыга элек.

Өкмөт башчылыкка чейин вице-премьер-министр, президенттин аппаратынын жетекчиси болуп иштеген Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин элегинен өтүп жатып «билек түрүп иштейм» деп кат-кат убада берген:

«Элибиздин кызыкчылыктарына гана билек түрүп иштөөгө ниетим бар экенине ишендирип кетем. Биримдикте бизге ишеним көрсөтсөңөр жаратман эмгегибиз менен өлкөбүздү өнүгүү жолуна алып чыгабыз. Жоопкерчиликти мойнума алууга даярмын».

Кызматка киришип жатып мурунку өкмөттөн мураска калган «Таза коом» санариптештирүү долбоорун улантууга сөз берген Абылгазиев эсте каларлык программа сунуш кылган эмес. Адаттагыдай эле экономиканы көтөрүү, ишкерлерди колдоо, коррупцияны азайтуу деген сыяктуу убадаларды камтыган программасын «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык»​ деп атаган болчу.

Президентке «жашынган» өкмөт башчы

Абылгазиев кызматка келген эки жыл ичинде анын дарегине айтылган кескин сын-пикирлер, кала берсе анын кызматтан кетишин талап кылган учурлар, «мына-мына кетет экен» деген кептер көп эле болду.

2019-жылы май айындагы «бажагейт» окуясында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди иштен кетирүү тууралуу талап күчөгөн. Анда өкмөт мамлекеттик «КТ Мобайл» мобилдик операторун түзүп, ага Абылгазиевдин бажасынын баласы Эрназар Иманкадыр уулу жогорку айлык менен жетекчи болуп дайындалганы бир топ адамдарды нааразы кылган.

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«"Салам" деген оператор түзөм" деп жатасыздар. Эмнеге буга чейин унчукпай келдиңер? Анткени Иманкадыр Рысалиевдин баласы Германиядан окууну бүтүп келишин күтүп жаттыңар. Ошол бала келгенден кийин баштадыңар. Туугандар, мындай болбойт. Биз жаңы Максим, Айдарлардын чыгышына жол бербейбиз. Андай 24 жаштагы балдарга бүтүндөй коррупциялык схеманы түзүп бербейбиз. Мунун артында коррупциялык схемалар чыккан болсо, өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселесине жетет», - деген бул маселе боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Жанарбек Акаев.

Жыйынтыгында Абылгазиевдин бажасынын баласы «КТ Мобайл» компаниясынын жетекчилигинен кетип, өкмөт «премьер-министр бул дайындоо боюнча кабардар болгон эмес» деп жооп берген. Депутаттар «өкмөт башчынын башка дагы тууганчылык байланыштарын иликтейбиз» дешкени менен жыйынтыгы белгисиз бойдон калды. Ал эми ири суммадагы каражат салынган «КТ Мобайл» ийгиликтүү иштеп кете элек.

Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөткө жаңы кодекстердеги кемчиликтер, айрыкча түкүрүккө салынган айыптын өлчөмү, Нарындагы Солтон-Сарыдагы кытайлык компания менен жергиликтүү элдин жаңжалы, Кызыл-Омполдогу уран кени боюнча сын-пикирлер арбын айтылды.

Өлкө саясатында кайсы бир маселеде социалдык чыңалууну басыш үчүн өкмөт башчылар «садага чабылып» кеткен учурлар көп эле болгон. Алардан айырмаланып, Абылгазиевге карата сын-пикир канчалык көп айтылса да анын кызматта кармалып турушун саясий эксперттер ар башка себептер менен түшүндүрүшөт. Абылгазиев саясий айдыңда саясатчы эмес, мамлекеттик кызматкер катары белгилүү. Андыктан анын артында турган электораты жана командасы жок десек болот.

Журналист, саясат талдоочу Айданбек Акмат уулу мындай кадр учурдагы бийликке ыңгайлуу деген пикирин ортого салды:

«Өкмөт иштеш үчүн саясий салмагы, артында командасы, парламентте колдоочулары бар адам келип өзүнүн саясатын жүргүзүшү керек. Абылгазиев «мен планымды, программамды айтам» дегенден бери эки жыл өттү, эч ким эч нерсени билбейт. Болгону Жээнбековдун «Атамбаевден айырмаланам, мен жыл сайын өкмөт алмаштырбайм, баары туруктуу иштейт» дегендей ою болсо керек. Бирок андан бери Абылгазиевден башкасы бүт алмашып бүттү. Саясий салмагы күчтүүрөөк адам болсо президентке, анын айланасындагы командасына атаандаштык пайда кылат. Шайлоо жакындаганда оор салмактагы бирөө келип булардын башын оорутканын каалабайт. Булар ушул бийликти кармап кете беребиз деген ойдо. «Анын саясатынын жыйынтыгы кандай болуп жатат? Экономика, элдин, эл аралык абалыбыз кандай болуп жатат?» деп башын ооруткан жок».

Абылгазиев 2016-жылы өкмөткө ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен чогуу келген.
Абылгазиев 2016-жылы өкмөткө ошол кездеги премьер-министр, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен чогуу келген.

Баса, 2018-жылы жазында ишке кирген Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү боюнча күзүндө сунуш менен парлементке келмек. Анда Коргоо министрлиги жана Энергетика министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн экени кабарланган. Маселе бир нече жолу Жогорку Кеңеште көтөрүлгөнү болбосо, өкмөттүн бул убадасы унутулуп баратат.

Экономикадагы «жел» сандар

Эми Абылгазиев баштаган өкмөттүн экономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө азыноолак кеп кылалы. Негизи өлкө экономикасына баа берүүнүн башкы көрсөткүчтөрүнүн бири - ички дүң өнүмдүн өсүшү же төмөндөшү. Улуттук статистика комитетинин эсебинде, 2017-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 530 млрд., 2018-жылы 569 млрд., 2019-жылы 590 млрд. сом болгон. Кыргызстандын республикалык бюджетинин жалпы кирешеси 2018-жылга 135 млрд. сом, ал эми чыгашасы 142 млрд. сом деп эсептелген. 2019-жылы болсо кирешеси 155 млрд. сом деп эсептелип, чыгашасы 165 млрд. сом болгон. Ал эми akchabar.kg каржылык порталынын маалыматында, Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылы 83 млрд. 989.5 млн. салык жыйнаган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 4 млрд. 405.6 млн. сомго көп деген кеп.

2019-жылы 28-ноябрда Мухамедкалый Абылгазиев парламентте сүйлөп жатып бюджет көбөйүп, өкмөт өнүгүү жолуна баратканын айткан:

«Сиздердин колдооңуздар менен өкмөт бир жарым жыл ичинде эки бюджеттик мыйзам долбоорун коргоп, өткөрүп жатабыз. 2018-жылды карасак, 135 млрд. сом менен аяктаганбыз, мына азыр 173 млрд. сом менен 2020-жылды бекитип жатабыз. Башкача айтканда 40 млрд. сомго жакын суммага көбөйүп жатат. Бул биздин биргелешип, чогуу иштегенибиздин, президентибиздин саясатынын, «туруктуу өкмөт болсун» деген аракетинин биринчи жемиштери деп эсептейм. Быйыл экспорт биринчи жолу көбөйдү, импорт азайды. «Инвесторлор чыгып кетип жатат» деген менен кайра башка инвесторлор келип жатат. Кайсы районго барсак мектептер, бала бакчалар курулууда, жолдор салынууда. Бул экономика өсүп жатат деген сөз».

Кыргызстандагы бажы өткөрмө бекеттеринин бири.
Кыргызстандагы бажы өткөрмө бекеттеринин бири.

Мындан сырткары Абылгазиев башкарган өкмөт өлкөдө инвестициялык климат жакшырганын, ишкерлерди жөнү жок текшерүү азайганын, элдин бийликке болгон ишеними артып баратканын айтып келет. Ошондой эле мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүсүндө санариптештирүү ишке киргенин, бажы көзөмөлдөрү күчөгөнүн, ири шаарларда «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштаганын жетишкендик катары сыпаттап жүрөт. Айтор, өкмөттүн статистикалык сандарында, кагаз отчётторунда экономикалык көрсөткүчтөр жогорулап баратат.

Анткен менен жергиликтүү айрым экономисттер өкмөттүн кагаздагы жетишкендиктери менен реалдуу абал шайкеш келбей калганын белгилешет. Алардын бири экономист Азамат Аттокуровдун пикирин угалы.

Азамат Аттокуров.
Азамат Аттокуров.

«Жел сандар, - деди ал. - Мисалы, айыл чарбасында айыл өкмөттөр «жылына 4-5% өсүш болуп жатат» деп көбөйтүп жазат. Ал эми жеңил өнөр жайында кыскартып коюшат. Себеби, ишканалардын көбү көмүскөдө иштейт. Сырттан келген түз инвестиция жок. Болгону кен тармагына түшүнүксүз кытай компаниялары келди. Өкмөт жок болсо деле жылына бизнес 3-4% өсөт. Мындан ички дүң өнүм 5% чейин өсүшү мүмкүн. Эч кандай өкмөттүн кийлигишүүсү жок эле. Ушуну өкмөт өзүнүн жыйынтыгы кылып көрсөтөт».

Макалабыздын экономикалык бөлүгүн аяктап жатып, Кыргызстандын 4 млрд. АКШ долларынан ашык тышкы карызы бар экенин айта кетейин. 2016-2017-жылдары тышкы карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 20 млрд. сом жумшалса, 2018-жылы бул сумма 23 млрд. сомдон ашкан. 2019-жылы 24 634,6 млн. сом жумшалды. 2020-жылы тышкы карызды төлөөгө болгон каражаттын суммасы мындан да көбөйүшү керек.

Абылгазиевдин «кадыры жок» кадрлары

Кеп башында айтылгандай Абылгазиевдин өкмөтүнүн курамы дээрлик жаңыланды. Абылгазиевдин командасындагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев, билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан кетер-кеткенче сын-пикирден арылган жок.

Өкмөт мүчөлөрүнөн акыркылардан болуп вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирустун жайылышына каршы күрөшүүдөгү даярдыкта кемчилик кетирген деген жүйө менен кызматтан айдалды. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев өкмөт мүчөлөрүнүн көпчүлүгү иштен кеткенин эске салып, премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиевди «ашуудан ат алмаштырганы» үчүн сындады:

«Командаңыздын 95% кетти. Өзүңүз эле калдыңыз, мен муну уят нерсе деп ойлойм. Андан көрө жоопкерчиликти өз мойнуңузга алып кызматтан кетишиңиз керек болчу. Болбосо азыр командаңызды бекем кармап, карантин бүткөндөн кийин чечим чыгарсаңар болмок».

Жээнчороевдун сынына премьер-министр Мукаммедкалый Абылгазиев «иштеп жатабыз» деп жооп берген.

Парламент деле өкмөттү ыңгайы келгенде катуу сындаганы менен жылдык отчётторун «канааттандырарлык» деп көпчүлүк добуш менен колдоп берип жүрөт. Өкмөткө сын-пикир күчөгөн учурда президент Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевди колдоп-коргогондой билдирүү менен чыккан учурлары болгон. Маселен, 2019-жылы 11-апрелде мамлекет башчынын Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзүн депутат Рыскелди Момбеков мындайча чечмелеген:

«Өлкө башчыбыз өкмөт башчынын ордуна отчёт берип койгондой болду. Өкмөт башчынын аткара турган иштери жөнүндө кенен маалымат берип, депутаттардан «колдоп бериңиздер» деп суранып койду. Кечээ Алмамбет Шыкмаматов, Камчыбек Ташиев, дагы бир топтор өкмөттүн отставкасы жөнүндө айтышкан. Анан өкмөт башчыга болушкандай болуп калды».

«Ыңгайлуу» өкмөттүн орду бекемби?

Абылгазиевди ар кандай саясий оюндарга аралашпаган, эч ким менен катуу тирешпеген, коомчулуктун пикирлерин уга билген жетекчи катары мүнөздөгөндөр бар. Алдыда 2020-жылы парламент шайлоо күтүп турат. Бирок Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү ушу күндөрү чоң сыноого туш болду. Тактап айтканда, коронавирус илдети бардык мамлекеттик органдардагы кемчиликтерди оркойтуп алып чыкты. Коронавирустун экономикалык кесепетин жоюуда, элдин жашоо турмушун калыбына келтирүүдө өкмөттү түмөн түйшүк күтүп турат.

Парламенттин депутаты Абдывахап Нурбаев кризис маалындагы өкмөт ишмердүүлүгүнө мындайча баа берди:

"Антикризистик план" деп айтты эле, анысы экономикага жардам бере албай калды. Эми экинчиси, үчүнчүсү иштеп жатат. Эми бизнес бирикмелердин, жарандык коомдун пикирин эске алып, аткарып турса абалдан чыгып кете алат. Ал эми өзүнүн командасы экономикалык жактан начар. Бизде экономика өкмөттөн азыраак көз каранды. Сырттан келген акчанын, бизнестин аракети менен кармалып турат. Өкмөт күчтүү болуп, инвестициялык абалды түзүп бергенде мындан жакшы болмок».

Айтор, өкмөткө чыныгы баа ушул маселелердин жөнгө салынышына жараша берилгени калды десек болот. Учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстан сырттан 1 миллиард долларлык акчалай жана гуманитардык жардам сурады. Өкмөттүн расмий эсеби боюнча быйыл өлкө казынасы 30 млрд. сомдой каражат жоготушу мүмкүн.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG