Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

«Газпромдун» баа саясатындагы үстөмдүгү


«Газпром-Кыргызстан» компаниясы доллардын көтөрүлүшүнө байланыштуу жаратылыш газынын калкка жана ишкана-уюмдарга сатыла турган баасы көтөрүлгөнүн жарыялаган.

Бирок парламентте дүйнөдө газ менен мунай арзандап жатса, эмнеге бул жакта кымбаттаганы боюнча маселе көтөрүлгөн соң, өкмөт орусиялык компания менен сүйлөшүп, мурдагы тариф ордунда калганын билдирди. Талдоочулар Кыргызстанда газдын баасына монополист болгон «Газпромдон» Кыргызстан энергетикалык жактан көз карандылыкта калганын белгилеп жатышат.

Дүйнөдө арзандаган газ Кыргызстанда кымбаттап...

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев дүйнөлүк базарда жаратылыш газы арзандап жатса, эмнеге аны орусиялык «Газпром» компаниясы Кыргызстанда ого бетер кымбаттатып, ашкере жогору баада сатып жатканына кызыкты. Депутат бул тууралуу пандемиянын кесепеттерин жоюу иштерин талкуулаган парламенттин эки комитетинин кошмо жыйынында билдирди:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Менде бир суроо пайда болуп жатат. Бүткүл дүйнөдө азыр мунайдын, газдын баасы ылдый түшүп жатса, бизде тескерисинче, кайра жогору көтөрүлүп жатканы эмнеси? Кыргызстандагы азыркыдай абалда газдын баасын кымбаттатууну чечишине эмне негиз болду?»

Орусиянын «Газпромуна» караштуу «Газпром-Кыргызстан» компаниясы 13-апрелде калкка бир метр куб газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго, юридикалык жактарга 18,7 сомдон 21,3 сомго чейин кымбаттаганын жарыялаган.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин айтымында, келишимге ылайык, көгүлтүр отун доллар менен алынгандыктан, анын сатуу баасы өзгөргөн.

Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

«Бул жерде келишим боюнча бизге келип жаткан жаратылыш газынын баасы ар бир айдын башында доллардын курсу менен бекитилет экен, - деп түшүндүрдү ал. - Анан доллардын наркы жогорулап кеткенине байланыштуу тарифтин өлчөмү ошондой болуп аныкталыптыр. Бирок сиз туура айтып жатасыз. Дүйнөлүк базарда мунай менен газ арзандап жатат. ЕАЭБдин алкагында газ менен мунайдын баасын долларга байлабай, улуттук валютада эсеп-кысап жүргүзүү боюнча маселе коюлган».

Өзбек газын «чайкаган» «Газпром»

Учурда орусиялык «Газпром» компаниясы Өзбекстандан көгүлтүр отунду дүңүнөн сатып алып, Кыргызстанга анын миң кубун 220 доллардан кайра сатат. Ошондо Өзбекстандан түз сатылып алына турган газдын наркы менен «Газпром» ортомчулук кылып, кошумча үстөгүн отургузган баанын ортосундагы айырмачылык 100 долларды түзөт. Кийинки убакта эл аралык биржаларда жаратылыш газынын баасы 75-80 долларга чейин түшкөн. Бирок «Газпром» өнөктөштөрүнө анын баасын ылдыйлата элек. Беларустун президенти Александр Лукашенко жакында эле Москвага жаратылыш газын 127 доллардан сатканына нааразы болуп, газдын дүйнөлүк наркы түшүп жатканда аны 90 долларга түшүрүүнү талап кылган.

Талдоочу Шайырбек Маматокторов «Газпром» өзбек газын башка өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстанга эң кымбат баада сатып жатканын сынга алды:

Шайырбек Маматокторов.
Шайырбек Маматокторов.

«Орусиялык «Газпром» жаратылыш газын Өзбекстандан 120 доллардан сатып алып, бизге кайра 250 доллардан сатып келе жатат. Салыштыруу үчүн айтсак, Тажикстан Бажы биримдигине мүчө эмес. Бирок ал Өзбекстан менен эки тараптуу эле сүйлөшүп алып, газды 120 доллардан эле сатып алып жатат. Орусиялык «Газпром» компаниясы газды Беларуска 127 доллардан сатып жатат. Президент Лукашенко болсо газды ошол 127 доллардан алган бааны да кымбат көрүп, аны 90 долларга түшүрүш үчүн чырылдап аракет кылып жатат. Себеби ал негиздеп жаткандай, газдын баасы 75 долларга чейин түштү. Дүйнөлүк базарда арзандап жатса, «Газпромдун» газды Кыргызстанга гана 250 доллардан түшүрбөй сатып жатканы, биздин өкмөттүн унчукпай ага макул болгону туурабы? Дүйнөлүк базарда газдын баасы 75-80 доллар. Бизде 250 доллар. Анан бул жерде каяктагы биримдик, каяктагы өнөктөштүк? Ушундай кантип тең ата эмес, экономикалык өнөктөштүк, саясий шериктештик болсун?»

Эгемендиктин «бурамасы» бурулган учур

Бишкек газ соодасы боюнча Ташкент менен чечишип, сүйлөшө албай, 2014-жылы «Кыргызгаз» ишканасын «Газпромго» шарттуу түрдө 1 долларга сатууга мажбур болгон.

Талдоочу Шайырбек Маматокторов газ тармагын орусиялык монополистке кармата берүү азыр эми газдын тариф саясатына кесепетин тийгизип жатканын белгиледи:

Биз ошол чыккынчылык, кыянатчылык менен даярдалган келишимди колдоп берген ошол кездеги парламентке да наалат айтышыбыз керек.

«Ошону менен биз толук Орусиянын «Газпромуна» энергетикалык көз карандылыкта калганбыз. Биз ошол чыккынчылык, кыянатчылык менен даярдалган келишимди колдоп берген ошол кездеги парламентке да наалат айтышыбыз керек. Ага каршы чыккан депутаттарды ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев куугунтуктап, эл душманы катары көргөзгөн. Ал «бизге «Кыргызгаз» эмес, газ керек» деген сөзү дагы эле эсибизде. Кана эми ошол газ? «Газпром» өзбек газын арзан алып, бир нече эсе кымбат баада бизге сатып келе жатат. Биздин чоңдор Ташкент менен өздөрү түз сүйлөшө албайбы? Азыр эми «Кыргызгазды» бүтүндөй чоң инфратүзүмү, 40 гектар жери менен кошуп туруп, «Газпромго» белекке берип салып, ошол чыккынчылык келишимдин кесепеттерин тартып жатабыз».

Ал арада өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев 14-апрелде «Газпром - Кыргызстан» компаниясынын жетекчиси Болот Абилдаев менен сүйлөшүп, газдын мурдагы тарифин кайтарууну макулдашканы белгилүү болду.

Орусиянын «Газпрому» Өзбекстандан көгүлтүр отунду сатып алып, Кыргызстанды газ менен үзгүлтүксүз камсыздоо милдетин алган. Расмий Ташкент 2018-жылы газ соодасы боюнча кошуналарына саясатын өзгөртүп, алты жыл мурун газ берүү үзгүлтүккө учураган Тажикстанга газдын миң кубун 120 доллардан сата баштаган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (29)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG