Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:10

Кыргызстан да G-20дан жеңилдик алат


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдөгү алдыңкы «Чоң жыйырмалыктагы» мамлекеттердин өкмөттөрү жакыр өлкөлөрдүн тышкы карыздарынын төлөм мөөнөтүн бир жылга токтотууну чечишти.

Анда быйыл тышкы карызды тейлөөгө жумшала турган каражатты COVID-19 илдетине каршы чыгымдоо сунушталган. Карыздар өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да бар. Кыргызстан быйыл тышкы карызга төлөй турган акчаны табышы азыркы жагдайда бюджет үчүн оор келери айтылган.

«Чоң жыйырмалыктын» видеоконференциясы

«Чоң жыйырмалык» (G-20) тобундагы мамлекеттердин өкмөт өкүлдөрү видеоконференция аркылуу өткөргөн жыйында жакыр өлкөлөрдүн тышкы карыздарын төлөөгө жеңилдик берүү боюнча ага чейинки «Чоң жетиликтин» демилгесин колдошту. Жыйында бекитилген ошол 76 өлкөнүн арасында Кыргызстан да камтылган. Талдоочу Марат Тагаев өкмөт мындай эл аралык жардамды экономиканы сактап калууга багыттоого тийиш деп эсептейт:

Марат Тагаев.
Марат Тагаев.

«Кыргыз өкмөтү «эң оор абал түзүлсө, 500 млн. долларга жакын акча казынага түшпөй калат» жана ««быйыл тышкы карызды төлөөгө эле 300 млн. доллардан ашуун каражат талап кылынат» деп кооптонуп жаткан. Мындай жагдайда G-20 тобунун жыйыны жакыр өлкөлөрдүн, алардын ичинде Кыргызстандын да тышкы карызын төлөөдө жеңилдик берүү маселесин кароого көмөктөшүп жатканы жакшы. Ошол эле кезде эл аралык донор уюмдардан жана өнүккөн өлкөлөрдөн финансылык жардам келип жатат. Демек, өкмөт азыркы мезгилде ошол каражатты мамлекеттик чыгымдардан тышкары ачка отурган элди жана ишкер чөйрөнү колдоого аянбай жумшашы керек. Эгерде ишкердик банкрот боло турган болсо, экономика кыйрап, аны кийин калыбына келтирүү кыйын болуп калат».

Чечимде жакыр өлкөлөргө бир жылга чейин карызын төлөөнү токтотуп, аны илдетке каршы күрөшүүгө жана экономикалык капсалаңды жөнгө салууга жумшоо сунушталган.

Форс-мажор жагдайы

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев өкмөткө эл аралык донорлорго кайрылып, тышкы карызды төлөө мөөнөтүн узартуу же кайсы бир бөлүгүн кечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү сунуш кылган:

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

«Биз быйыл 28 млрд. сом тышкы карызды төлөшүбүз керек. Ал каражат бюджетте бекитилген. Эл аралык каржылык донор уюмдарга «биз азыркы шартта форс-мажор болуп калганда ал акчаны төлөй албайбыз, жылдырып бергиле» деп биз азыр токтоосуз түрдө билдирүү жиберишибиз абзел. Ошондо 28 млрд. сом тышкы карызды төлөөгө жумшалбай, бошоп калса, биз аны каатчылыктын кесепеттерин жоюуга жумшап, багыттай алабыз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мындай учурда өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жардам берет. Биздин өкмөт азыркы биздин өлкөдөгү абалды негиздеп берип, болбоду дегенде жалпы наркы 100 млн. долларлык медициналык жабдууларды, дарыларды жана башка каражаттарды жардам иретинде алууга өтүнмө жибериши керек. Азыр өтүнмө жиберилбесе, кийин кеч болуп калат».

Алдыңкы өлкөлөрдүн G-20 тобу пандемияга байланыштуу жакыр өлкөлөрдүн карызын төлөө мөөнөтүн жылдырууну эл аралык донор уюмдарга да сунуш кылган. Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) 25 жакыр өлкөнүн карызын төлөө мөөнөтүн жарым жылга жылдырганын билдирди.

Мүмкүнчүлүктөн сырткары калган Кыргызстан

Бирок вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Кыргызстан эл аралык финансы институттарынын өтө жакыр өлкөлөргө каралган ал программасына кирбей турганын түшүндүрдү:

Эркин Асрандиев.
Эркин Асрандиев.

«ЭВФтин жана башка финансы институттарынын жакыр өлкөлөрдүн карыздарын төлөө мөөнөтүн алты айга жылдыруу боюнча чечиминин Кыргызстанга тиешеси жок. Анткени андай мүмкүнчүлүк ички дүң өнүмү киши башына 1100 долларга жетпеген өлкөлөргө берилген. Кыргызстанда ички дүң өнүм киши башына 1300 доллардан айланат».

Бирок анда Тажикстан, Ооганстан сыяктуу Азия жана Африка өлкөлөрү жеңилдик ала турганы көрсөтүлгөн. Ал эми Евробиримдик пандемияга байланыштуу жардам ала турган өлкөлөрдүн катарына Түркмөнстан менен Казакстанды кошкон эмес. Анткени Борбор Азиядагы бул эки өлкөнүн ички дүң өнүмү ортодон жогору деп эсептелет. Кыргызстандын тышкы карызынын 40% жакыны Кытайга туура келери айтылып, муну талдоочулар коркунучтуу чек катары баалашкан.

Аракетке берекет

Эл аралык мамилелер боюнча адис Айболот Айдосов азыр кыргыз бийлиги үчүн тышкы карыздар боюнча жеңилдик алууга чоң мүмкүнчүлүктөр турганын белгиледи:

Бул мүмкүнчүлүк. Бирок биздин жетекчилер ошол мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышабы?

«Биздин президентибиз Кытай лидери менен тышкы карызды төлөөнү артка жылдырып турууну өтүнүп, сүйлөшпөдүбү. Азырынча Кытай тараптан кандайдыр бир жооп боло элек. Бирок кандайдыр бир жооп болот болуш керек. Азыр эми дүйнөдө пандемия жүрүп жатканда буга карата бардык эле өнүккөн мамлекеттер жана эл аралык донор уюмдар бизге окшогон өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн абалына түшүнүп, туура мамиле кылып жатышат. Биздин өкмөт да ушул жагдайдан пайдаланып, АКШдан, Жапониядан, Европа өлкөлөрүнөн алынган насыялар боюнча жеңилдик алууга да жетишүүсү зарыл. Бул мүмкүнчүлүк. Бирок биздин жетекчилер ошол мүмкүнчүлүктөн пайдалана алышабы? Маселе ошондо».

Кыргызстандын ЭВФке карызы 139 млн. доллар. Кыргызстандын жалпы тышкы карызы 3,7 млрд. доллар болсо, анын 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга туура келет. Кытай да «Чоң жыйырмалыктын» мүчөсү болуп эсептелет. Кыргызстан коронавирус илдети менен күрөштө кыйынчылыкка учурап жатканын негиз кылып, жакында Кытайдан карыздын төлөө мөөнөтүн узартууну суранган. Бирок ал өтүнүчкө расмий Бээжин азырынча жооп бере элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (24)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG