Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 29-март, 2020 Бишкек убактысы 02:55

Кабаттап келген кризис, өкмөттүн санаасы


Соода борборуна барган өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев.

Учурдагы кырдаал өлкөнүн финансы жана экономикалык абалын кыйын кезеңге кептеди.

19-марттын кечинде бир доллар 85 сомго чыкты, бир күндөн кийин кайра 77 сомго түштү. Доллардын кескин кымбаттап кеткени банктан насыя алгандардын шаштысын кетирди.

Ал арада өлкөдөгү эпидемиялык абалды туруктуу сактоо үчүн Бишкектеги бир катар соода түйүндөрү ишин токтотту. Мындай көрүнүш соодагерлерди кыйнап, насыясы барларды ойлонтуп жаткан кези.

Бишкектеги "Караван" соода түйүнүндөгү Тынара аттуу ишкер доллардын баасы өскөндөн бери тынчы кетип жатканын жашырган жок.

“Кредиттин мөөнөтү келе элек. Келсе, карыздап болсо да акча таап төгөбүз. Банктарга кайрыла элекпиз”.

Улуттук банк 20-мартта таң эрте акча базарындагы туруксуздук тууралуу расмий маалымат берди. Анда каржылык туруктуулукту сактоо аракети көрсөтүлөрү айтылды. Мындан сырткары учурда Кыргызстандагы кырдаалдан жапа чегип, насыя төлөй албай жаткан ишкерлерге кошумча жеңилдиктер бериле турганы сөз болду. Бирок мындай чечим, банкка кайрылган кардарларга гана чыгат.

Толкунбек Абдыгулов.
Толкунбек Абдыгулов.

“Кырдаалдан бизнеси аксап, иши жүрүшпөй калган кардарларга жана компанияларга гана жардам берилет. Бул иш насыя келишиминин шарттарын кайра карап чыгуу зарыл болгон учурда гана жасалат. Бардыгы биздин көзөмөлдө болот. Ар бир кардарга өзүнчө мамиле жасайбыз. Насыя алгандардын баарына бирдей чечим чыкпайт”, - деди Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 20-мартта Бишкекте өткөн жыйында.

Бул маалымат жыйынында насыяны доллар менен алган кардарлардын маселеси да көтөрүлдү. Буга Абдыгулов мындайча жооп узатты.

“Мындай кырдаалга 2014-2015-жылдары да кабылганбыз. Ошол кезде доллардын баасы 50 сомдон 75 сомго чейин өсүп кеткен. Бул жылдары өлкө боюнча жалпы насыя алгандардын 55% доллар менен болсо, азыр мунун көрсөткүчү 35%. Ушундан улам коркунуч жок. Биз беш жылдан бери элге “насыяны сом менен алгыла, тобокелдик аз” деп айтып эле жатабыз. Алар макул болуп насыяны доллар менен алгандан кийин бардык тобокелдикке даяр болушу керек”.

Мындан сырткары Улуттук банктын башкармалыгы 18-мартта «Коронавируска байланыштуу каржы-насыялык ишмердүүлүктү жөнгө салуунун убактылуу эрежелери жөнүндө» токтом кабыл алган.

Ага ылайык, коронавируска байланыштуу насыяларды өз маалында төлөй албаган жана насыя тарыхы начарлагандарга карата айыптык санкцияларды колдонуу боюнча коммерциялык банктарга чектөөлөр киргизилип жатат. Ошондой эле банктарга насыяларды төлөө боюнча мөөнөттү кийинкиге жылдыруу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуштары айтылды.

Сомдун туруксуздугу, кризис учурунда насыясы бар ишкерлердин көйгөйүн жеңилдетүү маселеси боюнча 20-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрөгасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды.

Анда өлкө экономикасына тышкы терс таасирлерди азайтуу боюнча антикризистик чараларды иштеп чыгууну жана бекитүүнү тездетүү керектиги айтылды.

Мамлекет башчы өлкөдө коронавирустун жайылышына жана доллардын баасынын жогорулашына жол бербөө чараларына байланыштуу насыя төлөөдө кыйынчылыкка дуушар болгон ишкерлерди колдоого чакырды.

Жээнбеков каржы-насыя уюмдары азыркы кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, кардарларына карыз-насыя төлөөдө жардам бериши зарыл экенин белгиледи.

Насыя маселеси 20-мартта Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, анда депутат Марлен Маматалиев буларды айтты:

Марлен Маматалиев.
Марлен Маматалиев.

“Коммерциялык банктын жетекчилери “эгер депозиттердин пайыздары токтосо, биз насыялардын пайызына да тыныгуу берели” деп айтып жатат. Банкка депозит салгандар жөнөкөй адамдар эмес да. Аларды "байлар" деп айтсак болот. Менимче, алар макул болсо керек”.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске салды.

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Азыр дүйнө ошол жолго баратат да. Башка жол жок. Кечээ Түркиянын президенти Эрдоган да ушул маселени камтып сүйлөдү. Эми бизге (өкмөт-ред) биз аз убакыт болсо, эл менен жана коммерциялык банктар менен сүйлөшүп, ишти уланталы”.

2019-жылдагы өкмөттүн иши үчүн отчёт берген премьер-министр кырдаалга байланыштуу өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалады. Анын эсебинде, быйыл казынага 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн.

«Ачыгын айтышыбыз керек, абал оор. Биздин божомолубуз боюнча бажыдан 12-13 млрд. сом, салыктан 15 млрд. сом түшпөйт деп жатабыз. Муну баарына түшүндүрүп айттык», - деди өкмөт башчы.

Бирок айлык, пенсия төлөмдөрү боюнча көйгөй жаралбай турганын кошумчалады.

19-марттын кечинде Кыргызстанда доллар менен евронун сомго карата катышы кескин жогорулаган. Өлкөдөгү айрым коммерциялык банктар 1 АКШ долларын 85 сомдон, 1 еврону 95 сомдон сатышкан.

Ал эми 20-мартта Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда доллар 77 сомго түштү.

2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде болуп келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 160 миллион 600 миң долларга жети жолу интервенция жасады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (21)

XS
SM
MD
LG