Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 20:52

Насыяны төлөө мөөнөтү узартылса…


Кыргызстандын Улуттук банкы коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу коммерциялык банктарга ишкерлер алган насыяларды төлөө мөөнөтүн узартуу сунушун берүүдө.

Ага банктардын мамилеси, позициясы кандай болуп турат? Ишкерлерди колдоо жетиштүүбү? Сомго карата чет элдик валюталардын курстарынын төмөндөшү өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыгына кандай таасир берет?

«Арай көз чарай» талкуусуна Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева, Кыргызстандын ата мекендик өндүрүшчүлөр жана ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Жыргалбек Сагынбаев жана экономика боюнча эксперт Кубан Чороев катышты.

«Азаттык»: - Аида айым, коронавирус илдетинин жайылышына байланыштырып айтсак, учурда Кыргызстандын банк секторундагы абал кандай? Жалпы кырдаалды кандай мүнөздөйт элеңиз?

Аида Карабаева: - Азыркы убакта республиканын банк секторундагы абал туруктуу, каржылык туруктуулугу да жогору десем болот. Мисалы, 2020-жылдын 1-мартына карата банк тутумунун ликвиддүүлүгүнүн коэффиценти 45% ченемде болсо, бүгүнкү күндө 65% чекте болууда. Мындан сырткары банк тутумундагы капиталдар да жетишүү, шайкештиги да бар. Мунун баары капиталдын жана финансы жагынан туруктуулукту айгинелеп турат.

«Азаттык»: - Кыргызстанда 19-мартта түшкө чейин 1 АКШ доллары 72 сом болсо, түштөн кийин 85 сомго көтөрүлдү. Анын чукулунан 10 позицияга жогорулаганынын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Аида Карабаева: - Бул жерде ири финансылык өлкөлөрдөгү жана Кыргызстан менен негизги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кырдаал, алардагы валюталык абал биздин ички акча рыногубузга таасири тийгизүүдө. Башкача айтканда, биздин өлкө тыгыз кызматташкан мамлекеттердин валюталарына суроо-талап курч экендиги байкалууда. Биз абалга дайыма көз салып, мониторинг жүргүзүп турабыз. Жылдын башынан ушул күнгө чейин бери Улуттук банк валюта базарына 199 миллион долларга интервенция жасады.

«Азаттык»: - Аида айым, Улуттук банк Кыргызстандагы коммерциялык банктарга ишкерлер алган насыяларды төлөө мөөнөтүн узартуу тууралуу сунуш киргизүүдө. Ага банктардын мамилеси, позициясы кандай болуп жатат?

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

Аида Карабаева: - Банк сектору - ишкерликтин бир түрү. Коронавирус илдети дүйнөлүк глобалдык экономикага өз таасирин тийгизүүдө. Бул илдетке байланыштуу чектөөлөр, талаптар биринчи кезекте ишкерлерге көп кыйынчылыктарды жаратууда, көп зыяндарды тартышууда. Ошондуктан Улуттук банк ишкерлерди колдоо максатында 18-мартта чечим кабыл алып, ишкерлердин алган насыялары боюнча жеңилдиктерди берүү, төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча коммерциялык банктарга сунуштарды айтып жатабыз. Анткени ишкерлердин түйшүгү – банктардын да маселеси.

Банктарга «кайсы категориядагы кардарларга жеңилдик берсе болот, кандай тобокелчиликтер бар, сунушуңарды бергиле» деп кайрылганбыз. Биз насыя алган ишкерлерге насыяны төлөө мөөнөтүн жок дегенде үч айга узартууну сунуш кылып жатабыз, азыр коммерциялык банктар карап жатышат.

«Азаттык»: - Жыргалбек мырза, Улуттук банктын коммерциялык банктарга берген сунушу канчалык деңгээлде ишкерлерди колдоого таасир көрсөтө алат деп ойлойсуз?

Жыргалбек Сагынбаев: - Биздин ишкерлер өкмөт башчынын жана Улуттук банктын төрагасынын бул сунуш боюнча сөздөрүн угушту, позициясын билишти. Албетте, өкмөт жана банктар тарабынан ишкерлер үчүн салыктан жеңилдиктер жана насыялардын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча сунуштары жакшы көрүнүш. Ушул тапта ишкерлерибиз коммерциялык банктар менен байланышып, кеңеш алып жатышат.

Акыркы маалыматтар боюнча банктар насыя төлөө убактысын узартууга ниеттенип жатканын билдирип жатышат. Улуттук банктын токтомун жеке банктар аткарууга киришкени айтылууда. Биздин ишкерлер негизинен өндүрүш тармагында иш алып барышат, банктар менен тыгыз кызматташат. Ишкерлер азыркы кризисти туура түшүнүп, туура пайдаланышыбыз керек. Кандай товар чыгарабыз же кайдан алып келебиз - муну ишкерлер кайрадан талдап жатабыз.

«Азаттык»: - Кубан мырза, 19-марттын кечинде Кыргызстандын акча алмаштыруучу жайларында 1 АКШ долларынын курсу 85 сомго чыкканы белгилүү болду. Анын себебин сиз кандай деп түшүндүрөт элеңиз?

Кубан Чороев.
Кубан Чороев.

Кубан Чороев: - Бул жерде биринчи кезекте «маалыматтык пандемия» болуп жатат. Дүйнөлүк деңгээлде валюта базарларында «боорон-чапкындар» жүрүүдө. Экөө биригип келип, дүйнөлүк экономикада «цунамиге» айланууда. Биз дүйнөдө акча базарында эмне болуп жатканы тууралуу кабардарбыз, кайда эмне болуп жатканын билебиз. Экономиканын субъектилери болгон ишкерлер, жеке жарандар акчасын кайсы бир валютага алмаштырып коюуга катуу аракеттенип жатышат.

Мындай процесстер бизде ар бир алты жылда бир кайталанууда. 2008-2014-жылы да азыркыдай эле кырдаалдар түзүлгөн. 2020-жылы ошол цикл кайталанууда. Азыркы процессти биринчи кезекте коронавируска байланыштуу карасак болот. Экинчиден, Орусиядагы валюта рыногундагы абалдын таасиринен карасак болот.

Эң негизгиси - биз өзүбүз АКШ долларына болгон талапты көбөйтүп жатабыз. Банктар, акча алмаштыруучу жайлар ал талапты аткара алышпай жатат. Анткени аларда эл талап кылгандай накталай акчалар жетишпейт. Талап көбөйгөндө бааны көтөрүп коюшат – негизги себеби ушул…

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG