Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:49

Теңгеге терс таасир эткен кризис


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

18-мартта Казакстанда бир доллар 470-485 тенгеге чыгып, бир күндө 40-45 теңгеге кымбаттады. Адистердин айтымында мунайга көз карандылык улуттук акчага, ал жалпы эле экономикага терс таасир этип жатат.

Мунайдын эң кеңири тараган «Brent» үлгүсүнүн бир баррели бир ай мурда 50 доллардан кем эмес эле. 18-мартта 25 доллардан төмөн түштү. Буга мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн, тагыраагы Сауд Арабиясы менен Орусиянын тиреши жана коронавирус пандемиясынын күчөшү себеп болду. Бул жагдай мунай өндүргөн Казакстандын улуттук акчасына, анын натыйжасында жалпы эле экономикасына оор кесепетин тийгизип жатат.

18-мартта Казакстанда бир доллар 470-485 теңгеге чыкты. Андан бир күн мурда эле 430-440 теңгенин тегерегинде эле.

Казакстандын Улуттук банкы баарына көз салып турганын, теңгенин девальвацияланышына бөгөт коёрун билдирүүдө. Иш жүзүндө жагдай өзгөргөн жок. Тактага курс жазылганы менен «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчылары борбор шаар Нур-Султанда долларды сатып ала албай коюшту.

16-мартта 1 доллар 430 теңгеден сатылып жаткан.
16-мартта 1 доллар 430 теңгеден сатылып жаткан.

Америка валютасы казакстандыктар үчүн насыя төлөө, чет өлкөгө чыгуу, импорттук товарларды сатып алуу үчүн керек. 19-мартта акча алмаштыруучуларга келип шаабайы сууп кайткандар «алдыда кыйын күн келет», «бардык товарлар кымбаттайт», «теңге менен алган айлыгыбыз эмнеге жетет» деп капа болуп турушат.

Экономист Жангелди Шымшыков теңгенин долларга көз карандылыгын өлкө эгемендик алган учурга байланыштырды:

Нандын баасына чейин доллар менен эсептей турган болдук. Ошонун кесирин көрүп атабыз.

«Бийлик 1993-жылдан бери «бардык каржылык эсептешүүнү улуттук акчада жүргүзөбүз» дегени менен иш жүзүндө андай болбоду. Наркты биз 20 жыл бою теңге менен өлчөгөн жокпуз. Тек гана доллар менен өлчөдүк. Ошондон долларга аябай үйрөндүк. Нандын баасына чейин доллар менен эсептей турган болдук. Ошонун кесирин көрүп атабыз».

Рубль сыяктуу эле теңгенин курсу да мунайдын баасына байланган. Мунай Казакстандын экспортунун жарымына жакынын түзөт. Негизги кардарлары - ушул тапта коронавирустан катуу жабыркап, транспорту, өндүрүшү солгундаган Италия, Франция, Испания жана Түштүк Корея. Бул өлкөлөрдө азыр төлөө мүмкүнчүлүгү чектелип турат. Натыйжада мунайга суроо-талап азайып, баасы бир ай ичинде эки эсе арзандап, бир баррелли 25 долларга түштү.

«Эгер мунай баасы дагы эки-үч ай ушул деңгээлде кала берсе, анда доллардын курсу 500 теңгеге чейин көтөрүлүшү толук ыктымал», - дейт Ekonomist.kz онлайн-долбоорунун адиси Касымхан Каппаров.

Ал кара майга көз карандылыкты жоюп, «экономиканы көп тармактуу кыла албай келет» деп казак өкмөтүн сындады.

Рубль менен теңгенин алсырашы кыргыз сомуна да таасир этип, шаршемби күнү түш оой бир доллар 85 сомго чейин чыгып кетти. Ошентип бир нече жылдан бери туруктуу сакталып келаткан кыргыз акчасы долларга карата бир айга жетпеген убакытта 15 сомго наркын жоготту.

Казакстан жана Орусия үчүн чет элдик валютанын курсунун көтөрүлүшүндө жагымсыз дагы бир жагдай бар. Рубль же теңге менен айлык алып, киреше тапкандардын сатып алуу мүмкүнчүлүгү азаят. Мунун арты Кыргызстандын эң негизги соода өнөктөштөрү болгон Орусия менен Казакстанга экспортуна таасир этпей койбойт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG