Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-июль, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:03

Кытай берген карыздын кыстаган мөөнөтү


Сооронбай Жээнбеков менен Си Цзиньпиң.

Кыргызстан Кытайдан карыздын төлөө мөөнөтүн узартууну суранды.

Кытайга карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартуу боюнча Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-апрелде коңшу өлкөнүн төрагасы Си Цзиньпиң менен телефондон сүйлөшүүдө маселе көтөрдү.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков коронавирустун өлкө экономикасына тийгизген терс таасирин эске алуу менен карызды төлөө шартын жеңилдетүү жана мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылган. Расмий маалыматта «Си Цзиньпиң коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргызстандын аракетин колдой турганын белгиледи» деп гана айтылган.

Ал эми Кытай тарап карызды төлөөнү кийинкиге калтырууга кандай жооп кайтарганы белгисиз.

15-апрелде парламентте сүйлөгөн сөзүндө президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска каршы жардам берип жаткан өлкөлөрдүн катарына Кытайды кошту:

Cооронбай Жээнбеков.
Cооронбай Жээнбеков.

«Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюму, Дүйнөлүк банк, Эл аралык Валюта Фонду, Европа кайра куруу жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму, араб мамлекеттеринин фонддору колдоо көрсөтүп жатышат. Орусия чыныгы өнөктөш мамлекет экенин дагы бир жолу далилдеди. Алгачкы күндөрү аба майданы ачык бойдон турду. Каржылык жардам жана ооруну аныктоочу тест каражаттарын алып жатабыз. Коңшу Кытай Эл Республикасы жигердүү колдоосун көрсөтүүдө».

Президенттин Кытайдан карызды төлөөнү кийинкиге жылдырууну суранганы кризистик шартта аргасыз кадам катары бааланууда.

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус пандемиясынан улам өкмөттүн эсеби боюнча акыркы бир айда эле бюджетке 5 миллиард сом киреше түшпөй калды. Инфекциянын күчү кайтпай, өзгөчө абал сактала берсе быйыл бюджетке 30 миллиард сомдон чейин киреше келбей калышы мүмкүн деп болжолдонууда. Эксперттер бул сумма 40 миллиард сомго чейин жетиши мүмкүн экенин белгилеп жатышат. Бул быйылкы жылга бюджеттеги кирешеси 163 миллиард сом деп бекитилген Кыргызстан үчүн чоң каражат.

Мындай шартта өкмөт бюджеттин кемтигин толтуруш үчүн ар кандай айла издеп жатат. Анын бир жолу катары быйылкы бюджетке мамлекеттик карызды төлөш үчүн киргизилген 28 миллиард сомдун тегерегиндеги каражатты колдонуу тууралуу айтылган. Муну ичинен көп бөлүгү Кытайга төлөнүшү керек болчу.

Расмий маалыматтар боюнча, өлкөнүн тышкы карызы 3,7 миллиард доллар болсо, бул карыздын эң чоң бөлүгү же 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга туура келет.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы финансы министри Акылбек Жапаров коңшу өлкөнүн бийлиги Кыргызстандын сунушун четке какпай турганын билдирип келген:

Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

«Сыртка төлөй турган акчанын көлөмү 28 миллиард сом болуп жатпайбы. «Ушуну бир жылга токтото туралы» десе Кытай деле, башкалар деле макул болот. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 28 миллиард сомду сыртка кетирбей, экономика үчүн алып калышыбыз керек».

Өлкөнүн жакынкы коңшусу жана негизги соода өнөктөшү болгон Кытай менен акыркы жылдары мамиле бир жаңсыл эмес. Бул ириде Бээжин берген насыялардын колдонулушундагы коррупциялык көрүнүштөр жана өлкөдөгү кытайлык инвесторлорго каршы маанайдан улам нааразылык акциялары себеп болгон.

Дипломат, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов Бээжиндин башка өлкөлөргө карата карыз берүүдөгү практикасын эске салып, карызды кечип жиберет дегенге ишенбей турганын жашырган жок:

Аскар Бешимов.
Аскар Бешимов.

«Биринчиден, буга чейинки Солтон-Сары, Чаткалдагы кен иштетүүдө болуп өткөн окуялар боюнча Кытай канчалык эсине сактап калганы бир маселе. Экинчиден, бул өлкө буга чейин кайсы бир өлкөнүн карызын кечип же кыскартканы боло элек. Ошондуктан прецедент түзгүсү келбейт деген ойдомун. Эгер Кыргызстандын карызын кечсе, башка өлкөлөргө карата да ошондой кадамга барууга туура келерин түшүнүп турат».

Анын үстүнө айрым адистер Кытай тарап бул сыяктуу сүйлөшүүлөрдүн ачыкка чыгышын жактырбайт деген пикирлерди айтышууда.

Пандемия шартында Кытай Кыргызстанга коргонуучу каражаттардан, вирусту аныктоочу тест-системалардан турган гуманитардык жардам жөнөттү. Мындан сырткары коронавирус менен күрөшүү жаатында салыштырмалуу жакшы жыйынтыкка жетишкен Кытайдын тажрыйбасын үйрөтүш үчүн дарыгерлер келери буга чейин айтылган болчу.

Бирок вице-премьер-министр Аида Исмаилова кытайлык 15 дарыгерди өлкөгө алып келүү маселеси азыр гана чечилип жатканын билдирди:

«Биз Кытайдын элчиси менен сүйлөштүк. Ал өлкөнүн бийлиги 15 дарыгерди бул жакка жөнөтүү боюнча уруксат бериптир. Азыр Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүү жүрүп жатат».

Кыргыз бийлиги бюджеттин кемтигин жабыш үчүн Кытайдан башка эл аралык институттарга кайрылып жатат. Буга чейин Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Кыргызстанга 120,9 млн. доллар жеңилдетилген насыя берген. Андан тышкары Дүйнөлүк банк 12 млн. доллар бермек болду, мунун жарымы насыя, жарымы грант түрүндө бөлүнмөкчү. Германиянын GIZ уюму гуманитардык жардам катары 550 миң еврону грант катары берет.

Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жээнбаева бул каражаттардын шартын төмөнкүчө түшүндүргөн:

Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

«Мисалы, ЭВФтин карызы 10 жылга, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунуку 20 жылга, Азия өнүктүрүү банкыныкы 32 жылга, ал эми Дүйнөлүк банктыкы 38 жылга берилүүдө. Алардын пайыздык чендери да төмөн. ЭВФ 0,7%, Дүйнөлүк банк 0,75%, Азия өнүктүрүү банкы 1% менен берип жатат».

Мындан сырткары коронавирустан улам экономикалык кризисти азайтыш үчүн өлкө бюджетинин бир катар чыгымдарын азайтканы жатат.

Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус жуккандар жалпысынан 449 адамга жетти. Булардын ичинен беш бейтап каза болгону мурда кабарланган. Өлкөдө бул илдеттен 78 киши айыгып чыкты.

Кыргызстанда инфекциянын жайылышын токтотуу максатында Бишкек баштаган бир катар шаарлар менен райондордо өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин күчүндө болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (63)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG