Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 04:37

Кытайга төлөнчү карыздын коркунучу


Иллюстрациялык сүрөт.

Эл аралык изилдөө уюмдары Кытайга карыздарын кайтаруу жагынан Кыргызстанды кооптуу жагдайлары көп өлкөлөрдүн катарына киргизди.

Кыргызстанда маал-маалы менен көтөрүлүп, ар кандай чочулоого жем таштап келген, Кытайга төлөнө турган карыз тууралуу эл аралык изилдөө жарыяланды. Тактап айтканда, Экономикалык изилдөө боюнча Кэмбриж улуттук борбору «Кытайдын чет өлкөгө карыз бериши» деген темада иликтөө жүргүздү.

«Eurasinet» басылмасы аталган илимий изилдөөгө таянып, Кытайдан алынган насыялардын шарты ачык-айкын болбой, бир катар өлкөлөрдүн Бээжинге көз карандылыгы күчөп баратканы жөнүндө макала жарыялады.

Изилдөөчүлөр Бээжинге карыз болгон өлкөлөрдүн рейтингин чыгарып, Кыргызстан сап башындагы беш өлкөнүн ичинде экенин эскертишти. 20-орунда Тажикстан, 23-орунда Түркмөнстан, 40-орунда Өзбекстан турат.

Мындай илимий талдоо Кыргызстанда тышкы карызды төлөө боюнча чочулаган пикирлер парламентте айтылып жаткан кезге туш келди. Кийинки жылга республикалык бюджетти талкуулоо учурунда Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева ушул маселени көтөрүп, өкмөттүн Кытайга болгон карызды төлөөгө даярдыгына кызыкты:

Аида Касымалиева.
Аида Касымалиева.

- Өкмөттөн «Кытайга карызды төлөйбүз, жерди же башка нерсени алдырбайбыз» деген маалымат керек. Өзүнүн так планын жарыялашы керек. Ал жок болсо, так маалымат болбосо бүдөмүк ойлор жарала берет. Ошол боюнча сиздерде даярдык кандай? Же конференция өткөрүш керекпи же башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын алыш керекпи? Булардын баарына азыртадан өкмөт так жооп бериши керек.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бул боюнча кабатыр ойлорго негиз жок экенин билдирүүдө. Бирок өкмөт өкүлү так планды айткан жок:

Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

- Кудай буюрса биз төлөйбүз. Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жаман эмес, жакшы эле. Буюрса, төлөйбүз. Биринчиден, 2012-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү 306 миллиард сомду түзсө, 2020-жылга карата 667 миллиард сом деп алып келип жатабыз. Салыштырып көрсөк, ИДӨ эки эсе көбөйдү. Бюджет 2012-жылы 80 миллиард сомдон ашыгыраак болсо, кийинки жылга 170 миллиард сом болуп жатат. Өсүш бар, ошондуктан ага чейин да даярдык көрөбүз, анан төлөйбүз.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен тышкы карыз 3,7 миллиард доллар. Бул карыздын эң чоң бөлүгү же 1,7 миллиард долларга жакыны Кытайга туура келет. Бул насыялардын пайыздарын кыргыз өкмөтү 2014-жылдан бери төлөп келатат. Ал эми 2025-жылдан тартып карыздын негизги суммасы төлөнө баштайт.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, ошол убактан тартып жыл сайын 42 миллион долларлык карызды төлөш керек болот.

Бактыгүл Жээнбаева.
Бактыгүл Жээнбаева.

- 2025-жылдан тартып бир жылда 42,8 миллион доллар төлөп турабыз. Тышкы карыз боюнча эң жогорку учур 2028-жылга туура келет. Биз ал учурда бир жылда 402 миллион доллар төлөшүбүз керек. Ага чейин көлөмү өсө берет, - деди министр. Бирок ал сөз болуп жаткан сумманы кечиктирбей төлөш үчүн учурда ар кандай жолдор караштырылып жатканын айткан менен конкреттүү план жок экенин моюнга алды.

Негизи Кытайдан алынган карызды төлөөнүн опурталдуулугу тууралуу көптөн бери эле кеп болуп келатат. Кыргызстанга Кытайдан алынган карыздан чочулоо «бул өлкөгө бересе болгон өлкөлөр айрым мүлкүн, кен байлыгын берди» деген кабардан улам күчөдү.

Буга чейин айрым депутаттар бул үчүн атайын фонд түзүүнү да сунуш кылышкан. Бирок айрым адистердин баамында, кеп каражат алууда эмес, анда өлкөнүн кызыкчылыгын коргой билүүдө. Эксперт Руслан Акматбек өлкө экономикасын өнүктүрүш үчүн каражат керек деп эсептейт.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

- Эми биз деле Кытайдай эгемен өлкөбүз, - деди адис. - Албетте, анын калкы көп, бирок ошол сыяктуу эле калкы көп өлкөлөр менен деле мамиле түзүп жатпайбызбы. Мисалы, Индия. Бул жерде негизги маселе - биз ошол мамилелерди жөнгө салууга жөндөмдүү эмеспиз. Биз көпчүлүк маселелерди көтөргөндөн коркуп эле, алдын-ала чочулап жатабыз. Тескерисинче, экономикалык же башка алака түзгөндө өз кызыкчылыгыбызы коргогонго гана даяр болушубуз керек.

Чынында эле Кытайдан алынган насыянын ачык-айкындыгына байланышкан маселе Кыргызстанда ири коррупциялык жаңжалдарга себеп болгон учурлар бар. Алсак, Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылаш үчүн Кытайдан алынган эң ири насыялардын бири 386 миллион доллардын коротулушу боюнча бир нече кылмыш иши козголуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон жоон топ саясатчыларга айып коюлган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (74)

XS
SM
MD
LG