Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Жогорку Кеңеш: илдет менен милдеттин жүгү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус пандемиясынын шартында мамлекеттик органдардын ишиндеги кемчиликтер ачыкка чыгууда. Алардын арасында Жогорку Кеңештин ишине ичи чыкпай, сын айткандар арбын.

Кыргызстанда коронавирус жугузгандар көбөйгөндөн бери «Илдетке каршы көрүлгөн чаралар жетиштүүбү?» деген суроонун мааниси артып баратат.

Пандемия менен күрөштө ар бир мамлекеттик органдын аткарып жаткан иштери, кемчиликтери талкууга түшүүдө. Адистердин баамында, учурдагы кризис Кыргызстандагы бийлик институттарынын абалын жана көйгөйлөрүн ашкере кылып жатат. Буга мисал катары өлкөдөгү инфекциянын алдын алууда жетиштүү даярдык жүрбөгөнү, вирус менен күрөшчү дарыгерлердин коргоочу каражаттар менен камсыз болбогону сыяктуу көйгөйлөр аталууда.

Учурда пандемиялык шарттагы кемчиликтер үчүн негизинен өкмөттүн тиешелүү жетекчилеринин аты аталып, айрымдар кызматтан бошотулду.

«Парламенттин деңгээли билинди»

Жазуучу, журналист Олжобай Шакирдин айтымында, пандемия учурундагы парламенттин чабалдыгы акыркы жыйындарда ачык көрүндү. Ал жыйын жүрүшүндө депутаттар бир суроону улам кайталап, майдаланып кетти деп эсептейт:

Олжобай Шакир
Олжобай Шакир

«Парламенттеги депутаттар "менин документимди эмнеге текшерет?" деген деңгээлдеги маселелерди көтөрүп жатпайбы. Андан чоң көйгөй турса Зулушев сыяктуу депутаттар Баш мыйзамды өзгөртүш керек деп демилге көтөрүп, башкалары күнүмдүк маселени айтып жатышат. Ушундай кырдаал келгенде бизде диапозон тар экени көрүнүп жатат. Кеңири диапозондо, алысты көрө билген саясий, мамлекеттик ишмерлер парламентте аз экени азыркы кризистин маалында абдан ачык көрүнүүдө».

Жазуучунун пикиринде, парламенттик мамлекет курабыз деген өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы илдетке даярдыкты көзөмөлгө алып, талапты күчөтүшү керек болчу. Азыр болсо мамлекеттин жоопкерчилигин алуунун ордуна көп маселелерди ачык айтууга батынбай турат.

Негизи Кыргызстанда өзгөчө абал жарыялангандан бери парламент үч ирет жыйынга чогулду. Анын жүрүшүндө коронавирусту жайылтпоо максатында президенттин бир катар аймактарга өзгөчө абал жарыялоо жарлыгын колдоду, кийинки жыйында бул узартылды. Коронавирустун жайылышынын жана валюталык инфляциянын социалдык-экономикалык кесепетин жумшартуу боюнча токтом кабыл алды. Мындан сырткары бир катар мыйзамдарды чукул жактырды. Алардын арасында коменданттык режимди бузгандарга жазаны күчөтүү, ишкерликти колдоо боюнча бир катар чаралар бар.

15-апрелдеги жыйында депутаттар четтен келе албай жаткан кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн көтөрүштү. Буга кошумча коронавируска каршы күрөшүп жаткан дарыгерлерге укук коргоо органдары тарабынан басымды токтотуу боюнча токтом кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев парламент абалды көзөмөлгө алууга болушунча аракет кылып жатканын айтты:

Каныбек Иманалиев
Каныбек Иманалиев

«Эми парламент таптакыр кайдыгер болуп отурган жок. Ошол эле учурда бардык маселелерди толугу менен чечкен жок. Депутаттар өз деңгээлинде мигранттардын маселеси, саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтер боюнча маселелерди комитеттерде, сессияда көтөрүп жатышат. Үч жолу сессияда каралды. Токтом кабыл алынды. Өкмөттүн ишине баа берилди. Эми бул кризис бүткөн соң да кайра каралып, баа берилет».

Бирок ишкерлер парламент бул токтомдорду токуп, бизнеске шарт түзгүлө деп тапшырма бергени менен аталган чаралар көбүнчө декларативдик мүнөздө болуп жатканын айтышууда.

Мындан улам парламенттин чабал болуп жатканын «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Исхак Масалиев белгилеп, төрага Дастан Жумабеков баш болуп өз милдетин аткара албай жатат деп сынга алды:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

«Кыргызстанда болуп жаткан кемчиликтерге парламент жооптуу. Себеби биз өзүбүз майдаланып, кээ бир учурда бизге тиешеси жок чарбачылык маселелерге кийлигишип жатабыз. Бүгүнкү күндө аткарылышы керек болгон иштердин бардыгы - өкмөттүн милдети. Биз буга чейин бир нече мыйзамды өкмөттүн суранычы менен кабыл алып бердик. Бирок алар толугу менен чечкиндүү, кардиналдуу чечим болду деп айта албайм. Парламент маанилүү башкача чечимдерди кабыл алышы керек. Парламенттик башкаруу деген соң биздин төрага, орун басарлары күн сайын көзөмөлгө алып, кандай мыйзам зарыл экенин өздөрү билип турушу керек болчу».

Кыргыз парламенти негизи буга чейин деле сындын бутасында болуп келген. Көбүнчө көз карандысыз саясат жүргүзө албаганы, депутаттардын орунсуз билдирүүлөрү, ката артынан ката кетиргени коомчулукта нааразы пикирлерди жаратат.

Конституция боюнча Кыргызстанда парламенттик башкаруу деп жарыяланганы менен иш жүзүндө президент жана анын аппараты негизги чечим кабыл алчу борбор деген пикирлер арбын. Муну депутаттар деле моюнуна алышат.

Парламент өзгөчө абалда эмне кылышы керек эле?

Ал эми өзгөчө абал шартында Жогорку Кеңеш кандай чараларды кабыл алыш керек жана мыйзамдарда эмнелер көрсөтүлгөн? Кыргызстандагы «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамга ылайык, өлкөдө кайсы бир себеп менен президент өзгөчө абал режимин жарыялаган шартта Жогорку Кеңеш үч күн ичинде аны бекитип же четке кагышы керек. Ал үчүн парламент депутаттарынын 50 пайыздан ашыгы макул деген добуш берүүсү кажет.

Ал эми өзгөчө абал шартында Жогорку Кеңештин жыйындарын өткөрүүгө эч кандай чектөө болбойт. Бул учурда мамлекеттик чек араны өзгөртүү тууралуу мыйзамды кабыл алууга, Конституциясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө, референдум жана мамлекеттик органдарга шайлоо өткөрүүгө тыюу салынат. Башка мыйзамдарды кабыл алып, өзгөртүүгө укуктуу.

Буга чейин депутат Курманкул Зулушевдин өлкөдө башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорду дал ушул өзгөчө абал шартында коомдук талкууга коюлушу бир топ талаштарга жем таштады.

Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Өмүрбек Текебаев учурдагы депутаттар мыйзамга ылайык иш алпарып жатат деген пикирде:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

«Адатта элге жек көрүндү болуп, сын-пикирдин бутасында турган парламент акыркы бир айда өзүн адекваттуудай көрсөттү. Эгер оң келип калса мен деле сындап койгондон кайра тартпайт элем. Бирок Жогорку Кеңеш тоскоол болбой, ашыкча саясий демилгелерин токтотуп, өкмөт сунуштаган демилгелерге конструктивдүү позицияны карманып жатат. Албетте, мыйзамдарда көп кемчиликтер, карама-каршылыктар бар, өзгөчө абал шартында ким кандай ыйгарым укуктарга ээ болгону - мунун баары эле каралган эмес. Бирок бул жерде өкмөттүн жоопкерчилиги чоңураак».

Анткен менен Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламент мыйзам бузбаганы менен эң башкы милдетин аткара албай жатканын белгилейт:

Жанар Акаев
Жанар Акаев

«Учурда көпчүлүк жарандар "Биз кайда барабыз, эртең жашоо эмне болот?" деген суроолорго жооп таппай жатат. Ушундай учурда биз бул абалдан чыгып, мындай кылабыз деген бийлик институттарында ишенимдүү жол көрсөтчү кудурет жок болуп атат. Ошондой учурда биз мүчө болгон парламент да өзү көрсөтө албай жатабыз. Анткени, биз азыр өкмөттү канчалык жамандаган менен бул өкмөт азыркы парламенттин өкмөтү экенин моюнубузга ала албай жатабыз».

Дал ушундай кырдаалда акыркы кризистин сабагы кандай болушу керек деген суроо жаралууда. Анткени коронавирус пандемиясынан кийин дүйнө мурдагыдай болбойт деген көз караштар эл аралык чөйрөдө көп айтылып жатат.

«Сабак алышы керек»

Саясий илимдердин кандидаты Орозбек Молдалиев өлкөдө бийлик институттарынын, анын ичинде парламенттин курамын, сапатына өзгөчө көңүл бурулбаса кризистик шартта кесепети оор болору далилденүүдө деген ойдо:

«Акыркы кризис Кыргызстанда көп эле маселелени көрсөттү. Анын башында парламенттин кемчилиги ачыкка чыгып жатат. Анткени азыр сынга кабылып жаткан өкмөттү Жогорку Кеңештеги коалиция шайлап, программасын бекитип берген. Ал эми өткөндө ушул кырдаалга жооптуу катары вице-премьерди кетирип, жаңысын шайлаган учурдагы талкууну көрдүк. Бул биздин фракциянын квотасы болчу деп эч нерсеге карабай туруп жаңысын шайлап коюшту. Ал иштеп кете алабы, иш тажрыйбасы барбы деген маселе коюлган жок. Ошондуктан биз шайлаган адамдардын сапатына көңүл бурбасак мындай абал улана берчүдөй».

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган COVID-19 вирусун Кыргызстанда жуктуруп алгандардын саны 20-апрелге карата 568 адамга жетти. Анын ичинен 140ы медицина кызматкерлери. Жети бейтап каза болду. Өлкөдө бул илдеттен 200 киши айыгып чыкты.

Кыргызстанда инфекциянын жайылышын токтотуу максатында Бишкек баштаган бир катар шаарлар менен райондордо өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин күчүндө болот.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG