Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 00:20

COVID-19: Өкмөттүн сынга кабылган иши


Жогорку Кеңеш коронавирустун жайылышынын алдын алуудагы даярдыктын начардыгы боюнча жоопкерчиликти кароо маселесин көтөрдү.

Кыргызстанда 19-апрелге карата дарыгерлердин арасында коронавирусту жугузуп алгандардын саны 134 адамга жетти. Ал эми бул илдет аныкталган адамдардын жалпы саны беш жүз адамдан ашты. Учурда ооруканада жаткан 16 адамдын абалы оор.

Мына ушундай кейиштүү статистикага алып келген жагдайдын негизги себеби катары бул илдетке каршы турууга даярдыктын начардыгы аталды. Тармактагы жетишпестиктерди, дарыгерлердин корголбогонун айтып чыккан врачтар куугунтукталып, кайра кечирим суроого мажбурланган учурлар айтылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков бул жагдайды шалаакылык деп эсептеп, ал үчүн өкмөт толук курамы менен жооп бере турган учур алыс эмес экенин эскертти:

«Өкмөттүн шалаакылыгынан коронавируска каршы күрөшө турган дарыгерлер илдетти жугузуп алышып, өлүм менен алышып жатышат. Эч кандай коргоочу каражаттары жок аларды алдыга айдап жибердик. Аларга 200 миң сомдон кенемте чегерүү тууралуу айтып жатышат. Ал кенемте пул эмес, келекелеген пул болуп калды го. Абалды ачык айтып чыгып, ыйлаган дарыгерлерди куугунтуктап, кайра кечирим суратып жатасыңар. Убакыт келет. Баарыңар эл астында кечирим сурайсыңар».


Ошол эле кезде илдетти аныктоочу реагенттер, экспресс-тесттер өз убагында сатып алынбай, жетишсиз болгондуктан 8 миңден ашуун анализдин жыйынтыктары чыкпай, топтолуп кеткен. Лабораториялардын көпчүлүгү талаптагыдай болбой, анализдерди ыкчам чыгарууга даяр эмес болгон. Мунун бардыгы парламенттин эки комитетинин кошмо жыйынында белгилүү болду.

Анткен менен республикалык штабдын башчысынын орун басары, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт жооп берүүдөн качпастыгын, бирок азыр илдетти ооздуктоо милдети биринчи кезекте турганын белгиледи:

«Биз жооп бергенден качкан жокпуз, жооп беребиз. Бирок бири-бирибизди жөн эле күнөөлөй бербей, бул илдетке каршы элибиз менен чогуу күрөшүп, аны ооздуктоо милдети турат. Өкмөт кырсыкка каршы турууга колдон келген аракетти жасап жатат. Эпидемиологиялык иликтөө жугузуу очогу чыккан учурда мыйзамга ылайык жүрөт. Бизде азыр өкмөттүн алдында бирөөгө кыянаттык кылуу менен иликтөө жүргүзүү маселеси турган жок. Ошондуктан буга кабатыр болбогула. Бирок жалган маалымат бергендер жазасын алат. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча гана тыянак чыгарылат».

21-мартта өткөн Коопсуздук кеңешинин тар чөйрөдөгү жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков республикалык штабдын айрым мүчөлөрүнүн илдеттин жайылышын алдын-алуу аракеттерин сындап чыккан. Ошондон кийин Коопсуздук кеңеши саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен бул тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы кызматтан алууну өкмөт башчысына сунуштап, ал сунуш канааттандырылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков тапшырмалар аткарылбаганын айтып, аны атайын «саботаж» деп атаган болчу:

«27-январда эле саламаттыкты сактоо министри баш болгон бир топ жетекчилерге «шалаакылык кылсаңар керт башыңар менен жооп бересиңер» деп айткан болчумун. «Бул илдеттин дүйнөдө кандай жайылып жатканын өзүңөр да көрүп жатасыңар, ага кайдыгер мамиле кылганга болбойт» деген элем. Бирок ошондон кийин дагы көпчүлүгүңөр жоопкерчиликти сезген жоксуңар. Илдет менен күрөшүүнүн алдында турган медицина кызматкерлерин коргоочу каражаттар менен камсыздап, иштөө шарттарын жакшыртууну тапшырган болчубуз. Алар эч нерсеге муктаж болбошу керек. Ошол маселелерди учурунда чечип койсоңор болот беле. Азыр эми реагенттер жетишпейт экен. Лабораторияларга барып, карап, текшерип койбопсуңар. Лабораториялар убагында ишке киргизилбей, азыр эми адамдар күтүп жатышат. Коопсуздук кеңешинин чечимин аткармак тургай, силер аны окуп да койбоптурсуңар. Космосбек Сариевич, муну саботаж деп коёт».


Буга чейин мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифингдерде сүйлөгөн сөзүндө дары-дармектер, тиешелүү медициналык коргоочу каражаттар жана жабдуулар боюнча маселе жоктугун айткан эле. Анткени буга чейин парламент коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 300 млн. сом бөлүү боюнча чечим чыгарган болчу. Ошол эле кезде илдеттин жайылуу коркунучун алдын алуу чаралары көрүлгөнүн айткан министр бул үчүн башы менен жооп бере турганын айткан жайы бар. Бирок ал Коопсуздук кеңешиндеги президенттин сынынан кийин даярдык иштеринде мүчүлүштүктөр кеткенин мойнуна алган:

«Лабораториялар боюнча сиздин айткан сын-пикирлерди кабыл алам. Чындап айтканда, ошол жерден биз мүчүлүштүк кетирдик. Бүгүнкү күнгө карата 17 ПЧР комплекси даярдалып, иштей баштады. Реагенттер боюнча 66 миң экспресс-тест каралган. Анын 45 миңи өлкөгө алып келинип, ишке киргиздик».

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму быйыл январь айынын башында Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирустун башка өлкөлөргө дагы жайылуу коркунучун эскерткен болчу. Буга байланыштуу көптөгөн мамлекеттер, анын ичинде кошуна өлкөлөрдүн өкмөттөрү дагы ага каршы туруу үчүн санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүп, керектүү медициналык каражаттар менен жабдууларды камсыздаган.

Жергиликтүү талдоочулар кыргыз өкмөтүндө деле даярдык көрүү үчүн жетиштүү убакыт болгонун белгилешип, бирок республикалык штаб каржылоону максаттуу жана ыкчам жүргүзө албай, аталган убакытты текке кетиргенин байкашкан.

Ошол эле кезде айрым саясатчылар саламаттыкты сактоо министри же болбосо тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер-министр эле буга жооптуу эмес экенин айтышууда.

Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

Экс-депутат Бактыбек Калмаматов "Улуттук коопсуздук үчүн жооптуу жетекчилер каякты карап отурган?" деген суроону кабыргасынан койгон жайы бар:

«Коопсуздук кеңешинин беш жолку жыйыны өтсө да эч ким анын чечимин аткарбай койду. Өлкөдө өзгөчө абал болуп жатат. Мындай учурда күч түзүмдөрү тартылат. Өкмөттө алардын куратору ким? Кубатбек Боронов биринчи вице-премьер-министр. Ал эмнеге кызматынан кетпейт? Өкмөттүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев даярдыкты текшерип койбоптур. Ал эмнеге кетпейт? Улуттук коопсуздукка сокку урулуп, бул илдет менен күрөшүп жатканда УКМК эмне жумуш кылат? Улуттун коопсуздугун да Алтынай Өмүрбековага тапшырып берип койдуңар беле? Анын Опумбаев деген жетекчиси бар. Ал да кетпейби? Милициянын кызматкерлери сойкуларды ташып жүрүшөт. Ошону көзөмөлдөй албаган Кашкар Жунушалиев отура береби? Алыңар бир эле аял кишиге жеттиби?».

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы жана президенттик аппарат экс-депутаттын суроолоруна жооп кайтара элек. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөнбиев тиешелүү жетекчилерге токтоосуз чараларды көрүү боюнча өз учурунда прокурордук эскертүү болгонун айтты:

«Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды так аткаруу үчүн дарыгерлерди дезинфекциялоочу жана өздүк коргонуучу каражаттар менен камсыздоо жана иштөөгө ылайыктуу шарттарды өз убагында талаптагыдай түзүп берүү боюнча саламаттыкты сактоо тармагынын жетекчилигине биз прокурордук эскертүү бергенбиз. Мындан башка дагы кемчиликтерди жоюу боюнча эскертилип, тиешелүү чараларды көрүү боюнча сунуштар берилген. Эми парламенттин эки комитетинин чечими менен тиешелүү жетекчилердин ишмердигине укуктук баа берүү боюнча тапшырма берилсе, анда ошонун негизинде бардыгын текшерип, иликтеп, териштирип чыгабыз».

Каныбек Иманалиев.
Каныбек Иманалиев.

Дарыгерлерди коргоочу кийимдер, препараттар, тиешелүү медициналык шаймандар жана жабдуулар менен камсыздоо жүрбөгөнү боюнча парламентте маселе коюлду. Парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев жакында кызматтан алынган саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин шалаакылыгын улуттук коопсуздукка урулган сокку катары баалады:

«Биз азыр өзгөчө абалдын шартында жашап жатабыз. Аскердик тилде «согуштук» абалда шалаакылык кылуу - кылмыш. Демек, Космосбек Чолпонбаевдин ишин кароону Аскер прокуратурасына өткөрүп берүү керек. Анын айынан эки ай бою реагенттер болгон жок. Анын айынан өздүк коргонуучу кийимдер алынып, тиешелүү медициналык каражаттар жана жабдуулар камсыздалган эмес. Ошонун айынан медицина кызматкерлери илдетти жугузуп алышты. Ошондуктан Космосбек Чолпонбаевдин ишмердигин жөн эле шалаакылык эмес, мамлекетке каршы чыккынчылык катары Аскер прокуратурасы карашы кажет. Ошондо гана ар бир аткаминер чуркап иштеп калат. Бир жетекчинин айынан, бир адамдын жоопкерсиздигинен улуттук коопсуздукка чоң сокку урулду».

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук кеңеш илдеттин жайылуу коркунучун алдын-алуу үчүн ыкчам каржылоо болбогону үчүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны айыптап чыккан. Анткени Саламаттык сактоо министрлиги тиешелүү медициналык жабдууларды жана коргоочу каражаттарды сатып алып, камсыздоого үлгүрбөй калганы белгиленген. Жогорку Кеңештин кошмо комитетинин 14-апрелдеги жыйыны саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин эле жоопкерчилиги боюнча токтом долбоорун талкууга сунуштаган.

Абдывахап Нурбаев.
Абдывахап Нурбаев.

Парламент депутаты Абдывахап Нурбаев өз учурунда ыкчам каржылоону камсыздабаганы үчүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын жоопкерчилигин кароону дагы сунуштады:

«Бул жерде комитеттин иштеп чыккан токтом долбоорунда мурдагы министр Космосбек Чолпонбаевдин гана ишиндеги кетирилген кемчиликтерди аныктоо боюнча ага укуктук баа берүү жагы сунушталыптыр. Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын жоопкерчилигин кароону да сунуштайм. Анткени финансы министри өз убагында акчаны которбой, ыкчам каржылоо болбогондуктан көптөгөн ооруканалар өздүк коргонуучу каражаттарды сатып ала албай, ошонун кесепетинен биздин дарыгерлер коргоосуз калып, илдетти жугузуп алышкан. Финансы министри эмнеге өз убагында которула турганы акчаны, кармап туруп алган жагдайларын аныктоо үчүн анын ишмердигин да Башкы прокуратура текшериши керек».

Ыкчам чара көрүүнүн шартында каржылоонун кечеңдешинин себебин сурап, Финансы министрлигинен комментарий ала алган жокпуз. Айрыкча саламаттыкты сактоо тармагындагы эң керектүү дары-дармектерди, врачтар үчүн коргоочу кийимдерди, медициналык жана дезинфекциялоочу каражаттарды өз убагында сатып алууга акча бөлүнбөй, март айынын орто ченинде өлкөгө илдет кирип келген учурда аларга болгон курч таңкыстык жаралганын тиешелүү жетекчилер кийин моюнга алганы белгилүү.

Өз убагында дарегине жетпеген акча

Депутат Акылбек Жапаров мурда каралган 300 млн. сом эмнеге өз учурунда дарегине жетпегени тууралуу өкмөт өкүлдөрүнө суроо берди:

«Парламент саламаттыкты сактоо тармагына кошумча караган 300 млн. сомдун 183 млн. сому бюджеттен бөлүнүптүр. Бирок анын 173 млн. сомун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлүп берип салыптырсыңар. Болгону 36 млн. сом гана өздөштүрүлгөн. Анын ичинен 3 млн. сомго эле жеке коргонуучу каражаттар сатып алынган. 30 миллион сомду Саламаттыкты сактоо министрлигине берсеңиз дарыгерлердин бардыгын үч сыйра кийиндирип салат эле го. Силер акчаны кайда жумшап жатасыңар?».

Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттыкты сактоо тармагында коргоочу жана дезинфекциялоочу каражаттарды сатып алуу үчүн акча тартыштыгы болгон эмес деп жооп кайтарды. Бирок ал илдеттин жайылышын алдын алуу үчүн анда эмнеге зарыл каражаттарга таңкыстык болуп, дарыгерлер коргоосуз калган деген суроону жоопсуз калтырды.


Кубатбек Боронов акча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу атайын эсепке түшүп, андан ары аны илдетке каршы туруу чараларына колдонсо болот эле деген жүйөнү айтып, абалдан чыгууга аракет жасады:

«Ал каражат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине эле эмес, аны бул илдетке каршы күрөшө турган чаралардын бардыгына чыгымдоого уруксат бар. Ошондуктан аталган каражат өзгөчө кырдаалдар үчүн деген негизде ачылган атайын эсепке которулган. Азыр жеке коргонуучу каражаттар боюнча маселе жок. 799 213 беткап, бир жолу колдоно турган 18 185 коргоочу костюм, 15 533 көп жолу колдоно турган коргоочу костюм, 40 454 респиратор, 414 673 бахила, 7 миң көз айнек, 6 372 784 кол кап алынган. Мунун бардыгын иретке келтирип, азыркы учурда аймактарга жеткирип бүтүп калдык».

Ошондуктан укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы туруу боюнча парламенттин комитети мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын жоопкерчилигин кароону Башкы прокуратурага тапшыруу боюнча токтом долбоорун добуш берүүгө сунуштады. Комитет төрайымы Наталья Никитенко кийин премьер-министр баш болгон башка өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин кароо сунуштары дагы токтомго кошумча камтылышы мүмкүн экенин айтты.

Бирок өкмөт башчысынын биринчи орун басары Кубатбек Боронов бул маселени кийинкиге калтырууну өтүндү:

«Бул жерде мен бирөөлөрдү коргоо максатында эмес, иштин кызыкчылыгы үчүн суранып жатам. Мурдагы саламаттыкты сактоо министри да мүмкүнчүлүгүнө жараша болгон ресурсун колдонуп, даярдык көрүүгө аракет жасады. Эгерде ошол даярдык болбогондо азыр 8 миңге чукул байланышта болгон адамдарды аныктап, илдет жугузгандардын бардыгын таап, жаткырып, бүгүнкү абалды кармап калуу дагы болбойт эле. Жарым жолдо бирөөнү күнөөлөп, «жазалайбыз» деп, азыр иштеп жаткан башка жетекчилерди дагы колго чаап албайлы. Ошондуктан сиздерден сураныч, бул маселени кароону кийинкиге жылдырып турсаңыздар. Жоопкерчиликти кароого кийин да убакыт болот».

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков бул токтомдогу кызмат адамдарынын жоопкерчилиги боюнча маселени алып салууну өзүнчө добушка коймой болду. Буга парламент депутаты Исхак Масалиев токтом долбоорундагы бир бөлүктү өзүнчө алып, добушка коюуда регламент бузулуп жатканын айтып, ага каршы чыкты. Бирок ага карабастан сунуш добушка коюлуп, Жогорку Кеңеш илдеттин таралуу коркунучун алдын алууга даярдык үчүн жоопкерчиликти кароону кийинкиге калтырды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (28)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG