Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:05

Статкомитет: Кыргызстанда 156 миң адам жумушсуз


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 киши деп эсептелди. Булардын ичинен 97 миң 400ү жумуш менен камсыз кылуу кызматтарына кайрылып, 78 миң киши жумушсуз катары каттоого турган. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров маалымдады.

Анын айтымында, жумушсуз катары 300 сомдон жөлөкпул алган 155 жаран бар. Мындан сырткары ай сайын 41 миң 200 киши ар кандай категориядагы жеңилдиктердин ордуна 1000 сомдон 7000 сомго чейин акчалай компенсация алышат.

Бирок өз алдынча эксперттер жумушсуздардын расмий сандан кыйла көп экенин айтып жүрүшөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG