Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

«Кыргызстанга кайтуудан мурда ойлонгула»


Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

Орусияда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны жекшембиге карата 37 миңге чукулдап, 310дон ашуун адамдын өлүмү катталды.

«Азаттык» Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кепке тартты.

"Азаттык": Орусияда коронавирусту канча кыргызстандык жуктуруп алды? Расмий маалымат барбы? Элчилик аларга кандай колдоо көрсөтүп жатат?

Элчи Жекшенкулов: Биз Орусиянын Саламаттык сактоо министрлигине кайрылганыбыз. Алар «Орусияда коронавирусту жуктуруп алган адамдарды улутуна, жарандыгына карап бөлбөйбүз. Баарын бирдей дарылайбыз» деп жооп беришти. Ошол себептен жарандарыбыз тууралуу расмий так маалымат жок. Тилекке каршы, илдетти жуктуруп алган мекендештер тууралуу бизге кайрылуулар түшүп жатат. Уялып, өздөрүн ыңгайсыз сезип, дартын жашыргандар да бар. Эң негизи маселе – аларга дары-дармектен, азык-түлүктөн жардам керек. Биз алыбыз жетишинче каралашып жатабыз. Орусияда бир миллиондой кыргызстандык бар, 25 дипломат иштеп жатат.

"Азаттык": Мекендештерге коронавирустан сактануунун жолдору тууралуу түшүндүрүү иштери кандай жүрүп жатат?

Элчи Жекшенкулов: Москвада кыргызстандыктардын жүздөй медициналык борбору бар. Алар менен байланышып, кеңешип, азыр телефон аркылуу консультация берчү дарыгерлердин топторун түздүк. Москвада өтө оор абалдагы адамдарды гана ооруканага жаткырып жатышат. Коронавирус жеңил формада аныкталган москвалыктар да, кыргыздар да үйдө. Азыр андай 50-60тай учур катталды. Аларга азык-түлүгүн, дарысын жеткирип берип жатабыз.

"Азаттык": Бул жумада Ленинград облусунда 150дөй борбор азиялык мигрант жашаган жатаканада коронавирус жайылып, мекеме толугу менен карантинге алынды. Ал жакта кыргыз жарандары бар бекен?

Элчи Жекшенкулов: Кабар алдык. Ал жакта биздин жарандар жок.

"Азаттык": Орусияда миграциялык документтерин ырастай албай же узарта албай калган кыргызстандыктардын маселеси кантип чечилет? Бул жаатта кандай иштер жүрүүдө?

Элчи Жекшенкулов: Биринчи кезекте элчиликке тиешелүү жагына токтолоюн. 2009-2010-жылдары чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдө жарандардын жалпы жарандык паспортторунун мөөнөттөрүн узартууга тыюу салынып калган. Азыр биз бул маселени көтөрдүк. Өкмөт атайын токтом даярдап жатат.

Элчилик жана канцелярияларга жарандардын эл аралык паспортторунун мөөнөтүн узартууга укук 2021-жылга чейин берилиши керек. Ошондо паспортунун мөөнөтү бүтүп калган жарандар бул жактан эле узартып алышат.

Бизге жаман сөздөрүн айтып, нааразы болгондорду деле түшүнөбүз. Биз баарына чыдап жатабыз.

Ал эми миграциялык документтер боюнча айтсам, мен Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен байланыштым. Сүйлөшүүлөр жүрдү. Орусия бийлиги атайын токтом даярдап жатыптыр. Мигранттарга бир топ жеңилдиктер берилет.

Ошол эле кезде полиция кызматкерлери жарандарыбызды текшерип, кармап алып документтерин алып койгон учурлар тууралуу угуп жатабыз. Андай болгон кезде мекендештер элчилик менен байланышып, кабарлашышы керек.

Маалымат үчүн: 18-апрелде Орусиянын президенти Владимир Путиндин чет өлкөлүк жарандардын миграциялык макамы тууралуу буйругу жарыяланды. Ага ылайык Орусияда чет өлкөлүк мигранттарга патент акысын төлөө 15-марттан 15-июнга чейин токтотулду. Ошондой эле бул маалда чет өлкөлүктөргө миграциялык каттоосуз жүрүүгө уруксат берилди. Миграциялык талаптарды сактабай жүргөн чет өлкөлүктөргө административдик чара колдонуу жана ишке кабыл алууда мигарциялык документтерин талап кылуу убактылуу токтотулду.

"Азаттык": Пандемия маалында 750 миңдей мигранттын канчасы жумушсуз калды?

Элчи Жекшенкулов: Орусиядагы кыргызстандыктардын 60 пайызга жакыны жумушсуз калды. Ошол эле кезде иш орундары да жок эмес. Курулушта иш бар. Аймактардан, Москва облусунан жумушчу сурап кайрылгандар бар.

«Орусиянын экономикасы биздикине караганда күчтүү. Бул апааттан кийин да экономикалык кризис уланат. Дүйнө жүзүндө ушундай процесстер болуп жатат. Кыргызстанга кайтардан мурда ушуну ойлонгула. Кыйынчылыктарды бул жакта жеңгенибиз туура болот» деген кеп-кеңешибизди мекендештерге ачык эле берип жатабыз. Муну түшүнгөн жарандарыбыз да бар. Элибиз ачык, эмоционалдуу болгону менен сабырдуу, пейили ток.

"Азаттык": Москва, Новосибирск, Оренбургда ара жолдо калган мигранттардын маселеси качан чечилет?

Элчи Жекшенкулов: Новосибирскиде 298 киши, Оренбургдагы Соль-Илецкте 150дөй киши, Москвада учактан калып калган 400-500дөй жараныбыз бар. Тилекке каршы, азыр аларды Кыргызстанга жеткирүүгө мүмкүнчүлүк жок. Биз сөөк да кетире албай калганбыз. Казакстан, Орусия менен сүйлөшүп отуруп, азыр «жүк-200» бир адамдын коштоосунда автоунаа аркылуу жөнөтүлүп жатат.

Экинчи маселе – кийинки жумада Новосибирскиден бир авиарейс уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Кеп бийликтин каалоосу же чечиминде гана эмес. Бүгүн Орусияда да, Кыргызстанда да эпидемиологиялык абал оор. Бул жумада Новосибирскидеги губернатордун башкармалыгынан кызматкерлери барып, мекендештерибизге туура эмес маалымат берип коюшту.

Бул маалда ар бир мамлекет өз элинин коопсуздугун, саламаттыгын кантип сактап калабыз деп жан үрөп жаткан кези. Азыр бир учак жөнөтүш үчүн Росавиация, Тышкы иштер министрлиги, Роспотребнадзор, Саламаттыкты сактоо министрлигинен уруксат алып, атайын өкмөттүк комиссиянын чечими чыгышы керек. Азырынча сүйлөшүүлөр бар, чечим чыга элек.

Новосибирскиде азыр 300дөй жараныбыз бар. Ал эми орусиялык S7 авиакомпаниясынын учагынын 200 эле орундугу бар экен. Бул жерде да маселе бар.

"Азаттык": Элчиликте Ыкчам штаб ачылган. Штабга кайрылгандар көппү? Элчилик диаспоранын күчү менен канчага чейин бул жүктү көтөрө алат?

Элчи Жекшенкулов: Бир келин социалдык тармактарга «элчиликтен жардам алдым» деп азык-түлүктүн видеосун чыгарып жиберди. Чынын айтканда, элчиликтин кызматкерлери 200 миң рублдай топтоп, өтө муктаждарга өзүбүз көмөк көрсөтө баштаганбыз. Бул видеодон кийин кайрылгандар аябай көбөйүп кетти. Анан диаспораны чакырып, кеңешип, өзүнчө механизм иштеп чыктык.

Бизге телефондон же Интернеттен жардам сурап кайрылышканда, ошол арызды диаспорадагы облустук коомдорго жөнөтөбүз. Алар чын эле муктажбы же жокпу, маалыматты текшеришет. Элчиликте кампада азык-түлүгүбүз бар. Эсебибиз боюнча ал жардам Орозо айы башталганга чейин жетет. Башында күндө 20-30дан адам кайрылса, азыр 500гө чейин жетти. Мунун баары Миграция кызматы, ИИМдин өкүлчүлүктөрү жана диаспорадагы мыкты уул-кыздарыбыз менен биргеликте жасалган иштер.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин байланыш телефондору: +7 (499) 237-46-01, +7 (499) 237-48-82, + 7 (499) 237 65 65, +79251032911

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG