Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:20

Москванын чарасы, айласы кеткен мигранттар


Москва. 25-март, 2020-жыл.
Москва. 25-март, 2020-жыл.

Орус өкмөтү коронавируска байланыштуу күчөтүлгөн чараларды кабыл ала баштады.

Москвада 5-апрелге чейин бардык ресторан, кафе, ашкана менен парктар жабылды. Калкка кызмат көрсөтүүчү жеке мекемелердин ишине тыюу салынды.

Москванын мэри Сергей Собяниндин буйругуна ылайык бир гана дары-дармек, азык-түлүк саткандар эч кандай чектөөсү жок иштейт. Ошондой эле тез жардам көрсөтүүчү кызматтар, коомдук транспорт, банк жана мамлекеттик органдардын иши токтотулбайт.

Орусияда шаар башчылары аймактагы калкты өлкө ичинде саякаттоодон баш тартууга, сапарларын токтотууга чакырып жатышат.

26-мартка карата Орусияда бир күндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 182 адамга көбөйүп, жалпысынан 840 адамга жетти. Москвада коронавирус 587 кишиде аныкталды. Өкмөттүк ыкчам штаб илдеттен 73 жана 88 жаштагы эки адамдын өлгөнүн кабарлады. Буга чейин 79 жаштагы аял каза тапкан.

Эпидемиолог Михаил Фаворов "Настоящее время" телеканалына курган маегинде эмне себептен бул расмий сандар чыныгы абалды көрсөтө албай турганын төмөнкүчө түшүндүргөн:

"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматтары коронавирус адамдардын 6 пайызында гана аныкталарын тастыктап жатат. Мисалы, расмий 200 адам ооруп жатат десек, бул санды 15 эсеге көбөйтүшүбүз керек. Ошондо гана бул илдет менен ооруп айыккан, учурда ооруп жаткандардын жалпы болжолдуу саны чыгат. Ошол эле кезде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму да, бир да эпидемиолог вирусту жаңыдан жуктуруп алгандарды эсептей албайт. Адам бейтаптын жанынан жөн гана өтүп кетет, анда эки жумадан кийин гана вирус чыга баштайт".

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин Москвадагы башкы дарыгер- инфекционисти Николай Малышев федералдык телеканалдан "Орусия коронавирустун атомдук деңгээлде жарылып, жайылышына даярданып жатканын" айткан.

Орусиялыктар 30-марттан 3-апрелге чейин бир жумалык эс алууга чыгат. Президент Владимир Путиндин шаршембиде калкка жасаган телекайрылуусунда 22-апрелге пландалган Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы элдик добуш берүү күнү да белгисиз мөөнөткө жылдырыларын кабарлаган.

Мигранттарга таасири

Орус өкмөтү 27-марттан тарта үзгүлтүксүз жана чартердик авиакаттамдардын баарын толугу менен жапканы турат.

Мындай чара азыркы кырдаалда жумушсуз калып, Кыргызстанга учуп кетүүнү көздөгөн Орусиядагы мекендештерди арасат абалда калтырды. Бир жумадан бери Москва, Санкт-Петербург, Новосибирскиде жүздөгөн мекендештер улам токтотулуп, белгисиз мөөнөткө өзгөртүлүп жаткан аба каттамдарынын айынан аэропорттордо калган учурлар катталууда.

Москвадагы кыргыз элчилиги 26-мартка карата шаардын аэропортторунда топтолгон кыргызстандыктар жок деп маалымдаган. Элчилик кыргыз диаспора өкүлдөрү менен биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Москвада убактылуу жашап жаткан жайларына таркатканын билдирген. Бирок, ага карабай "Шереметьево" аэропортунда жүздөн ашуун кыргызстандык мекенге уча албай турганын кабарлап жатышат.

Миграциялык мыйзамдарды сактабаганы үчүн сот чечими менен Орусиядан депортация болууну күтүп, убактылуу камоочу жайларда отурган мигранттар да оор абалда.

Орусияда Адам укуктары боюнча кеңештин өкүлү Татьяна Мерзлякова Екатеринбургдагы мигранттарды убактылуу камоочу жайда 248 адам Орусиядан депортация болууну күтүп жатканын айтып, ал жакта бир айдан бери балдары менен камакта отурган кыргызстандык келиндин тагдыры үчүн тынчсызданып турганын белгилеген.

Екатеринбургдагы Кыргызстандын Башкы консулдугунун юристи Медер Исмаилов аба каттамдары токтотулгандыктан атайын кармоочу жайдагы жарандарды Кыргызстанга кетирүү боюнча тоскоолдуктар жаралганын айтты:

"Эки аял бар. Биринин тогуз жана төрт жаштагы эки баласы бар. Алар паспорту жок болгону үчүн камакка алынган. Бизге документтери күйүп кеткенин айтышкан. Дароо эле күбөлүктөрүн жасап бергенбиз. Башында "ушул күбөлүктөр даяр болсо эле учакка билетти өзүбүз алып кетебиз" дешкен. Кийин болсо, орус өкмөтүнөн депортацияга акча бөлүнөрүн күтө тургандарын айтышты. Мындай иштерди сот приставдары уюштурат. Ошентип, булардын документтерин даярдагыча аба каттамдары токтоп калды. Екатеринбургдагы атайын кармоочу жайда азыр 14 жараныбыз бар".

Миграциялык эрелерди бузганы үчүн мигранттарды кылмышкерлердей камакка алган атайын кармоочу жайлардын ишин сындап келген Москвадагы укук коргоочу Валентина Чупик азыр мындай жайлар толтура экенин айтууда:

"Атайын кармоочу жайларды азыр киши жык-жыйма. Москванын четиндеги 480 орундук бир жайда 800 адам камалып турат. Азыр биз аэропортто калган мигранттарга жардам көрсөтүп жетишпей жатабыз. Ал эми убактылуу камактагы мигранттар эмне болору белгисиз".

Орусиянын аймагында депортация боло турган мигранттарды убактылуу камоочу жыйырмадан ашуун жай бар. Кыргыз элчилиги Москванын четиндеги Сахароводо 55 жаран камакта отурганын, алардын 33үн Кыргызстанга депортациялоого документтери даярдалып жатканын билдирди.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG