Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

«Коронавирус Путинге таажы кийгизмей болду»


Орус президенти Владимир Путин, премьер-министр Михаил Мишустин жана Москванын мэри Сергей Собянин.
Орус президенти Владимир Путин, премьер-министр Михаил Мишустин жана Москванын мэри Сергей Собянин.

Москва мэри Сергей Собянин кары-картаңдар менен оорулуу адамдарга үйдөн чыкпоону буйруду. 

65 жаштан өткөн москвалыктар менен өнөкөт оорусу барлар 26-марттан 14-апрелге чейин үй карантининде болушу шарт.

Москванын мэри Сергей Собяниндин буйругуна ылайык, обочолонуп отурган кары-картаңдарга 4 миң рублдан көмөк көрсөтүлөт.

"Үйдөн чыкпоого милдеттүүсүңөр. Жумушка барбаңыздар. Бир мекеме, уюм же ишкананын ишине, өндүрүшүнө жоопкер кызматкерлерге гана жумушка чыгууга уруксат. Ошондой эле мамлекеттик органда же саламаттык сактоодо тармагында иштегендер кызматта болушу шарт".

Бирок Москванын тургуну, 67 жаштагы президент Владимир Путин иштейт. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, буйрук "мамлекеттик органдардын ишин камсыз кылган жетекчилерди" чектебейт.

Ушу тапта Москва шаары менен облусунда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 300гө жетти. Орусияда жалпысынан COVID-19 438 адамда табылды. Роспотребнадзор өлкө боюнча 165 миңдей киши коронавируска текшерилгенин кабарлаган.

Москва.
Москва.

Илдетти жуктуруп алгандар менен саламаттыгы шек жараткандарды дарылоо үчүн Москванын ооруканаларында атайын жети корпус даярдалган. Мындан тышкары жаңы Москвадагы Коммунаркада жаңы инфекциялык оорукана курула баштады.

Орус өкмөтү коронавирус менен күрөшүүгө 23 миллиард рубль бөлгөнү маалым болду. Ал эми премьер-министр Михаил Мишустин аймактардын башчыларын Москванын режимине өтүүгө чакырды.

Орус калаасында маданий-спорттук иш-чараларга тыюу салынып, музей, театрлар жабылган. Мектептер каникулда. Элүүдөн ашык адамдын чогулуш-жыйынына чектөө киргизилген. Бир катар орусиялык басылмалар Москвада автоунаалардын каттамын чектөө менен комменданттык саат киргизүү чечимдери каралып жатканын жазышты. Бирок, шаар бийлиги чукул кырдаал жарыялоого олуттуу негиз жоктугун айтууда.

Кытай менен чектеш Орусияда коронавируска чалдыккан биринчи адам январда аныкталганын белгилеп, 146 миллион калкы бар өлкөдө жугуштуу илдеттин жайылышы тууралуу маалымат жашыруун болуп жатат деп күмөн санагандар арбын.

Марттын башында «Доктурлар альянсы» уюмунун өкүлү Анастасия Васильева Москвадагы ооруканалардын биринде өпкө кагыны (пневмония) жана дем алуу органдарынын вирустук инфекциясы деп 240 бейтапка орун жасалып, аларды кардиолог менен эндокринологдор дарылап жатканын айтып чыккан:

"Алар бизди алдап, коронавирусту жуктуруп алгандар боюнча так маалыматты жашырганы аз келгенсип, шалаакылыкка жол берип вирустун жайылышына жол берип жатышат. Бизге мындай окуяларды ар кайсы ооруканалардан догдурлар өздөрү кабарлашууда. Коронавирус деп каттабай, мындай вирусту жуктургандарды пневмония же дем алуу органдарынын вирустук инфекциясы деп каттап жатышат".

«Таажылуу ылаң Путинге таажы кийгизмек болду» деп коронавируска байланыштуу кооптуу кырдаалда Орусиянын Баш мыйзамын өзгөртүүгө шашкан аракеттерди сындагандар да бар.

Студенттердин дене табын текшерген дарыгер. Орусия.
Студенттердин дене табын текшерген дарыгер. Орусия.

Жекшембиде Орусиянын ондой шаарында президент Владимир Путин сунуштаган конституциялык түзөтүүлөргө каршы митингдер өттү.

Коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам нааразылык акциялары чакан митинг же жалгыз пикет катары уюштурулган. Тюмень, Екатеринбург, Новосибирск, Омск, Красноярск, Калининград, Ростов-на-Дону, Кемерово, Читада көчөгө чыккандардын колдорунда «Мага хандын кереги жок», «Путин жарактан чыктың», «Бул бийликти басып алуу» деген сыяктуу үндөш плакаттар болгон.

Дүйнөнү сестентип турган вируска карабай Кремль апрелдин аягында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы элдик добуш берүүнү өткөргөнү турат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG