Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 4-апрель, 2020 Бишкек убактысы 19:00

Путиндин бийлиги 32 жылга созулушу мүмкүн


Орусиянын президенти Владимир Путин. 10-март, 2020-жыл.

Мамдумада 10-мартта сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, Владимир Путинге 2024-жылы да президенттике ат салышууга жол ачылат.

10-мартта орус парламентинин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик Думанын депутаттары мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү маселесин талкуулап жатышкан. Бир убакта мыйзам чыгаруучулардын алдына алгачкы аял-космонавт, учурда бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынан депутат Валентина Терешкова чыгып, эки сунуш киргизди.

Биринчиси - Конституциядан президенттик мөөнөтүн чектеген жобону алып салуу, ал эми экинчиси - жаңы Баш мыйзамга ылайык, Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарып, ага кийинки жолу да мамлекет башчылыгына ат салышууга мүмкүнчүлүк берүү.

Терешкованын бул сунуштарынан көп өтпөй Мамдумага президент Путин өзү кирип келди. Ал биринчи сунушту жактырган жок. Ал эми экинчиси көңүлүнө жаккансыды. Путин анын буга чейинки президенттик мөөнөттөрүн жокко чыгарууга «Конституциялык сот жактырган шартта гана» макул болорун айтты. Президенттин бул сөздөрүнөн туура 15 мүнөт өткөндөн кийин депутаттар Терешкованын экинчи сунушун добуш берүүгө коюп, жактырып салышты.

Эми өзгөртүүлөр үчүнчү окууда жактырылып, андан соң Федерация Кеңеши добуш керек. Ал эми 22-апрелде жалпы элдик добуш берүүгө коюлат. Эгер орусиялыктар да макул болсо, Конституциялык сот карап чыгып, өз чечимин чыгарат.

Бардыгы оңунан чечилсе, 67 жаштагы Путиндин буга чейинки президенттик мөөнөттөрү жокко чыгарылат жана 2024-жылы да президенттике талапкерлигин кое алат. Эске сала кетсек, Путин 1999-жылдын соңунан 2008-жылга чейин мамлекет башында турган. 2008-2012-жылдары өкмөттү жетектеп, төрт жылдан кийин кайра президент болуп шайланган. Ошондон бери Орусияны башкарып келет. Эгер ага эки жылдан кийин эки мөөнөткө шайланууга жол ачылса, Путин жалпы жонунан 32 жыл бийлик башында тура алат.

Оппозиция каршы чыкты

Ушул эле 10-мартта орус оппозициясынын өкүлдөрү Путиндин мурунку мөөнөттөрүнүн жокко чыгарылышына каршы митинг өткөрүүгө уруксат сурап Москва мэриясына кайрылышты. Бул тууралуу «МБХ медиа» кабарлады. Арызды «Открытая Россия» кыймылынан Татьяна Усманова, «Партия перемен» партиясынын өкүлү Мария Кузнецова жана башкалар жазганы маалым болду. Алар Сахаров атындагы проспектиде марттын 21инде же 22синде 50 миң кишинин катышуусунда митинг өткөрүүнү көздөп турушат.

Баары Путиндин кайрылуусунан башталган

Баары 15-январда башталган. Анда Путин Федералдык Жыйынга кайрылып, Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылган. Ага ылайык, Конституцияга Мамлекеттик кеңеш аттуу жаңы орган киргизилет. Президент түзө турган бул кеңеш мамлекеттик ички-тышкы саясатты жана экономиканын өнүгүү багыттарын аныктоо менен алек болот. Депутаттар президенттин сунушу менен өкмөт башчыны, ал эми премьердин сунушу менен вице-премьерлерди жана министрлерди бекитет. Ошол эле учурда президентте өкмөт башчыны кызматтан алуу укугу сакталат. Ал эми Конституциялык сот парламент кабыл алган мыйзамдардын Башмыйзамга шайкештигин текшерип турууга милдеттендирилет.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана алгачкы космонавт аял, депутат Валентина Терешкова. 2018-жылы тартылган сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана алгачкы космонавт аял, депутат Валентина Терешкова. 2018-жылы тартылган сүрөт.

Путиндин мындай сунуштарынан кийин, көптөр ал өзү дал ошол Мамлекеттик Кеңештин башына келүүнү көздөп, президенттиктен кеткенден кийин да өлкөдө таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып жатканын айтып, сынга алышкан. Бирок өткөн жумада Путин андай ниети жок экенин билдирген. Саясат таануучулар 10-мартта Мамдумада болгон окуялардын баары «жакшынакай пландалганын» айтышууда.

Азыркы Конституция президент эки мөөнөт туруп, бийликти башка бирөөгө берген соң, кайсы бир убакыттан кийин кайра эң жогорку кызматка келишине жол ачат. Бул берене Путинге жалпысынан төрт жолу президент болууга шарт түздү.

Орусияда Путиндин рейтинги акыркы жылдары кескин төмөндөп кеткенин ар кандай сурамжылоолор көрсөткөн. Маселен, Жалпы орусиялык коомдук сурамжылоо борборунун былтыркы маалыматына караганда, Путиндин бийлигине орусиялыктардын 50% ашууну нааразы. Муну былтыр жайында өткөн бийликке каршы акциялар да ырастаганын байкоочулар белгилешкен.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG