Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 24-февраль, 2020 Бишкек убактысы 02:33

Путиндин жаңылыгы мигранттарды кубантты


Москвадагы кыргыз балдар. (Архивдик сүрөт)

Орусиянын президенти Владимир Путин төрөттүн санын көбөйтүүгө чакырды.

Владимир Путин 15-январда Федерация Кеңешинде элге кайрылган учурда өлкөдөгү демографиялык абалга кеңири токтолду.

Ал балдар өтө аз төрөлүп жатканын белгилеп, буга байланыштуу «энелик капитал» программасы 2026-жылга чейин узартыларын айтты. Бюджеттен балдар үчүн жаңы жөлөк пул каралганына токтолду.

Путиндин билдирүүсүнө караганда Орусияда 466 миң рубль өлчөмүндөгү «энелик капитал» тун баласын төрөгөн аялдарга 2021-жылдын 31-декабрынан тарта бериле баштайт.

Эки баласы бар үй-бүлөлөргө 616 миң рубль жардам берилет. Буга кошумча мурда ата-энелерге балдары үч жашка чыкканга чейин федералдык бюджеттен жөлөк пул төлөнүп келсе, эми бул жети жашка чейин узартылат.

Владимир Путин
Владимир Путин

Орусияда отурукташкан кыргызстандыктар Путиндин бул билдирүүсүн кубаттоо менен кабыл алышты. Москванын балалуу үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү программасы орус жарандыгын алууну каалагандардын да катарын көбөйтчүдөй.

Москвага сегиз жыл мурда келип, турмуш куруп, балалуу болгон Жазгүл учурда кыргыз жарандыгын алмаштырууга белсенип турат.

- Жолдошум 2010-жылдары кыргызстандыктарга орус жарандыгы жеңилдетилип берилген маалда паспорт алган. Мен ал кезде «бир аз иштеп алып кайра кетем» деп жарандык алууга умтулган эмесмин. Кийин турмушка чыкканда балабызга эч кандай жардам алган жокпуз. Азыр кош бойлуумун. «Балдарды бул жакта окуталы» деп ниетибиз. Балдарды ооруканага, бала бакчага, мектепке алып барганда жарандык керек. «Энелик капитал», балдарга жөлөк пул көбөйтүлөрүн угуп, жарандык алыш керек деп турам. Бизге окшош жаш үй-бүлөлөргө бул чоң көмөк. Үй сатып алсак же кийин бул каражатты балдардын билим алуусуна жумшасак деле болот.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери миграция агымында жана жер которуп кеткендердин эсебинде 1,5 миллиондон ашуун кыргызстандык орус жарандыгына өткөнү айтылып келет. Алардын так эсеби алына элек.

Орусиянын ИИМнин расмий маалыматтарына ылайык, акыркы кезде орус жарандыгына өтүү үчүн жылына жалпысынан 50 миңдей кыргызстандык убактылуу жашоого уруксат кагазын, туруктуу жашоого документ алууга кайрылат.

Нургүл Каимова
Нургүл Каимова

«Паритет» кыймылсыз мүлк агенттигинин жетекчиси Нургуль Каимова соңку жылдары орус жергесине байыр алууга аракет кылган кыргызстандыктардын катмары калыңдап баратканын белгиледи.

- Жер там, батир же жер үлүшүн сураштыргандар бир гана Москвада эмес, башка аймактардан да кайрылат. Ар бир кайрылган экинчи үй-бүлөнүн колунда «энелик капиталы» болот. Бизде эки-үч бала төрөө жаңылык эмес да. Балдары менен миграцияда жүргөн кыргыз жарандары деле турак жай сатып алып, ал аркылуу жарандыкка документ тапшырып, кийин «энелик капитал», ай сайын балдарга жөлөк пул алып турууга аракет кылышат. Орусияда балдарга жөлөк пул да жакшы чегерилет эмеспи. Андан тышкары, бир топ социалдык жеңилдиктер берилет.

Москвадагы кыргыз элчилигинин маалыматы боюнча учурда Орусиянын аймагында жашы 18ге жете элек балдардын саны 120 миңден ашуун.

Орусиянын ИИМи былтыр январь-сентябрда 750 миңден ашуун кыргызстандык миграциялык каттоого турганын, алардын 400 миңдейи биринчи жолу каттоого алынганын маалымдаган.

Кубанычбек Кожоев
Кубанычбек Кожоев

Орусияда жарандык алган кыргызстандыктардын башын бириктирген «Жалпы орусиялык кыргыз конгрессинин» президенти Кубанычбек Кожоев орус паспортун алгандардын саны жарым миллионго чукул деп айтылганы менен алардын бойго жетип калган балдары эсепке алынбай жатканын кошумчалады.

Кожоев миграция шарданында мекендештердин бир бөлүгүнүн орус жергесин байырлап жатканын кадимки процесс катары эсептейт.

- Орусия жетекчилиги балалуу үй-бүлөлөрдү камсыздандырууну күчөтүп жатканы, албетте, орусиялык кыргыздардын көбөйүшүнө түрткү болот. Биринчиден, бул жакта иштеп жүрүп, көбү көнүп, жашоонун артыкчылыктарын билип калышты, тамыр жайып жатышат. Азыр глобалдашуу доорунда бул чоң көйгөй деп ойлобойм. Кайсы жакта жашабасын, түпкү мекенин сүйүп, Кыргызстандын өнүгүшүнө салымын кошо алса, ошол маанилүү. Бул жакта мекендештердин көбөйгөнү да жакшы. Башка улуттар менен теңтайлашып, арабыздан белгилүү инсандар, илимпоздор, ишкерлер, адабиятчылар чыгат. 1991-жылдан бери 500 миң кыргызстандык орус жарандыгын алды деп айтып жүргөнбүз. Өткөндө элчибиз Аликбек Жекшенкулов 750 миң деп айтты. Ошол эле кезде 25-30 жыл аралыгында жарандык алгандардын балдары чоңоюп, неберелүү болгонун эске алыш керек. Биздин эсеп боюнча орус жарандыгындагы мекендештердин саны 1,5 миллиондон көбөйдү.

Былтыр январда Москвадагы Миграциялык иликтөөлөр борбору менен Борбор Азиядагы Америка Университети биргеликте жүргүзгөн сурамжылоодо Орусияда иштеген ар бир үчүнчү кыргызстандыктын өлкөдө биротоло калуу ниети бары маалым болгон.

Ал эми демографиялык кризиске кептелди деген Орусиянын калкы 147 миллиондой. Расмий эсептөөлөр боюнча 2018-жылы Орусиянын калкы 100 миң адамга чейин азайып, 32 аймакта өлүм-житим көбөйгөн.

Бириккен Улуттар Уюму Орусиянын калкы 2050-жылга карата 132,7 миллион адамга чейин азаярын болжолдогон. Бир катар иликтөөлөрдө келгин мигранттар Орусиядагы улам азайып бараткан жумушчу күчүн эле камсыз кылбай, өлкөнүн демографиялык акыбалын да туруктуу сактап турганы баяндалат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

Пикирлерди көрүңүз (18)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG