Линктер

бейшемби, 15-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:50

"Карыздын айынан "карын эне" болдум..."


Иллюстрация

Бүгүнкү күндө “карын эненин” жардамы менен балалуу болуу кыргызстандык үй-бүлөлөрдө деле кадыресе көрүнүшкө айланды. Ага жараша кызмат көрсөтүүчү жеке менчик саналуу клиникалар да пайда болду. Бирок уруктандыруу аркылуу балалуу болгондор жана "карын эне" кызматын көрсөткөндөр, андан пайдалангандар боюнча маалыматтар коомчулукка ачык айтылбайт.

Белгилүү себептерге байланыштуу "Азаттык" баарлашкан "карын эне" кызматын көрсөткөндөрдүн жана ал кызматтан пайдалангандардын аты-жөнү өзгөртүлүп берилди.

Алардын бири, 30 жаштагы Каныкей - жалгыз бой эне. Жети жаштагы кызын ээрчиткен келиндин туруктуу иши жок. Келин жокчулуктун айынан үч жыл мурда "карын эне" (суррогатное материнство) болгонун айтып берди:

- Кызымды жалгыз кыйналып бактым. Карызга батып, аны төлөш үчүн насыя алууга туура келди. Күрөөгө таежемдин үйүн койгонбуз. Эми аны да төлөп бүтө албай жатам. Интернеттен "карын эне" керек деген жарнаманы окуп калдым. Чалып сүйлөшсөм, Америкадан келген үй-бүлө экен. Жашы кырктан ашып калган жубайлар көп жылдан бери балалуу болбой жатканын айтышты. Кезигип сүйлөшүп, макулдаштык. Мага чейин төрт-беш келин менен сүйлөшүп көрүшкөн экен. Бирок алардын анализдери туура келбей калыптыр.

Иллюстрация
Иллюстрация

Каныкей "карын эне" болууга макулдук бергенден кийин толук медициналык текшерүүдөн өтүп, анализ тапшырган.

Дарыгерлердин "ден соолугу таза" деген бүтүмүнөн кийин ал үй-бүлө менен Казакстандын Алматы шаарына барган.

Ошол шаардагы жеке менчик клиникада бойго бүтүрүү процесси ишке ашкан. Каныкей тараптар арасында милдеттүү келишим түзүлгөнүн жана аны менен дарыгерлер, өзгөчө психологдор тыгыз иш алып барганын баяндады:

- Ортобузда келишим түзүлдү, ал келишим боюнча балага эч кандай укугум жок болчу. Үй-бүлө мага башында 10 миң доллар, төрөттөн кийин 5 миң доллар бере турганы жазылды. Эгер бала майып төрөлүп же чарчап калса, клиника жоопкерчилик албай турганын жана чыгымды кайтарып бербесин билдирди. Кыскасы, менин кызматымды пайдаланып жаткан үй-бүлө бул учурда акчасын, убактысын тобокелге салат экен. Дарыгерлер мага бул менин балам эмес экенин, мен аны болгону курсакта көтөрүп, төрөп гана беришим керектигин түшүндүрүп жатышты.

Төрөт үйү. Орусия
Төрөт үйү. Орусия

Каныкей кош бойлуу кезинде чет элдик үй-бүлө менен бирге батирде жашаган. Анын баскан-турганы, жеген-ичкени, дарыгерге көрүнгөнү да ошол үй-бүлөнүн көзөмөлүндө болчу:

- Боюмда бар убакта абдан кыйналдым. Талгак оор болду. Ошол убакта аябай жакшы карашты. Төрөгөндөн кийин баланы кучактап отуруп ыйладым. Сапсары эркек бала төрөлдү. Үйдө он айдан бери мени күтүп жаткан кызымды эстеп, ымыркайды үй-бүлөгө бердим. Бишкекке кеткенден кийин бир айдан соң ал аял чалып, мага ыраазычылык айтып, Америкага кетип жатканын билдирди. Азыр ал бала үч жашка чыгып калды. Алган акчамды карызды жапты, өзүмдү калыбыма келтиргенге жумшадым. Себеби "кесарево" менен төрөп, бир топ эле кыйналып калдым эле. Туугандарга эч нерсе айткан жокмун.

"Карын эне" - инкубаторбу?

Каныкей учурда да башка бирөөлөр үчүн бала төрөп берүүгө, башкача айтканда “карын эне” болууга даярданып жатыптыр. Азыр ал бул балага зар үй-бүлө издеп жатат.

Каныкей жарыясын жайгаштырган интернет-жарнаманын бурчунда "карын эне" издеп жаткан билдирүүлөр да бар. Адатта алар кызматын пайдалана турган "карын эненин" жашын белгилеп, буга чейин жок дегенде бир баланы төрөгөн эне болушун талап кылышат.

- Биринчи никемден бир кызым бар, ажырашып кеткем. Мен өзүм төрөй албайм, жатынымды алдыргам. Жолдошум экөөбүз аябай балалуу болгубуз келет, - деп жазган "карын эне" издеп жаткан келин. Ал учурда күйөөсү менен Казакстандын Алматы шаарында иштейт.

- Бала багып алууну каалабайм. Анткени өзүмдүн балам болушу керек. Ал эми "карын эне" - бул болгону инкубатор эле, анын баласы эмес, менин балам болот. Былтыр бир келин менен сүйлөшүп, макулдугун берген. "Мына баштайбыз" дегенде үн катпай жоголуп кетти. Балким быйыл чыгып калаар деп үмүттөнүп жатам. Келин биз менен бирге жашайт, баарын өзүм көзөмөлгө алышым керек, антпесе мен ишенбейм.

Эки энеден туулган бала

Эки энеден туулган бала

2016-жылы 6-апрелде эки эне, бир аталуу наристе Мексикада дүйнөгө келди. Иорданиялык Абдрахим Хасан донор аялдын генетикалык кодун пайдаланып төрөлгөн дүйнөдөгү биринчи бала.

Бул үй-бүлө "карын эне" кызматына 5000 доллар төлөп берээрин жарыялаган. Жарнамадан кийин ага бала төрөп берүүгө даяр экенин билдирип, жооп жазгандар болгон.

- Нарындан бир келин, Жалал-Абаддан эки келин жазды. Орусияда иштеп жаткан мигрант аялдар да кайрылышты. Арасында 17-18 жаштагы жапжаш кыздар да бар. Айрымдары "баламды сатып ал, миң долларга берем" же "багып ал" дегендери да болду. Бирок мен ага макул эмесмин. Азыр беш-алты келин менен сүйлөшүп жатабыз. Кимисинин анализи туура келсе ошону алабыз.

Кыргызстанда балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөрдүн “карын энени” (суррогат энени) пайдалануу муктаждыгы күч алганын атайын адистер да белгилешет.

Мындай жол менен балалуу болгондордун жана “карын энелердин” саны канча экени азырынчы белгисиз. Бул купуя маалымат болгондуктан медициналык клиникалар маалыматты ачыкка чыгарышпайт. Айрым ата-энелер көпчүлүктүн көзүнөн далдоо болуш үчүн да Орусиянын же Казакстандын клиникаларынын кызматын колдонушат.

Кыргызстанда болсо Саламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен “Асымбекованын клиникасы” он жылдан бери иштейт. Клиника эненин жумуртка клеткалары менен атанын уругун жасалма уруктандырып, эмбрионду суррогат эненин жатынына салган кызматы үчүн 2,5 миңден 4,5 миң долларга чейин акча алат. Андан тышкары “карын энеге” өзүнчө акы төлөнөт.

Клиниканын жетекчиси Гүлнара Асымбекова бул иштин жол-жобосун айтып берди:

Гүлнара Асымбекова.
Гүлнара Асымбекова.

- Ар кандай себептерден улам кайрылышат. Албетте, баары балалуу болгусу келет. Бирок, алардын айрымдары тубаса оорусунан улам балалуу боло алышпайт, кээ бири буга чейин төрөп, бирок төрөттөн кийин кан көп кетип, жатынын алдырган болуп чыгат. Күнүнө бир же эки, жумасына беш-алты адам ЭКО боюнча кайрылат. Аларга "карын энелердин" тизмеси сунуш кылынат, бирок баасын жана башка шарттарын өздөрү тактап алышат. Бала төрөлгөндөн кийин мыйзамдуу түрдө кызматты пайдаланган ата-энеге өткөрүлүп берет.

Асымбекова карын эне менен анын кызматын пайдаланган үй-бүлөнүн ортосунда юридикалык келишим түзүлөрүн кошумчалады.

Суррогат энелик – үч кишинин катышуусу менен ишке ашкан бала төрөтүү ыкмасы. Балага ата болгусу келген эркектин уругу менен эне болчу аялдын тукум клеткасы жасалма түрдө уруктандырылат. Уруктандырылган түйүлдүк башка аялдын (суррогат эненин) жатынына салынат да, ал аял баланы тогуз ай бою көтөрүп, төрөп берет. Адатта ден соолугуна байланыштуу кош бойлуулукту көтөрө албаган же башка себептерден улам өздөрү төрөй албаган аялдар суррогат эненин жардамын пайдаланышат.

Кыргызстанда башка аялды жалдап, балалуу болууга мыйзам тыюу салбайт. Буга байланыштуу мыйзам 2015-жылы "Жарандардын тукум улоо укугу жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери" деген аталыш менен кабыл алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG