Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Аймира: Баламды сатууга аргасызмын...


Иллюстрация
Иллюстрация

Жашы отуздар чамасындагы өзүн Аймира деп тааныштырган келиндин төрт баласы бар. Ал азыр курсактагы беш айлык ымыркайын багып алгысы келгендерге сатууну көздөп турат.

Келин эки жыл мурда күйөөсү менен ажырашып кеткен. Андан кийин башка адам менен таанышып, бирок мамилеси көпкө созулган эмес.

- Жолдошум көп иччү. Иштечү эмес, үйдө күндө уруш-талаш. Мени менен кошо балдарыма да колу тийген күндөр болду. Акыры Орусияга иштегени кетип, ошол бойдон келген жок. Телефондон эле талак берип, келбесин айтты. Бир жылдан кийин эле чогуу иштеген адам менен сүйлөшө баштадым. Коңшу эжелер "балдарга ата керек, жакшы киши экен, багышканга жардамдашат" деп кеңеш беришти. Анан кош бойлуу болуп калдым. Бирок ал "балдарыңды бага албайм, үйлөнбөйм" деп койду.

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Таштанды балдар үчүн куту - аргасыздык

Кыргызстанда таштанды балдарды калтырып кетчү кутуларды же "бэби бокстарды" ачуу демилгеси көтөрүлүүдө. Бул жаңылыкты коомдун айрым өкүлдөрү төрөлгөндөн көчөгө ташталып, итке таланды болгуча ымыркайларды коргоонун ыктуу жолу деп колдоого алышса, айрымдар ата-эне болуу жоопкерчилигин сезбеген жаштарга шарт түзөт деп кабатыр.

Аймира Бишкектеги Ак ордо конушунда батирде турат. Улуу баласы он эки жашта, кичүүсү үчкө чыкты. Жалгыз бой келин балдарын багуу үчүн түнкүсүн кафеде пол жууйт.

Жокчулуктун азабын тарткан Аймира курсагындагы баласын сатып, андан тапкан акчага калган төрт баласын баккысы келет.

- Инстарамдан аялдардын "бала багып алам" деген жарыясын көрүп, ойлонуп калдым. Жазсам, үч жүзгө жакын киши багып алат элек деген ниетин билдирди. Кээ бирине чалсам, "каалаган акчаңды беребиз" деп айтты. Мен өзүм буга чейин беш-он миң долларга бала сатылганын уккам. Эгер үй-бүлөсү бүтүн, шарты бар жакшы адамдар чыкса берем.

Аймиранын социалдык тармактагы билдирүүсүнө пикир калтырып, номерин жазгандардын айрымдарына чалып көрдүк. Анонимдүү калууну өтүнгөн келин эки жылдан бери балалуу болбой жатканын, сураган сумманы берүүгө даяр экенин айтты:

- Балам эки жашында сууга чөгүп кетип чарчап калган. Ага чейин да балалуу боло албай көпкө чейин дарылангам. Эми эки жылдан бери бала күтүп жатабыз. Бизге бала керек.

Дагы бир номердин ээси баланы таежеси багып аларын айтты:

- Таежеме бала издеп жатабыз. Анын үйү, акчасы, туруктуу иши бар. Буга чейин бала асыроо боюнча документ даярдап баштаган. Бирок ал такыр турмушка чыккан эмес. Мындай учурда "толук эмес үй-бүлө" деп бала багууга уруксат бербейт экен. Төрөтканадан тааныш издесек, кезек көп дешти. Же майыптыгы бар балдарды багып алыш керек экен.

Кыргыз үй-бүлөлөрүндө буга чейин эле бир тууган, жакындарынын балдарын багып алган учурлар болгон. Бирок бул эч кандай каражатка же дагы башка кызыкчылыктарга байланган эмес. Соңку кездерде балдар товар катары сатылууда деп тынчсызданышат адистер.

Кыргызстанда бала саткан фактылар буга чейин да катталган. Милиция буга байланыштуу Кылмыш жана жаза кодексинин “Адам сатуу” беренесине ылайык иш козгогон. Бирок анын арты эмне менен бүткөнү белгисиз.

Ал эми бала багып алууну каалаган көптөгөн жарандар бул үчүн толгон-токой документ топтоо керектигин, кезек көптүгүнөн айрымдары аягына чыкпай таштап коёрун айтышты.

Укук коргоочулар дал ушул мыйзамдык жол-жоболор татаал болгону үчүн бала асыроонун жашыруун жолдору иштеп жатат деген пикирде.

- Бул жерде бала уурдалды же сатылды деген маалыматтарды байма-бай угабыз. Демек, маселе бар. Мунун баары бала асыроо боюнча бирдиктүү маалыматтык база жоктугунан улам келип чыгууда. Мага, бала асырай албай жаткан бир топ ата-энелер кайрылды. Бизде балага муктаж ата-энелер бар, алар көп, - деди Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касмалиева.

Бирок мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бала багып алууда жасалма тоскоолдук көп деген сөздөрдү четке какты.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкери Адилет Кудайбердиеванын айтымында, тиешелүү документтерди даярдоо жана процесс өзү бала асыроону каалаган адамга гана көз каранды:

- Документтерди ырастоо бул арыз ээсинин милдети. Арыз ээси бир же эки күндө даярдайбы, өзүнөн көз каранды. Менимче, бир апта ичинде эле даярдап бүтсө болот. Мындан сырткары бала асыроо боюнча өкмөттүн токтомуна ылайык арыздан кийин атайын ал жаранга корутунду берилет. Анын негизинде жаран мамлекеттик базага киргизилип, катталат. Ал база ар бир райондо иштейт. Ошого жараша маселе чечилет. Ушул тапта базада 213 адам бала багуу боюнча кезекте турат.

Иллюстрация
Иллюстрация

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча былтыр 718 баланы кыргызстандык жарандар багып алган. Акыркы алты жылда 6 миң 713 бала асыроого берилген.

Кыргызстанда башка аялды жалдап, балалуу болууга мыйзам тыюу салбайт. Буга байланыштуу мыйзам 2007-жылы эле кабыл алып, 2015-жылы "Жарандардын тукум улоо укугу жана аларды ишке ашыруунун кепилдиктери" деген аталыш менен кайра кабыл алынган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда “карын эненин” жардамы менен балалуу болуу кадыресе көрүнүшкө айланды. Бирок кыргыз коомунда бул иш ачык айтылбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG