Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

Тукумсуздукка жаңы шыпаа


Боюнда бар аял жана наристе.
Боюнда бар аял жана наристе.

Кыргызстанда карын эне жалдоонун бирден бир себеби – тукумсуздук илдети. Ал тапта Германия, Америка жана Жапон окумуштуулары тукумсуздуктан арылуунун жаңы ыкмаларын ойлоп табышты. Ал эми француз кардиологу даярдаган жасалма жүрөк бейтапка ийгиликтүү которулду.

Кыргызстанда жылдан жылга тукумсуздукка чалдыккан аялдардын саны арбып барат. Өлкөдө 2010-жылдагы статистикага ылайык, бала төрөө курагындагы ар бир 25-кыргызстандык аялга тукумсуздук диагнозу коюлган. Салыштырмалуу 2005-жылы төрөө курагындагы 100 миң аялдын 228и тукумсуздукка чалдыккан эле.

Кыргызстанда эркектер арасында тукумсуздук көбөйүүдө

АКШ жана Жапон илимпоздору бул дарттан дары-дармексиз арылуунун жолдорун ойлоп табышты. Стенфорд жана Ыйык Марианна университеттеринин окумуштуулары аялдардын тукумсуз урук клеткаларын организмден алып чыгып, аларды бөлүп өрчүтүшөт. Толук кандуу урук клекткаларын кайра аялдын жатын түтүкчөлөрүнө көчүрөт.
Энелик без клеткасынын ядросун бөлүп чыгуу маалында, Орегон штаты, АКШ, 31-январь 2012-ж.
Энелик без клеткасынын ядросун бөлүп чыгуу маалында, Орегон штаты, АКШ, 31-январь 2012-ж.

Илимий сыноо максатында өткөрүлгөн тажрыйбага 27 тукумсуз аял катышкан. Изилдөөгө катышкан аялдардын 30 пайызына жаңы ыкма оң таасир берген. Ал эми бир катышуучу боюна бүтүп, 37 жумадан кийин ден соолугу чың, үч килограммдан ашык салмактагы ымыркайды төрөгөн. Бул тууралуу Жапониянын "Улуттук илимдер академия эмгектери" журналы жазды.

Экспериментте толук кандуу энелик без клеткалар жатын түтүкчөлөрүнүн башына жайгаштырылган. Окумуштуулар ошондой эле уруктандырылган урук клеткаларын жатынга көчүргөн. Жыйынтыгында толук кандуу жана дартсыз клеткалар түркүмү пайда болгон.

Тукумсуздуктан арылуунун бул усулу 40–45 жаш курагындагы мезгилсиз айызга чалдыккан аялдарга, ракка байланыштуу шоола жана химиялык терапиядан улам тукумсуз калган айымдарга эне болууга шарт түзөт деп ишендирди окумуштуулар. Бул усулдун жыйынтыктары аялдын курагына жана ден-соолугуна байланыштуу айырмаланат.

Виагра – импотенциядан убактылуу арбыткан дары.
Виагра – импотенциядан убактылуу арбыткан дары.
Кыргызстандагы эркектердин арасында болсо бөйрөк, заара жана жыныс органдарынын илдеттери жалпы оорулардын ичинен алдыңкы саптарда турат. Урологдордун айтымында, эркектер арасында магдырсыздык (импотенция) жана тукумсуздук көбөйдү.

Уролог Кайрат Чорчоевдин айтымында, булганч аба, билимсиздик, ден соолукка кайдыгер мамиле жана ооруну дарылабагандык эркектердин тукумсуздугунун себептеринин бири.

Мурда тукумсуздук аялдарда көбүрөк кездешсе, азыр бул дартка чалдыккандардын жарымынан көбү – эркектер. Себеби биринчиден, азыркы муундун тарбиясы башкача. Жаштар каалагандай, тескебей жыныстык катнаштарга барышат, сактанышпайт, инфекция жуктуруп алышат, дарыланышпайт.

Ал эми 1.3 миллион калкы бар Эстония үчүн эркектердин тукумсуздугу чоң көйгөй. Ар жүзүнчү үй-бүлөнүн алтынчысы тукумсуздукка чалдыккан. Эстониядагы түгөйлөрдүн 15 пайызына тукумсуздук диагнозу коюлат. Алардын ичинен 60 пайызы эркектердин тукумсуздугуна байланыштуу.
Эстон үй-бүлөлөрүнүн 15 пайызы тукумсуз.
Эстон үй-бүлөлөрүнүн 15 пайызы тукумсуз.

Бул тапта Германиядагы Георг-Аугуст университетинин окумуштуулары бул дартты дарысыз айыктыруунун жолдорун ойлоп табышты. Биринчиден, алар эркектердин жакшы өнүкпөгөн сперма клеткаларын организмден бөлүп алышат. Андан соң бел суу клеткаларын алар толук кандуу болуп өрчүгөнгө чейин өстүрүшөт. Эрендик клеткалар толугу менен жарамдуу болгондо, аларды кайра эркектин организмине которот.


"Карпентиенин жүрөгү"


Ал эми Парижде 30 жылдык изденүүдөн соң профессор Ален Карпентие иштеп чыккан жасалма жүрөк бейтапка ийгиликтүү көчүрүлдү. Жасалма жүрөктү чыгарган CARMAT медициналык инженерия компаниясы маалымдагандай, 75 жаштагы эркек бейтапка 18-декабрда Франциядагы Жорж Помпиду ооруканасында биопротездик жасалма жүрөк орнотулду.

Эки кардиолог 10 сааттык операциядан кийин ажал астында турган бейтапка жасалма жүрөктү көчүрүшкөн. Долбоордун жетекчиси Марчелло Конвити сүйүнүчүн жашырган жок. Ал эми 80 жаштагы профессор-кардиолог жана ойлоп табуучу Карпентие бул жетишкендикти орган которуу (трансплантация) хирургиясындагы эң бийик чоку деп сыпаттады.

Жүрөктүн түзүлүшү.
Жүрөктүн түзүлүшү.

Расмий Карпентие–Эдуардс жүрөк клапандары деп аталган жасалма жүрөк, албетте дүйнөдөгү биринчи жасалма жүрөк эмес. Буга чейин да акыркы 30 жылда аракеттер болгон. Бирок бейрасмий "Карпентиенин жүрөгү" деп аталган жасалма жүрөк толугу менен автономдуу иштеген жана бейтаптын организми өгөйлөбөгөн (rejection/отторжение кылбайт дегеним) алгачкы жасалма жүрөк.

"Карпентиенин жүрөгүнүн" салмагы – 900 грамм жана өлчөмү кадимки жүрөктүкүндөй. Жасалма жүрөккө орнотулган электр сенсорлор, же сезгичтер, жана микропроцессорлор организмдин абалына жараша жүрөктү иштетет. Донордук жүрөктү көчүрүү операциясынын баасы 165 миң доллардан 220 миң долларга чейин турат. Профессор Карпентиенин жасалма жүрөгүнүн баасы да ошончо.
Кыргызстанда жүрөк оорулары бардык илдеттердин ичинен биринчи орунда.
Кыргызстанда жүрөк оорулары бардык илдеттердин ичинен биринчи орунда.

Ойлоп табуучу кардиологдун айтымында, 30 жыл мурда ал өз бейтаптарынын жанын сактай албаганына бушайман болуп, алгач жаныбарлардын химиялык тазалоодон өткөн ткандарынан бир клапан жасайт. Андан соң ошол эле ткандардан бүтүн жүрөктү толугу менен жасаганга жетишет. "Карпентие жүрөгүнүн" учурдагы үлгүсү эркек бейтаптардын 70 жана аялдардын 25 пайызына туура келет. Азыркы тапта, CARMAT компаниясы жасалма жүрөктүн кичирээк көлөмдөгү үлгүсүнүн үстүндө иштөөдө.

Тукумсуздукка жаңы шыпаа
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG