Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

"Карын эне" маселеси кайрадан талкууда


Кыргызстанда да башка аялды жалдап, балалуу болууга мыйзам тыюу салбайт.
Кыргызстанда да башка аялды жалдап, балалуу болууга мыйзам тыюу салбайт.

Кыргызстанда балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөрдүн “карын эне” кызматынан пайдалануу муктаждыгы өсүүдө.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жетекчиси Дамира Ниязалиева 18-июнда, жарандардын репродуктивдик укуктары тууралуу мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда белгиледи. “Карын эне” (суррогат - ред.) маселеси эл өкүлдөрү арасында кызуу талкуу жаратып, бул көрүнүш кыргыздын каада-салтына, диний ишенимине туура келбестигин белгилешти. Анткен менен бул жол менен балалуу болуу Кыргызстанда кадыресе көрүнүшкө айланууда.

Өзүн Марат деп тааныштырган мырзаны “карын эне керек” деп жарнама бергендердин катарынан таптык. Ал жубайы Айзада менен өзүнчө түтүн булатып, үй-бүлө курганына он жылдан ашыптыр. Балалуу болуш үчүн алар дарыгерге да, бүбү-бакшы, табыптарга да барып көргөн. Эми минтип “карын эненин” кызматына муктаж болуп турушат.

- 20дан 35 жашка чейинки аял болушу керек. Буга чейин төрөгөн, баласы барларга артыкчылык берилет. Медициналык жактан текшерүүдөн өтөт. Алардын бардыгында чогуу жүрүп, чыгымдарын биз төлөйбүз. Талаптарга жооп берсе эле келишим түзөбүз. Биз 4-5 миң доллар төлөйбүз деп жатабыз.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда аялдар арасында да, эркектер арасында да тукумсуздук проблемасы күч. Мисалы, бир жылдын тогуз айында эле балалуу боло албай жүргөн миңге жакын аял Репродукция борборуна кайрылган. Ал эми бала төрөө курагындагы ар бир 25-аялга тукумсуздук деген диагноз коюлган.

Дамира Ниязалиева.
Дамира Ниязалиева.
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жетекчиси Дамира Ниязалиева жарандардын репродуктивдик укуктары тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Кыргызстанда урологиялык түрдүү ооруга чалдыккан эркектердин саны өсүп жатканын белгиледи. Андыктан көп жылдар балалуу боло албаган үй-бүлөлөр “карын эненин” кызматын пайдаланууга барышат.

- Аталган мыйзам долбоору Кыргызстандын келечегин, генофондун сактоо максатында иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө 15-20% аялдар төрөй албайт, ошончо эле пайыз эркектер ата болууга мүмкүнчүлүгү жок. Бирок балалуу болгусу келет да. Депутаттар “карын эненин” жардамы менен эле балалуу болуп жатышат го...

Мыйзам долбоордун демилгечилери жана Саламаттыкты сактоо министрлиги ар кандай чырлар болбошу үчүн эки тараптан келишим сөзсүз болсун деген жобону киргизүүдө. Бала ден соолугу начар төрөлүп калсачы, анын тагдыры эмне болот деген жагдайлар да кошулган. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын белгилешинче, жаңы толуктоодо “карын эне” болчу аялдардын курагы 40 жашка чейин көтөрүлгөн.

- “Карын эне” 20 жаштан 40 жашка чейинки, өзүнүн жок дегенде бир баласы бар, психикалык жана соматикалык жактан ден соолугу чың аялдар боло алат. Ошондой эле алар медициналык-генетикалык кеңешмеден өтүшү зарыл. Бул жерде аялы менен күйөөсүнүн уругун жасалма түрдө уруктандырып “карын энеге” салып берет. Ал болгону ошол баланы карынында чоңойтот.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда “карын эненин” жардамы менен балалуу болуу кадыресе көрүнүшкө айланып баратат. Бирок кыргыз коому муну ачык-айкын чыгарууга азыр даяр эмес. Көпчүлүк депутаттар бул мыйзам өлкө калкынын каада-салтына, диний ишенимине туура келбесин айтып, демилгеге каршы чыгууда. Алардын бири депутат Ажыбай Калмаматов:

- Эгер аял никесиз төрөп берсе аны айыл жеринде “арам сийдик” деп коюшат. Ал кишини керек болсо күбөлүккө да койбойт, кийин имамдыкка да чыга албайт. Сиз никесиз туулган балдарды төрөткөнгө, көбөйткөнгө чакырып атасыз. Балдарды көбөйтүш керек, балдар төрөлүшү керек деп жатасыз. Негизги максат жөн эле төрөтүп коюу эмес да. Бул мыйзам чегинде, ислам жолунда болушу керек.


Профессор Гүлнара Асымбекованын айтымында, жыл сайын онго жакын үй-бүлө ушул кызматты пайдаланат.
Профессор Гүлнара Асымбекованын айтымында, жыл сайын онго жакын үй-бүлө ушул кызматты пайдаланат.
Дүйнөдө, ошол эле кошуна Казакстанда балалуу боло албаган үй-бүлөлөр бул кызматты кеңири колдонушат. Кыргызстанда да башка аялды жалдап, балалуу болууга мыйзам тыюу салбайт. Буга байланыштуу мыйзам 2007-жылы эле кабыл алынган. Бирок жасалма жол менен уруктандыруу жеке менчик клиникаларда гана жүргүзүлөт. Бишкектеги “Асымбекованын клиникасы” мекемесинин жетекчиси, профессор Гүлнара Асымбекованын айтымында, жыл сайын онго жакын үй-бүлө ушул кызматты пайдаланат. Анын баасы 2,5 миңден 4,5 миң долларга чейин.

- Алматыдан көп жасатып келишет, бизден да жасаткандар болот. Анын бир топ жол-жобосу бар, мыйзамга ылайык иш алып барабыз. Негизинен бул жумуш арзан эмес. Ошондуктан бул кызматты колдонгондор да аз, жылына онго да жетпейт. Биз “суррогат энени” таап бербейбиз. Болгон ызы-чуунун бардыгын, акчасын, калган төлөмдөрүн нотариустан чечип келгенде гана биз алар менен иштешебиз. Анткени дүйнө жүзүндө бул жаатта көп ызы-чуу чыгат эмеспи, аны угуп жүрөбүз. Мага анын кереги жок.

Көпчүлүк ата-энелер Орусия же Казакстандын клиникаларынын кызматын колдонушат. Баланы курсакта чоңойтуп, тогуз ай көтөрүп, толгоо тартканы үчүн “суррогат энеге” да оңой эмес акча төлөнөт. Ага 5 миңден 15 миң долларга чейин каражат берилери айтылып жүрөт. Демек ушул жол менен акча таап, турмушун оңдоону көздөгөн кыз-келиндер да жок эмес. Бул жабык маселе болгондуктан Кыргызстанда жалпысынан канча үй-бүлө жалданма эненин жардамы менен балалуу болору белгисиз. Чет жактагыдай башкага бала төрөп бере турган аялдардын маалыматтар базасы да жок. Көп учурда бул маалыматтар купуя сыр катары сакталат. Коомчулукта бул багытта пикирлер да бир кылка эмес. Бир даары буга карманча каршы болсо, балалуу болуунун бир жолу катары бул көрүнүштү жактагандар да бар.

XS
SM
MD
LG