Линктер

жекшемби, 20-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 20:50

Орусия: билимдүү адистерди азгырган саясат


Орусия.

Орусия чет өлкөлүк, анын ичинде борбор азиялык кесипкөй адистерге жарандык берүүнү жеңилдетти. Бул тууралуу мыйзам 2-октябрдан тарта күчүнө кирди.

Талдоочулар Орусиянын түрдүү тармактагы кесипкөй жарандары Батышты көздөй агылып жаткан чакта орус бийлиги алардын ордун сырттан толтурууга аргасыз деп айтышууда.

Жаңы мыйзамга ылайык, чет өлкөлүк кесипкөй адистер жарандык алуу үчүн Орусияда бир жыл иштеши керек.

Мурда кеминде үч жыл Орусияда жашап, иштеп, алгач убактылуу, андан кийин туруктуу жашоого уруксат алышчу.

Мыйзамдын демилгечилери кыска убакытта өлкөнүн экономикасына жакшы таасирин тийгизет деп ишенишет.

Чет өлкөлүк кесипкөй адистерге жарандык берүүнү жеңилдетүү мыйзамы Орусияда мигранттарга каршы маанай күчөп турган тушта кабыл алынды.

"Левада" борбору жакында эле орусиялыктардын 70% мигранттарга каршы экенин жазган.

135 кесиптин ээсине жеңилдик берилет

Жаңы мыйзамга ылайык, орус жарандыгын алуу жеңилдетилген кесиптердин түрү эки эсеге көбөйдү. Мурда 74 кесиптин ээсине жарандык алуусунда артыкчылык берилсе, азыр бул тизме 135ке жетти.

Алардын ичинде дарыгер адистер: реаниматолог, онколог, стоматолог, балдардын жана өспүрүмдөрдүн психиатры, травматолог, невролог, хирург, энтомолог жана башкалар бар. Мындан тышкары медайымдар, акушер, фельдшер жана лаборанттарга да кыска убакыттын ичинде орус жарандыгын алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Айыл чарбасында иштеген мигранттарга, мугалимдерге, тарбиячыларга, техникалык кызматкерлерге да суроо-талап күчөгөн. Жаңыдан тизмеге кошулган кесиптердин ичинде техник-картограф, жеңил-өнөр жай технологу, тоо өнөр жай технологдору, бургулоочулар, механизаторлор да бар. Ошондой эле жаңы мыйзамдын шарттарын журналисттер да пайдалана алат. Алып баруучулар, кабарчылар жана редакторлор да кеңейтилген тизменин ичине киргизилген.

Мамдуманын эмгек, социалдык саясат жана ардагерлер маселеси комитетинин башчысы Ярослав Нилов «Парламентская газетага» курган маегинде тизмеге өлкө муктаж болуп турган кесиптер киргизилгенин айткан.

"Бизде чынында эле бул кесиптердин чыныгы адистери зарыл" деген ал. Нилов Орусиянын өзүндө башка өлкөлөргө кеткен кесипкөй адистердин көбөйгөнүн кошумчалаган.

иллюстрациялык сүрөт
иллюстрациялык сүрөт

Орусиядан 146 млн. эл бар, жылдан жылга сырткы миграция күчөп, балдардын төрөлүшү азайган. Божомолдорго караганда, келечекте өлкөдө демографиялык жактан олуттуу көйгөй жаралышы ыктымал. Ал эми сырттан адискөй мигранттарды тартуу бул кырдаалдан чыгууда жардам бериши мүмкүн дешет эксперттер.

Жаңы мыйзамдын авторлору ырастагандай, мыйзам орус жарандыгын алуу укугуна "жогорку билими бар, орус тилин мыкты билген, Орусиянын маданий жана башка баалуулуктарына берилген, Орусияга үй-бүлөсү менен көчүп келип жашоого даяр" адистер гана ээ боло алат.


Бул мыйзамды Орусияны мигранттар менен камсыз кылган "донор" өлкөлөрдүн эксперттери түрдүүчө талкуулап жатышат.

Тажикстандык эксперт Рахмон Улмасов орус бийлиги миграцияга мамилесин өзгөрттү деп эсептейт:

- Мурда миграция маселесин негизинен Ички иштер министрлиги карачу. Эми президент бул суроону жылына эки жолу талкуулайт. Анын алдында тиешелүү министрликтер, Мамдума жана Федерация кеңеши маалымат берет. Экинчиден, азыр орус тилин мыкты билген адистерге суроо-талап көбөйдү. Орустар азыркы мыйзам менен Канада, Израил, АКШ жана Австралиянын иммиграциялык үлгүсүн ишке ашырууну көздөп турушат.

"Кесипкөй кыргыздардын көздөгөнү Европа менен АКШ"

Кыргызстандык эксперттер Орусиянын жаңы кабыл алган мыйзамы кыргыздардын орус жарандыгын алуусуна мурдагыдай кызыгуусун арттырбайт деп эсептешет.

Алардын белгилеши боюнча, акыркы жылдары Орусияга эмес, Түркия, Түштүк Корея, Европа өлкөлөрүнө жана АКШга кетип, иштөөнү эңсеген кыргызстандыктар көп.

Алардын бири - ЖИА Бизнес биримдигинин аткаруучу директору Бектурсун Такелеев:

Бектурсун Такелеев.
Бектурсун Такелеев.

- Орусияга иштегени азыр деле кетип жатышат. Бирок алардын көпчүлүгү мектепти бүтүрүп эле, окуусун андан ары уланткысы келбегендер. Ал эми жогорку билим алып, өз кесибинин мыкты адиси болгондордун арасында Орусияга кызыгуу деле жок. Мындай жаштар азыр көбүнчө тил үйрөнүп алып, Европага же Америкага кетүүнү эңсешет. Анткени, Орусия менен Кыргызстандын айлык акы, жашоо-турмуш жана башка жагында айырма аз эле. Рублдин курсу да төмөндөп кеткени ал жакка кызыгууну азайтты.

Кыргызстандык Давлет Нарматов Санкт-Петербург облусундагы Выборг райондук ооруканасында хирург болуп иштейт. Ал Бишкектен медициналык академияны аяктаган соң, билимин Санкт-Петербург шаарынан улантып, ординатураны бүтүргөн.

- Менин бул ооруканага ишке кирип калышыма ординатураны Санкт-Петербургдан аяктаганымдын чоң жардамы тийди. Хирург болуп иштеп жатам, айлыгым 800 доллардын айланасында. Азыр эми жалгыз башыма жетет. Үй-бүлөсү барларга жетпесе керек. Анткени бул жакта тамак-аш, батирдин ижарасы кымбат. Биз менен иштеген жергиликтүү дарыгерлер деле ушундай маяна алышат.

Давлеттин айтымында, бул айлыкты аз деп санаган жергиликтүү кесипкөй адистер ишин таштап, башка жактарга кеткен учурлар арбын. Кыргызстандык дарыгер азырынча орус жарандыгын алууга кызыкпай турганын кошумчалады.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Москвадагы кыргыз элчиси Аликбек Жекшенкулов «Азаттыкка» алардын көбү Орусияда экенин билдирген.

Анын айтымында, бүгүнкү күнү орус жарандыгын алган 500 миңдей кыргызстандык бар.

Тажикстан-Орусия: кош жарандуулук

Орусия менен Тажикстандын ортосунда кош жарандуулук жобосу иштейт. Бир эле учурда эки өлкөгө тең жаран болгон тажиктердин саны учурда 250 миңден ашуун. Жыл өткөн сайын орус жарандыгына да ээ болгусу келген тажикстандыктардын саны артууда.

Айрым эксперттер бул жараян келечегинде Тажикстандын улуттук жана саясий кызыкчылыгына коркунуч жаратышы ыктымалдыгын айтып келишет.

Тажик бийлиги бул кырдаалга азырынча баа бере элек. 2017-жылы "Мамлекеттик кызмат тууралуу" мыйзам өзгөртүлүп, анда кош жарандыгы бар жарандар мамлекеттик кызматка келе албасы жазылган. Мурдараак кош жарандыгы барларга коопсуздук кызматтарында, күч органдарында иштөөгө тыюу салынган.

Өзбекстанда кош жарандуулукка уруксат берилген эмес. Орусиянын жарандыгын алган өзбек жарандары тууралуу да так маалымат жок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG