Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

Орусиянын чектөөсү жана ЕАЭБдин талабы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү Орусиянын тышка акча которууга чектөө киргизген эрежеси ЕАЭБдин талаптарына шайкеш келбесин билдирди. Айрым депутаттар чектөө киргенден бери мигранттар кыйналып жатканын айтып чыгышты.

Орусиянын Улуттук банкы быйыл апрель жана июль айларында тышка акча которууга чектөө киргизген. Башкы банк бул чечимдерди көмүскө операцияларга бөгөт коюу, каттоодон өтпөгөн ишкерлер менен күрөшүү ишине байланыштырган.

Бул чектөө киргенден тартып кыргызстандык ишкерлердин иши жүрүшпөй, айрыкча Орусияга товар ташыгандар ашыкча чыгым тартып жатканы айтылып жүрөт.

Москвада иштеген Чыңгыз Ысманов - бул чектөөнү жон териси менен сезгендердин бири. Ал мунун айынан Орусиянын ири базарларында Кыргызстандан өндүрүлгөн товарлар азайганын айтып берди:

- Ишкерлер акчасын мурдагыдай тез которо албай калышты. Мунун айынан ири базарларга Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар аз келип жатат. Айына 100 миң рублдан ашык тапкан үй-бүлөлөр деле бар да. Алар акчасын топтоп, кайсы бир жолдорду издеп которуп калышты. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийин өкмөт сүйлөшүп, мыйзамдарды оңдоп бул маселени чечсе болмок.

Орусиядагы ишкер мекендештер туш болгон бул маселе 26-сентябрда парламентте да көтөрүлдү.

«Республика - Ата-Журт» фракциясынын депутаты Сагындык Келдибаев бул тууралуу беш ай мурда эскертсе да өкмөт жетиштүү чара көрбөй жатканын сынга алды:

Сагындык Келдибаев.
Сагындык Келдибаев.

- Өкмөт мигранттар менен жакшы иш алып барбай жатат. Бул тууралуу премьер-министрге айтканыма беш ай болду. Эч жыйынтык жок. Биз ЕАЭБге мүчө болгондон кийин чектөө болбошу керек. Мындай чектөө биримдикке кирген башка өлкөлөрдүн жарандарына кирген эмес. «Орусия ушундай кылды» деп отура бербестен чара көрүш керек. Өкмөт «30-40 миң рубль айлык алган мигранттарга таасири тийбейт» деп жатат. Беш ай ичинде которулган акча 200 млн. долларга азайды. Мына, таасири тийип жатат.

Келдибаев маселе көтөргөнгө чейин айрым маалымат каражаттары биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун сөзүнө таянып, кыргыз өкмөтү Орусиянын акча которуунун көлөмүнө киргизген чектөөсүн Евразиянын жогорку экономикалык кеңешинин жыйынында көтөрө турганын жазып чыккан.

24.kg агенттиги кабарлагандай, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Евразия жумалыгы» аттуу форумга катышып жатып, Орусиянын чектөөсү ЕАЭБдин талабына шайкеш келбегенин айткан.

Эскерте кетсек, ушул жылдын апрель айында Орусиядан Казакстанга, Кытайга, Вьетнамга, Кыргызстанга акча которууга айына 100 миң рублдик чектөө коюлган.

Андан эки ай өткөндөн кийин, 22-июлда «Western Union» системасы Орусиядан башка өлкөгө акча которууну каалаган адам айына 600 миң рубль гана жөнөтүүгө тийиш деген эрежени кабыл алган.

Кыргызстандын Улуттук банкы быйыл июнь айында сырттан 191,6 миллион доллар которулганын, бул мурдагы жылдын ушул эле айына салыштырмалуу 64,9 миллионго аз жөнөтүлгөнүн кабарлаган.

Улуттук банктын эсебинен 2018-жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн 2 млрд. 685,3 миллион доллар, анын ичинде Орусиядан 2 миллиард 638 миллион которулган. Федералдык органдарын эсеби боюнча Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны ушу тапта 900 миңге чамалап калды. Ал эми кыргыз өкмөтү чет өлкөлөрдө жалпысынан 700 миңдей жараны иштеп жатканын кабарлап келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG