Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 05:29

Мигранттын жон терисин сыйырган жыйымдар


Президент Сооронбай Жээнбековдун кыргыз мигранттары менен жолугушуусу. 2-август, 2019-жыл.

Бул жолу чет өлкөлөрдөгү консулдуктар көрсөткөн кызматтардын жыйымдары менен төлөмдөрүн талкууламакчыбыз.

Бирок сөз башында өткөн катта талкууга коюлган консулдук каттоо боюнча мүчүлүштүктөргө ТИМдин Консулдук кызмат департаменти ыкчам реакция кылып, шилтемеде берилген элчиликтердин тиешелүү маалыматтарын оңдогонго аракет кылганын айта кетели. Мисалы, Орусиядагы элчиликтин консулдук каттоо үчүн макаладан мурда талап кылган толгон-токой кагаздары азыр караганда кыйла азайып калыптыр. Бирок дагы эле консулдук каттоонун процедураларын жеңилдетүү боюнча эч бир жылыш жоктой көрүнөт. Мамлекеттик органдардын макалаларды окуп, реакция кылганы гана сүйүндүрөт.

Чет өлкөлөрдө консулдук жыйын-төлөмдөр боюнча сөздү эң оболу ошол кызматтар боюнча жобону талдоо менен баштайлы:

http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/93901/45?cl=ky-kg

Бул жобо боюнча консулдук кызмат көрсөтүүдө мамлекет чет өлкөлүктөр менен мигранттарды бир эле экономикалык-социалдык статуста карап, «Консулдук уставга» ( http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/95425 ) ылайык кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын көздөө милдети такыр эле көз жаздымда калганын жана өкмөт чет өлкөлүктөр менен бирдей өлчөмдө эле мигранттардын сыртынан киреше табууну көздөгөнүн көрүүгө болот. Кыргыз мигранттарынын экономикалык-социалдык статусу кандай болгон күндө да ошол чет өлкөлүктөр менен бирдей боло албай турганын өкмөт качан түшүнөт болду экен?

Жобонун 7- жана 10-пункттарына ылайык «төлөмдөр боюнча тарифтердин азайтылышына ТИМдин Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик менен макулдашуусунун негизинде жол берилиши мүмкүн» экени таң калтырат. Монополияга каршы агенттик өкмөттүн мигранттардын сырттан акча табышын көзөмөлдөгөнү эч бир мигранттын оюна келбейт болуш керек. Урматтуу мигранттар, мындан кийин «консулдук жыйым-төлөмдөрдү арзандатып, азайткыла» деп чыкканда жалаң эле ТИМди эмес, Монополияга каршы агенттикти да «ур-токмокко» алыш керек экенин эстей жүргүлө. Мурда консулдуктар чет өлкөлүктөргө виза сатып, ошону менен ТИМдин капчыгын толтуруп келсе, акыркы жылдары 40тан ашуун өлкөгө виза бекер болуп калганы үчүн ТИМдин капчыгы мигранттарга көрсөтүлгөн кызматтардын эсебинен толтурула баштады десек жаңылбасак керек. Жылдан-жылга мигранттардын катары калыңдап жатканын эске алып, ушул жыйым-төлөмдөр «дүңүнөн» баа менен арзандатылышы керек экенин ТИМ менен Монополияга каршы агенттик өкмөткө жеткире алат болду бекен?

Мигранттардын «кээде консулдар өз тааныш-билишине башкача баа менен кызмат көрсөтөт, баалар бирдей эмес» деген сөзүнө да жогоруда кеп болуп жаткан жобонун 19-пункту себеп болууда. Анткени «консулдуктун жетекчиси кээ бир учурларда жыйым-төлөмдөрдү акысыз кыла алат» деп бекитилиптир. Жобонун бул пункту жетекчинин жеке чечимине байланыштуу болгондуктан ар түрдүү ойлорго жем таштап, коррупциялык жагдайга да жол ачышы мүмкүн экени көрүнүп турат.

Эми консулдук жыйым-төлөмдөрдүн өлчөмдөрүн тариздейли жана башта айтылгандай «өкмөт мигранттардын жон терисин сыйрып консулдуктар аркылуу ТИМдин бюджетин толуктаганга аракет кылып жатат» деген дооматыбызды негиздегенге аракет кылалы.

Консулдук кызмат көрсөтүү үчүн алынуучу каражаттардын өлчөмдөрү жөнүндө токтом: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/93225?cl=ky-kg

Бул токтомдо белгиленген жыйым-төлөмдөрдү жакшылап талдап көрсөңүздөр мамлекет өз жарандарынан кантип акча табууга аракет кылып жатканын эле эмес, мигранттарды «КМШдагылар» жана «үчүнчү башка өлкөдөгүлөр» деп бөлгөнүн да көрө аласыздар. Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын берген тастыктамаларын Бишкекте 70 сомго мыйзамдаштыра алсаң, чет өлкөдө 25 доллар экенин көрүп жаның кашайбай койбойт. ИИМден «соттолбогону тууралуу тастыктама» дегенди 180 сомго алып, консулдукка алып барсаң 25 долларды мыйзамдаштыруу үчүн, анан үстүнө 25 долларды «которуу» деп акча алганда оозуң ачылат. Мамлекет бир эле тастыктамадан үч жолу, эселеп төлөм алып жатканын айтып, «бул туура эмес» деген киши жок. Жөн гана бул жободо көрсөтүлгөн баалар боюнча калса да бир жөн эмеспи. Мигранттар өз ишин дайыма акыркы күнгө калтырарын билген өкмөт бул тарифтерге «кадимки», «шашылыш» жана «дем алыш күндөрү» деп бөлүп, төрт эселеп акы алышына токтомдун 3- жана 4-пункттары жол ачып койгон. Ал тарифтерди кээ бир консулдуктар ачык жарыяласа, көбү көмүскөдө калтырган:

  1. Екатеринбургдагы башкы консулдуктун тарифтери: https://mfa.gov.kg/ru/dm/generalnoe-konsulstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-g-ekaterinburg/menyu---inostrannoe/konsulskie-voprosy/uslugi/slugi-5c1768e516a88
  2. Дубайдагы башкы консулдуктун тарифтери:
  3. https://mfa.gov.kg/ru/dm/generalnoe-konsulstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-obedinennyh-arabskih-emiratah-v-g-dubay/menyu---inostrannoe/konsulskie-voprosy/uslugi/slugi-5c35c816454ae
  4. АКШдагы элчиликтин кызмат акылары: https://mfa.gov.kg/ru/dm/posolstvo-kyrgyzskoy-respubliki-v-ssha-i-kanade/menyu---inostrannoe/konsulskie-voprosy/uslugi/slugi-5c3dfe6fe93cb

Өкмөт бюджетти эсептеп чыгарып жатканда негизги мамлекеттик кызматтардын жыйым-төлөмдөрүн жөнөкөй тариф менен эсептейт деп билебиз. Бирок чет өлкөдөгү мигранттардын эсебинен бюджетти толтуруу каралды бекен деген суроо пайда болот. Ошол эле ИИМдин «соттолбогону тууралуу тастыктамасынын» баасы 10 күндөн көп күтсөң бекер экенин эсепке албай, «шашылыш» бир күндүк 230 сом эмес, үч күндүк «кадимки» 180 сом деген кагазы кыйчалыш абалда турган мигрантка 180 сом+100 долларга айланып жатат. Бул жерде коррупцияга мамлекет ачык эле жол ачып берип, мигранттарды консулдуктардын ырайымына таштаганы ачык. Анан кантип мигранттар нааразы болбойт? Мигранттын таламын талашып, укугун коргоп, кызыкчылыгын көздөй турган консулдуктар эки анжы абалда калып жатканы ачык болуп жатпайбы. Же мигрантты колундан келишинче «тоношу» керек же каражатсыз, «борбордун» дотациясында калып мигрантка минимум баа менен кызмат көрсөтүшү керек. Ортосу толук коррупцияга, ар түрдүү махинацияга, нааразылыкка ачык майдан.

Мигранттар жыргаганынан чет өлкөлөргө кетип жаткан жери жок. Ошол өкмөт жумуш менен камсыз кыла албагандыктан кетип жатат. Барган өлкөлөрүндө мыйзамдуу иш кылыш үчүн консулдуктан ар түрдүү кызмат көрүп, тастыктамаларды алууга мажбур болууда. Өлкөнүн калкынын 25%, ишке жөндөмдүү 700 миң жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Ошол оор шарттарда, бөтөн эл, бөтөн жерде жүргөнүнө карабай өз мамлекети аларды «тоноп» жатканын туюп-билген жаран кайтып келип өлкөсүн өнүктүрүүнү канчалык каалайт?

Пикирлериңизди ачык жазып бөлүшүңүздөр, урматтуу мекендештер. Анткени мамлекеттик органдар кандай маселелер бар экенин окуп билишсин. Жөн гана «болбой калды» деп жазуу жетишсиз, мүмкүн болсо негиздүү жүйөлөрдү келтирип, канткенде мамлекет, өкмөт мигрантка жеткиликтүү арзан кызмат көрсөтө алат деп пикир бөлүшүңүздөр.

Айбек Сарыгулов, Мекендештер кеңешинин мүчөсү

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (56)

XS
SM
MD
LG