Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:09

Катталгысы келген мигранттын миң убарасы


Анталиядагы кыргыз мигранттары.

Биринчи макалага калтырылган пикирлерди окуп, көбүнүн толук окубай, шилтемелерди карап көрбөй, макаланын маңызына эмес, аталышына карап эле үстүртөн пикирлерин жазганын көрдүм.

Коомчулуктан «жалаң эле мамлекеттик мекемелерди сындаган сөздөргө реакция берип, мамлекет бир тарапта, коомчулук бир тарапта болуп кайым айтышкандан майнап чыкпайт. Мамлекет деген бизбиз. Мамлекеттик кызматкер деген биздин ичибизден эле чыккан адамдар. Аларды ур-токмокко алгандан пайда чыкпайт, маселелерди ортого салып чечиш керек» деген пикир болбогону өкүнүчтүү. Бирок ушундай пикирди ортого чыгарыш үчүн, коомдогу туура эмес түшүнүктөрдү жокко чыгарыш үчүн макала жаза баштаганымды эстеп, экинчи макаламды баштадым. Биринчиден кийин макала кыска болсо окуларын, узунун окуп талдаганга кызыккандар аз экенин көрүп, маселелерди бөлөк-бөлөк, кыска талдоого өтүш керек экен деп калдым.

Эми консулдук каттоо жана консулдук кызматтар жөнүндө талдоого өтөлү. Кыргызстанда бир райондо, бир даректе каттоодо туруу кандай маанилүү болсо, чет өлкөлөрдө да консулдуктарда каттоого туруу ошондой эле мааниге ээ. Кыргызстанда каттооңуз башка райондо болуп, башка райондо кызматтан пайдалануу мүмкүн эмес болсо, консулдуктарда да ошондой эле принцип. Кыргызстанда элди тейлөө борборлору (орусчасы ЦОН) иштеп, азыр бир топ жеңил болуп калбадыбы. Чет өлкөлөрдө болсо консулдуктарда мурдагыдай эле, керек болсо тээ совет доорундагыдай эле принциптер сакталып калган. Негизи мыйзамдарга таянсак, кыргыз жарандары чет өлкөдө 3 айдан көп кала турган болсо консулдуктарга кайрылып, убактылуу каттоого турууга милдеттүү. Убактылуу каттоо эң көп дегенде 3 жылга чейинки мөөнөткө болушу мүмкүн, андан көп кала турган болсоң туруктуу жашоо үчүн (ПМЖ - постоянное место жительства) каттоого турушуң керек. Бирок мыйзамды ким карайт? «Консулдуктардан эмне пайда?» деген түшүнүк менен керек болмоюнча жүрө беребиз да. Бир чети консулдуктар да анча элди каттап алып алардын жоопкерчилигин жүктөп алгысы келбейт. «Ошондуктан консулдук каттоо боюнча жобого каттоого алууга мүмкүн болбогондой чектөөлөрдү киргизип алышкан» деп өткөн макалада жазып, жакын арада жаңы жобо ишке кирерине ишеничибизди билдирдик эле.

Консулдук каттоо жөнүндө элчиликтердин түшүндүрмөлөрүн бул шилтемелерден көрсөңүздөр болот:

Ушунчасы жетиштүү болсо керек, калганын кызыккандар өзүлөрү жүргөн өлкөдөгү элчиликтердин баракчаларынан карап алсын.

«Эмнеге мунун баарын бажырайттың?» десеңиз - эң кызыгы, бир эле жободон ар башка өлкөдөгү элчилик ар кандай тыянак чыгарып, консулдук каттоонун эрежелеринин кээ бирин оорлоштуруп, кээ бирин жеңилдетип алганын көрсөңүз болот. «Бул кандайча болду?» дегенге миң бир түрдүү шылтоо табылса керек, бирок бул факт. Урматтуу жаңы министр жана анын командасы муну тескеп, жаңы чыга турган жобого карап, мигранттардын кызыкчылыгында чечип, консулдук каттоону жеңилдетип берет деп үмүт кылалы. Орусиядагы жана мигранттар эң көп жүргөн өлкөлөрдөгү жүз миңдеген жарандардын каттоосу жеңилдесе, консулдук каттоодогу элдин санына жараша бюджеттен каражат бөлүнүп, ТИМдин да, мигранттын да иши жеңилдейт беле деп ойлойм. Каражат көбүрөөк бөлүнсө көбүрөөк консул иштеп, көбүрөөк консулдук пункттар ачылып, мигранттын мамлекеттен кызмат көрүшү жеңилдесе баарыбыз утат элек.

Башта айтылгандай консулдук каттоо маанилүү. Жана эң көп ызы-чуу да консулдук каттоого турбаган жарандардын нааразылыгынан чыгат. Мигранттар да туура түшүнүшү керек. Кыргызстанда башка айылдын айыл өкмөтү сага тастыктама бере албаган сыяктуу эле, каттоого турбасаң консул да сага тастыктама бербей же башка кызмат көрсөтпөй коё алат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн өзүнүн жол-жобосу бар. Консулдуктар да ириде мамлекеттик мекеме болгондуктан жөн эле опуза кыла берген да туура эмес.

Бирок эң негизгиси - чет өлкөдөгү элчилер мигранттын атасы, энеси, консулдар болсо бир тууганы сыяктуу болушу керек. Элчилерди элдин атасы деген президент тандап бекитет, консулдар болсо чындап келгенде мигрант болуп калат. Алардан бир эле өзгөчөлүгү - айлыгын мамлекеттен алганы болбосо, биздей эле 2-3 жылга иштегени келген мигранттар. Ошондуктан өгөй эмес, уялаш бир туугандай боло алышыбыз керек. Бул түшүнүк эки тарапта тең болгондо чет өлкөдөгүлөр бир үй-бүлөдөй болуп жашай алабыз.

Эмки макалада консулдук кызмат акыларды талдайбыз. Жүйөлүү сын-пикирлериңизди калтыргандан тартынбаңыздар.

Айбек Сарыгулов

Мекендештер кеңешинин мүчөсү, Стамбулдагы «Кыргызстан: достук жана маданият» коомдук уюмунун ардактуу төрагасы

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (18)

XS
SM
MD
LG