Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Түркияда мигранттарды текшерүү күч алды


Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркиянын Ички иштер министрлиги быйыл 25-августтан тарта өлкөдө мыйзамсыз иштеген мигранттарды текшерүүнү күчөтөрүн маалымдады. Министрликтин сайтындагы маалымат боюнча чет өлкөлүктөрдү мыйзамсыз иштеткендер менен катар мигранттардын өздөрү да чоң айыппул төлөөгө милдеттендирилет.

Мира төрт жылдан бери Стамбул шаарында жашап, эмгектенет. Буга чейин туристтик виза жасатып туруктуу жашоого уруксат алган. Бирок акыркы бир жылдан бери визасын жаңырта албай, мыйзамсыз иштөөгө аргасыз. Мира кандайча полициянын текшерүүсүнө туш келип жатканын айтып берди:

«Стамбулдун Аксарай районунда текшерүүлөр катуу эле болуп жатат. Документтерди сурап, виза жок болсо машинеге салып, алып кетишүүдө. Мен да ошондой текшерүүгө кабылып калдым. Өзбек, түркмөн, кыргыз деп тандабай баарын катарынан текшерип жатышат».

Түркиянын Ички иштер министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, 25-августтан тартып өлкөдө чет өлкөлүк мигранттар катуу текшериле баштайт.

Министрлик бул убакытка чейин жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу документи мыйзамсыз болгон мигранттарды эмгекке тартпоо тууралуу билдирүүлөрдү тараткан. Жаңы токтомго ылайык, эгер иш берүүчү эмгек визасы жок чет элдик жаранды иштетсе мамлекет ага ири өлчөмдө айыппул төлөтүп, мигрантты депортация кылат.

Эки жылдан бери Стамбул шаарында кийим-кече тигүүчү жайда иштеген Астранын Түркияда туруктуу жашоого уруксат берген туристтик визасы гана бар. Ал иштеген жерде бир канча чет өлкөлүк мигрант эмгектенет. Астранын айтымында иш берген кожоюн кокус текшерүү болуп калса, алдын-ала мыйзамсыз иштегендерди «качыруунун» сценарийин ойлонуп, мурдатан камынып койгон.

«Биз жумуштагылар менен сүйлөшүп, алдын-ала план түзүп койдук, - дейт ал. - «Эгер полиция текшерип келип калса түркмөн жумушчуларды ашканадан качырабыз» деп айтты, кожоюн. Менин туристтик визам бар, андыктан «сен коркпо» деди. Негизи сириялыктарга карата уюшулган текшерүүлөр болгону менен, чет өлкөлүктөрдүн баары эле текшерилип жатат. Өзгөчө текстилде иштегендерди карашат экен. Мени менен иштеген өзбек кыз текшерүүдөн жана депортациядан коркуп Өзбекстанга кетип калды».

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу 10-июнда алты ай ичинде өлкөдө коомдук тартип жана коопсуздук боюнча чара көрүлөрүн, мыйзамсыз иштеген чет өлкөлүктөр катуу текшерилерин айткан. Министр негизинен бул иш-аракет сириялык качкындарга карата операция болгону менен Түркиядагы бардык чет өлкөлүктөргө тиешелүү болорун баса белгилеген. Учурда Түркияда 3,5 миллионго жакын сириялык качкындар баш калкалап келет.

Мигранттар боюнча серепчи Мурат Эршахин чет өлкөлүк мигранттарды текшерүү күч алганын, өлкөдө мигранттардын кылмыш ишине аралашуусу күчөп, эмгек визасын алуу жараяны татаалдашканы жана Түркиядагы качкындардын саны көбөйүп жатканы менен түшүндүрдү:

Мурат Эршахин.
Мурат Эршахин.

«Чынында бул текшерүүлөр сириялык качкындарды бир тартипке келтирүү үчүн башталган. Бирок соңку жылдары Ооганстандан, Пакистандан, Банглдештен мыйзамсыз жолдор менен Түркияга кирип иштеп жаткандардын саны өскөн сайын, Ички иштер министрлиги бардык мигранттарды толугу менен текшерүүгө өттү. Өзгөчө мигранттар киши өлтүрүү, уурулук, баңгизаттарды колдонуу сыяктуу кылмыш иштерине аралаша баштады. Полиция мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү дароо өлкөлөрүнө депортациялап, аларды ишке алган жергиликтүүлөр 3000 доллардан ашык суммада айыппул төлөөгө милдеттендирилет. Бирок Түркияда чет өлкөлүктөрдүн эмгек визасын алуу жараяны өтө татаал болгондуктан мигранттар туристтик виза менен аз айлыкка иштөөгө мажбур. Түрк өкмөтү өлкөдө саны ай сайын өсүп бараткан чет өлкөлүктөрдүн санын токтотуп, көзөмөлдү күчөтүүнү көздөп жатканы чет өлкөлүктөрдү коркута баштады».

Түркиянын «Чет өлкөлүктөр жана эл аралык коргоо жөнүндө» мыйзамына ылайык бул өлкөдө визасыз жүрүү мөөнөтү өткөн, расмий каттоосу же эмгек визасы жок чет өлкөлүк жарандар өлкөдөн чыгарылат жана айыпка жыгылат. 2014-жылы кайра иштелип чыккан бул мыйзам Түркияда чет өлкөлүктөргө туруктуу жашоого уруксат алуу жолун жеңилдеткен.

Түркияда 2018-жылы 787 миңден ашык чет өлкөлүк жаран расмий катталган. Алардын 383 миңи кыска мөөнөттүү туристтик виза менен иштеп жатат.

2018-жылы Түркияда 30 миңден ашык кыргызстандык жаран катталган. Алардын 9 миңден ашыгы эмгек визасы менен иштейт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG