Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:39

Мигрантты колдобогон консулдуктар


«Мекендештер» форумунун катышуучулары. Август, 2019-жыл.

Миграция жана мекендештер маселеси эми мамлекеттин эле эмес, жалпы кыргыз коомчулугунун маселесине айланганын баарыбыз көрүп, сезип турабыз.

Мекендештер, мигранттар, сырттан табылган акча маселеси акыркы жылдары саясаттан кийин эле орчундуу тема катары талкууга түшүп келет.

Бирок бул тема коомчулуктун назарында маселеден маселеге өтүп бир түрдүү терең изилденбей келет. 2012-жылы экс-президент Роза Исаковна эжекебиз маселени тереңдеп түшүнүүгө аракет кылып, «Мекендештер» форумун уюштуруп, иш баштагандан бери мамлекет бул маселеге жакшыраак көңүл бура баштады. Көнүл бурбаганга да айласы жок, анткени:

  • Дүйнөдө ар кыл себептерден улам миграция маселеси эң башкы орунга чыкты жана Бириккен Улуттар Уюму да бул маселеге атайын бюджет бөлүп, өзүнүн Миграция боюнча уюмуна орчундуу иштерди тапшырды.
  • Кыргыз Республикасынын эмгекке жөндөмдүү калкынын (Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча 3655000 киши) эң эле аз дегенде 20-25%, башкача айтканда 700-800 миң эмгекке жөндөмдүү киши чет өлкөлөрдө миграцияда.
  • Мигранттардын которгон акчасы өлкөдөгү накталай каражат катары экономиканын казанын кайнатып, дүйнөдө башталган экономикалык регрессиядан Кыргызстандын бир аз оолак калышына шарт түзүүдө.
  • Ар кыл себептерге байланыштуу өкмөттүн кыска жана узак мөөнөтүү иш-аракеттери жеткиликтүү пайда алып келе албай, өлкөдө жумушсуздук ооздукталбай жатат.
  • Коомчулуктагы өз ара атаандашуу, тез арада байып кетүү ышкысы, «чет өлкөлөрдө жеңил оокат таап тез арада ирденип кетем» деген туура эмес калыптанып жаткан пикирлер бир түрдүү колго алынып талданбай, миграциянын күчөшүнө түрткү берүүдө.

Мына ушуга окшогон себептерге байланыштуу мамлекет мындан ары ички жана сырткы миграцияга азыркыдан да көбүрөөк көңүл бурууга милдетүү жана мажбур. Бирок коомчулук бардык нерсени мамлекетке жүктөбөй, өзү да маселени туура түшүнүүгө аракет кылбаса мамлекеттин колунан эч нерсе келбей турганы анык.

Миграция жана мекендештер маселеси эми мамлекеттин эле эмес, жалпы кыргыз коомчулугунун да маселесине айланганын баарыбыз көрүп, сезип эле турабыз. Башында айтылгандай, миграция маселесинде көйгөйлөр терең изилденбегенине байланыштуу аларды чечүү жолунда иш үстүртөн жүрүп, кээде алар тескерисинче ырбап да кетип жатат.

Ушундан улам көп жылдардан бери диаспора жетектеп, ар түрдүү чогулуштарга катышып жүрүп бир аз дасыктым жана бул маселе боюнча ойлорумду коомчулук менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Бул менин биринчи макалам жана келечекте мүмкүнчүлүккө жараша миграция жана мекендештер боюнча ар кыл темаларда бөлөк-бөлөк талдоо жасап бөлүшкүм келет. 27 жылдан бери Түркия мамлекетинде жашаганыма байланыштуу менталитетим жана тилим бир аз башкача келиши мүмкүн. Ошого байланыштуу кээ бир каталарымды кечирип, маселенин маңызына көңүл бурууңуздарды суранам.

Мигранттардын көйгөйлөрүнүн эң орчундуусу болгон консулдук кызматтар боюнча маселеге өтөйүн. Чет өлкөлөрдө кыргыз жарандарынын укуктарын коргоп, таламын талаша турган жана мамлекеттик кызматтарды сунуш кылган жападан-жалгыз мамлекеттик мекеме - бул консулдуктар. Консулдуктар элчиликтер менен башкы консулдуктардын карамагында иш алып барат жана Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) менен анын астындагы Консулдук кызмат департаментине байланган. Консулдуктар боюнча жобону бул шилтемеден тапсаңар болот http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/4634 (кыргызча), http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/4634 (орусча). Бул шилтемелерди эки тилде тең карап чыгууну сунуш кылам, анткени кыргызчасы купулума толбоду.

Бул жобонун 10-пунктуна ылайык консулдардын эң негизги милдеттеринин бири - кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо. Бирок иш жүзүндө консулдуктар көбүнесе өзүлөрүн ТИМдин гана өкүлчүлүгү катары көрөт жана жарандарга мамлекеттик кызмат сунуш кылууда тек бир тараптуу гана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөйт. Кыргыз Республикасында жарандардын таламын талаша турган расмий жана расмий эмес мекемелер бар, бирок чет өлкөдө консулдук гана кыргыз жарандарынын укуктарын коргоп, кызыкчылыктарын көздөй алат. Айтайын дегеним консулдар бир тараптуу мамлекеттин гана кызыкчылыгында иш алып барбай, өз жоопкерчилигиндеги жарандардын да ар түрдүү кызыкчылыгын көздөй алышы керек – албетте, эгерде бул кызыкчылыктар мамлекеттин негизги кызыкчылыктарына каршы чыкпай турган болсо. Жарандар негизинен мамлекеттен тез, арзан жана оңой кызмат алууну каалай турганын көңүлгө алсак, консулдуктар өзүлөрү сунуш кылган мамлекеттик кызматтарды мүмкүн болушунча арзандатууга жана жөнөкөйлөштүрүүгө кызыкчылыгы болушу керек. Иш жүзүндө мамлекет менен мигрант-мекендештердин арасында тең ортомчу боло турган консулдуктар мамлекеттин маңдайында дүлөй жана тилсиз болуп жатат.

1-2-августта өткөн Мекендештер кеңешинин биринчи жыйынында уккандарыма таянсак, ТИМ азыр чет өлкөлөрдө консулдук каттоо боюнча жобого өзгөртүүлөрдү киргизиш үчүн иш баштап, жобонун долбоорун министрлердин кол коюусуна чыгарыптыр. Ушул жаңылык жана 29-июлдан тартып консулдук каттоо акысынын жокко чыгарылганы мени өтө сүйүндүрдү. Консулдук кызмат департаментинин башчылары жана министрдин кеңешчиси менен маектешкенден кийин чындап эле жаңы министр жаңыча иш баштап жаткан экен, мигрант-мекендештерге мамиле өзгөргөнү калганбы деген ой кетти. Бул жобо өтө маанилүү. Анткени консулдук каттоого турган жарандар гана толук түрдө консулдуктун жоопкерчилигине өткөн болуп саналат. Консулдук каттоодо болгон жарандар гана толук түрдө мамлекеттик кызматтарды консулдуктардан талап кылып ала алат. Эң негизгиси - жарандар эң башкы шайлоо укугун жалгыз гана консулдук каттоого турганда гана колдоно алат. Саясатташып кеткен кыргыз коомчулугу үчүн бул орчундуу маселе. «Эмне, бүгүнкүгө чейин консулдук каттоо мүмкүн эмес беле?» деген суроого жооп: мүмкүн, бирок оор болчу. Азыркы маалдагы консулдук каттоо боюнча жобо: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/95446 (кыргызча), http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/95446 (орусча). Эки тилде берип жатам, анткени Юстиция министрлигинде отурган «киргиздер» аман эле болсун, кыргызчасын эч түшүнбөгөндөй кылып которушуптур.

Эң негизгиси - бул жобонун 14-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацына жана башка чектөөлөргө таянып консулдук жарандарды каттоого албай койчу эле. Мунун себептери:

  • Жарандар жеке өзү барып кайрылышы керек, бул болсо миграцияда, жумуштан убакыт таба албай жүргөн жаран үчүн өтө эле оор жана керексиз талап.
  • Жарандар чет өлкөгө мыйзамдуу киргенин жана мыйзамдуу жашап жатканын далилдеш керек. Мыйзамдуу киргенин далилдеген күндө да мыйзамдуу иштеп, мыйзамдуу жашап жатканын далилдеш оор. Анткени мигранттарды жумушка алгандар көбүнесе муну расмий түрдө кылышпайт, талап кылсаң ишиңди жоготосуң. Ошондой эле нерсе мыйзамдуу жашаганыңды далилдөөдө да бар, анткени жашаган жер берген адам да муну расмий тастыктабайт.
  • Виза же каттоо мөөнөтүн өткөрүп жиберген, чет өлкөдө мыйзамсыз түрдө жүргөн жаран эч бир кагаз алып келе албайт.
  • Кыргыз жарандыгынан чыкпай туруп башка өлкөнүн жарандыгын алган, бирок кыргыз жарандыгы боюнча укуктарын колдонуп, мамлекеттик кызмат алгысы келгендер каттоого тура алчу эмес. Анткени консулдук сураган кагаздарды алып келе алышпайт.

Жогоруда айтылгандай, эгер консулдук каттооң жок болсо консулдуктун жоопкерчилигинде эмессиң, кааласа сени эшиктин сыртына чыгарып коё алат. Консулдук каттооң жок болсо - паспортуңдун мөөнөтү бүтсө алмаштыра албайсың, үйлөнө албайсың, балаң төрөлсө күбөлүк ала албайсың, нотариалдык кызматтардан колдоно албайсың, шайлоого катыша албайсың, башкача айтканда эң негизги кызматтардан пайдалана албайсың.

Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин консулдуктарга нааразылык көп, жарандар консулдарды «тандамал түрдө кызмат кылат» деп, «ортодо башкача бир туңгуюк иштер жүрүп жатат» деп жамандап келет. Тааныш-билиштерди убактылуу каттого алып иш алып баруу консулдуктарда көнүмүш адатка айланганы айдан ачык. Болбосо нааразылык өтө эле көп болуп кетет эле.

Ошондуктан айтылган жобого өзгөртүүлөрдү эки-үч жылдан бери талап кылып келебиз. Бизге айтылганына караганда, жаңы жобо боюнча өтө көп жеңилдиктер болчудай. Эң негизгиси - консулдук каттого туруу билдирүү түрүндө (в заявительном порядке) болот имиш жана жеке өзүң убакыт коротуп эки-үч жолу барып отурбай, акырында эле бир барасың же өзгөчө почта аркылуу болорун айтышты. Чыдамсыздык менен күтүп жатабыз жана бул жаңыланган жобонун тез арада ишке киришин жыйналышта урматтуу президентибизден да өтүндүк.

Ушуну менен биринчи катымды аяктап жатып кийинки каттарымда балдардын паспорттору, консулдуктар сунуш кылган мамлекеттик кызматтардын акылары, мигранттардын шайлоо укуктары, өлкөгө кайтуу кагазы (СВР), паспорт жаңылоо, мамлекеттик кагаздардын легилизациясы, консулдуктардын саны жана сапаты, диаспоралар менен мамлекеттин кызматташуусунда консулдуктардын орду, тышкы миграцияда жумушка орноштуруудагы мүчүлүштүктөр, Мекендештер кенешинин иши жана башка да бир топ маселелерди талдай кетмекчимин.

Айбек Сарыгулов

Мекендештер кеңешинин мүчөсү, Стамбулдагы «Кыргызстан: достук жана маданият» коомдук уюмунун ардактуу төрагасы

(Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (27)

XS
SM
MD
LG