Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Түркия: консулдук төлөмгө нааразы мигранттар


Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Түркиядагы кыргыз жарандарынын консулдук төлөмдөрдү азайтууга байланыштуу суроо-талаптары социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат. Алар жаңы паспорт жана балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк үчүн төлөнчү акы көп дешет.

Түркиянын Гази университетинин магистранты Мырзахит Мырзаев социалдык тармактар аркылуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылды. Ал Анкарадагы элчиликтин консулдук кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөмдөр өтө эле көп экенин айтып чыкты. Ал бир ай мурун жаңы төрөлгөн уулуна туулгандыгы тууралуу күбөлүк алыш үчүн элчиликке кайрылган экен.

«Элчиликке уулума күбөлүк алыш үчүн 53 доллар төлөдүм, - дейт ал. - Ушул төлөмдөр өтө кымбат деген ойдо Тышкы иштер министрлигине кайрылгам. Анткени магистранттар, докторанттар үй-бүлө куруп, балалуу болсок сөзсүз элчиликтен каттоодон өтүшүбүз керек. Бирок ушул төлөмдөрдү студенттерге арзандатып коюшса деген тилек бар болчу. Өзгөчө мага окшоп башка шаардан Анкарага келгендерге өтө оор болуп калат экен. Консулдук төлөмдөрдүн жеңилдетилген системасы болсо кыргызстандыктарга жакшы болмок. Түркияда доллардын наркы көтөрүлүп кеткенин эске алсак, документ алыш үчүн чоң сумма төлөп калып жатабыз».

Консулдуктун көрсөткөн кызматы үчүн төлөмдөр тууралуу Анкарадагы элчиликке кайрылганыбызда консул Чыңгыз Абрахманов төлөмдөр 2017-жылы бекитилгенин билдирди. Ошондой эле ал айрым учурда материалдык абалына жараша элчиликке арыз менен кайрылган жарандарга жеңилдиктер караларын да кошумчалады.

Түркиянын мыйзамдарына ылайык бул өлкөдө төрөлгөн чет элдик жарандардын балдарына түрк жарандыгы берилбейт. Ымыркай төрөлгөндөн кийин 15 күн ичинде тийиштүү мекемелерден расмий каттоодон өтүп, ата-энесинин Түркиядагы макамына ылайык бул өлкөдө жашоого уруксат визасы алынууга тийиш.

Расмий каттоодон өтүш үчүн жаңы төрөлгөн баланын өз өлкөсүнүн элчилиги тарабынан туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана паспорту болушу керек.

Үч ай мурун кыздуу болгон Мирлан Кожомбаев Стамбулдагы башкы консулдуктан ымыркайына кантип паспорт алганын айтып берди.

«Кызым төрөлгөндө дароо жергиликтүү каттоо бөлүмүнө барып, төрөлгөндүгү тууралуу документтерге кол койдуртуп алдым. Аны кыргыз тилине котортуп, нотариустан тастыкташ керек. Ошол документтердин баарын чогултуп алып, башкы консулдукка барсам «банкка 25 доллар төлөп кел» дешти. Ошол эле күнү жасап беришти. Жаңы төрөлгөн кызыма паспортко документтерди тапшырдым. Анын да төлөмдөрүн толугу менен бердим. Эки айда келет дешкен, бирок бир айда эле келип калды».

Мирлан Кожомбаев Түркияда эмгек визасы менен иштегендиктен анын аялы жана төрөлгөн кызы да туруктуу жашоого уруксат алышат. Жаңы төрөлгөн чет өлкөлүк ымыркайга виза алуу жараянында Түркиянын миграция департаменти төлөмдөрдү 50 пайызга азайтат. Ал үчүн чет өлкөлүк ата-эне Түркияда мыйзамдуу негизде жүргөн мигрант же студент болушу керек.

20 жылдан бери Стамбулда жашап жаткан Айбек Сарыгулов - үч кыз, бир уулдун атасы. Айбек Сарыгулов Түркиядагы кыргыздардын коомдук уюмунун жетекчиси катары консулдук төлөмдөрдү азайтуу жагын караштырууну өтүнүп Кыргызстандын жогорку мекемелерине жыл сайын кайрылат. Ал ушул айдын башында Бишкекте өткөн «Мекендештер кеңешинде» президент Сооронбай Жээнбековго да бул тууралуу айткан.

«Мага акыркы жолу «Антимонополдук комитет бюджетке акча түшпөй калат» деген, ошондуктан каршы чыгат. «Азырынча төлөмдөрдү түшүрө албайбыз» дешкен. Бирок азыр Консулдук кызматтар департаменти ушул жагдайларды карап жатканын билдирди. Учурда жаңы министр дал ушул төлөмдөрдү кайрадан карап чыгууга көрсөтмө бериптир. Өзгөчө студенттерге кызматтардын акысын кыйла жеңилдетүү каралган экен. Бирок бул Тышкы иштер министрлиги гана жасай турган иш эмес экен».

Түркияда бала-чакалуу болгон кыргызстандыктар жыл сайын көбөйүүдө. Консулдук төлөмдөрдүн кымбаттыгынан улам күбөлүк албай, каттоосу жана визасы жок чоңоюп жаткандар да кездешет.

2018-жылы Түркияда 1 миллион 300 миңге жакын чет өлкөлүк ымыркай төрөлгөн. Булардын канчасы Кыргызстандын жараны экени тууралуу так маалымат жок.

Түркияда 25 миңден ашык кыргызстандык расмий катталган. Алардын дээрлиги эмгек мигранттары. Кыргызстандыктар негизинен Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу шаарларда жашап эмгектенишет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG